Зайнидин Курманов: Эгер мыйзам долбоору азыркы вариантында парламенттен өтүп, аны Конституциялык палата жактырса, анда кызматтагы президент мыйзамды бузуудан же дагы башка туура эмес иш жасоодон оолак болот. Президент кызматка киришкенден тарта мыйзам чегинде гана иш жүргүзүүгө даяр болушу керек.
Дүйнөдө парламенттик башкаруудагы кайсы гана мамлекет болбосун, алардын президенти жана премьер-министрлери кандайдыр бир укук бузууга барса, кызматтык мөөнөтү бүткөндөн кийин качан болбосун жооп берерин билишет. Маселен, Франциянын экс-президенттери Николя Саркози менен Жак Ширакты карагыла. Бул - коррупцияга каршы, баарын тең салмактап туруучу фактор.
"Азаттык": Кыргызстандын жогорку бийлигинин айрым өкүлдөрү, эксперттер биз сыяктуу парламенттик башкаруу телчигип келаткан өлкөлөрдө экс-президенттин кол тийбестиги – бийликти демократиялуу жол менен өткөрүүгө кепилдик берет деп ынандырып жатышпайбы?
Зайнидин Курманов: Жок, мен андай ойго кошулбайм. Анткени Конституцияда “президенттин мөөнөтү алты жыл” деп жазылып турат. Анын кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү жок. Анда парламентаризмге эмне тоскоолдук жаратмак эле?
Эгер президент өз компетенциясын сактап, тапшырылган ишти абийирдүүлүк менен аткарса, парламентаризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болот. Эгер президент мыйзамды бузуп, кылмыштуу ишке барып, өзүнө байлык топтосо – эртедир-кечтир укук коргоо органдарынын кайырмагына илинерин билиши керек.
Андыктан кол тийбестикти алып салуу, тескерисинче, ар бир президенттин алдына мамлекетке жана элге кызмат кылыш керек деген чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Эч бир өлкөдө президенттер абсолюттук кол тийбестикке ээ эмес.
“Азаттык”: Экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу маселе эмне үчүн азыр көтөрүлүп жатат? Айрымдар муну саясий оппонентке каршы курал десе, дагы бирөөлөр эмоционалдуу кадам деп жатат.
Зайнидин Курманов: Эртеби-кечпи биз баары бир аны жасамакпыз. Конституциялык укукту калыбына келтирип, Баш мыйзамды декларативдик эмес, чыныгы документке айлантууну канчалык эрте баштасак, ошончолук жакшы. Ага мезгил жетти. Конституцияны толук аткаруу үчүн бизге дагы канча убакыт керек? Анда эмнеге Баш мыйзамга “Кыргызстандын бардык жарандары мыйзам алдында бирдей” деп жазылып турат?
Жоопкерчиликтен качкан лидер бийликке келбесин. Кыргызстан үчүн болгон күчүн жумшап, мыйзамды сактап иштейм деген киши мамлекетти башкарсын.
Эмне үчүн жарандардын кайсы бир тобу өзгөчө болушу керек? Саясий ишмердүүлүк менен алектенүү үчүн президент белгилүү бир иммунитетке ээ, депутаттар кайсы бир кепилдикке ээ. Анткени саясий билдирүүлөрү, ишмердиги, демилгелери үчүн оппоненттеринин чабуулуна кабылбасын деп кызматта турганда гана кол тийбестик берилет. Анткени саясатта популярдуу жана популярдуу эмес чаралар бар.
Бирок демократиялык мамлекетте мындай иммунитет бир дагы президентке же премьерге уурдоого, мыйзамды бузууга, оппозицияны жок кылууга, дагы ушул сыяктуу иштерди жасоого жол бербейт. Мыйзам алардын саясий ишмердигин гана коргойт. Конституциянын маңызы ушунда. Бул кызматта турган адамга саясий укуктарын коргоого жана кызматтык милдетин аткарууга гана шарт түзөт.
Бийликтеги адам кызматтан кетээри менен ал иммунитет жоюлат. Анан өз кылганы үчүн жооп берүүгө туура келет. Мунун логикасы, мааниси ушунда.
Андыктан биз Конституцияны толук ишке киргизели. Биздин Баш мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл болду. Эми ушул маселеге келгенде ордубуздан жыла албай турабыз. “Ал эми биздин коңшуларда мындай” деп баш жаңсайбыз. Бул жараянда коңшулар бизге үлгү боло албайт. Алардагы саясий режим биздикинен бир топ айырмаланат. Бизде салыштырмалуу либералдуу жана демократиялуу режим.
Мына азыр болуп жаткан иштерди мен “конституциялык талаага кайтып келүү аракети” деп карайм. Албетте, процесс татаал, карама-каршылыктуу өтүүдө. Бирок бул Конституциянын толук кандуулугу үчүн жасала турган зарылдык.
"Азаттык": Сиз бул жерде экс-президентке каршы кандайдыр бир саясий жүйөнү көргөн жоксуз жана эч кандай саясат жок деп эсептейсизби?
Зайнидин Курманов: Жок, мен аны көрбөй эле турам. Экс-президент тууралуу айтсам. Ал жоопкерчиликке тартылбайбы? Ал Конституцияны бузган жокпу? Бийликти узурпация кылган жокпу? Өзүнө байлык топтогон жокпу? Бул суроолорго жооп табуу үчүн тиешелүү мекемелер иштешсин. Кол тийбестикти алып коюп, анын жоопкерчилигин аныкташсын.
Мыйзам бузса жооп берсин, бузбаса, бактылуу өмүр сүрсүн. Азыр ага эч ким өкүм чыгарган жери жок. Мыйзам бузулганбы же жокпу – такташсын. Ал эми кандай мыйзам бузуулар болгонун өзүңөр жакшы билесиңер. Экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү кандай башкарганын баарыбыз көрдүк, эл сокур эмес. Биз демократиялык коомдо жашагандыктан, мыйзамга таянып иш кылышыбыз керек.
Ал өлкөнү кантип өзүм билемдикке салып башкарганын интервьюларында айтып жатпайбы. Мыйзамды бузуп, саясий буюртмаларды уюштурганын өз оозу менен айтып жатпайбы. Ал күнөөсүн мойнуна алып, “ооба, мен айыптуумун” деп атпайбы. Андыктан маселеге кайрылып, аны чечүү зарылдыгын жаратууда.
"Конституцияны жана мыйзамды бузбайм" деп ант берген президент анын каалагандай бузган турбайбы. Кандай гана мыйзам нормасы болбосун ал дисциплинардык ролду ойнойт. Саясий элита, президент, министрлер бардыгы тең мыйзам бузулса, ал үчүн жоопкерчилик тартары айныксыз экенин билиши абзел.
Европада жана башка өнүккөн демократиясы бар мамлекеттерде азыр биз баш оорутуп жаткан маселе жок. Анткени аларда бул эрежелер жүз жылдап сааттын жебесиндей так иштейт. Ал эми Борбор Азия үчүн гана эмес, жалпы эле пост-советтик мейкиндикте – инновация, демократияны өнүктүрүүдө жаңы кадам. Мыйзам үстөмдүгү үчүн бул чечкиндүү аракет. 30 жылдан бери аны айтып эле жүрөбүз, бирок кадам таштай албай жатпайбызбы.
Ооба, “кол тийбестик алынса, бийликтеги президент кийинки жоопкерчиликтен коркуп эч нерсе жасабайт” дечүлөр четтен чыгат. Албетте, андай кооптонуу бар. Бирок кол куушуруп отурган президенттин кереги барбы? Жоопкерчиликтен качкан лидер бийликке келбесин. Кыргызстан үчүн болгон күчүн жумшап, мыйзамды сактап иштейм деген киши мамлекетти башкарсын. Бийликтин маңызы ушундай. Бийлик – жоопкерчилик.
Азыр депутаттар көтөрүп жаткан маселе буга чейин чечилген. Бир нече жыл мурун эле кол тийбестик макамы жоюлган. Андан кийин жаңы Конституция кабыл алынган, бирок кол тийбестик жөнүндө мыйзам өзгөрүлбөй калган. Андыктан укуктук чалкештик келип чыккан.
10 жыл мурунку жараян аягына чыкпай калган, эми ошону бүтүрүүгө туура келип жатат. Юристтер да иммунитет бар-жогун талашып жатышат. Конституциялык палата болсо жарым-жартылай чечим чыгарды. Парламент Конституциялык палатанын талабын аткарып жатат. Ал жерде бул иш Атамбаевге каршыбы же жокпу деген маселе жок. Парламент өз милдетин аткарып жатат.