Тепсендиде калган 500 тонна тамак
Орусия 500 тонна азык-түлүктү тебелетип таштаганын "Ведомости" интернет басылмасы жазды. Орусия бир жыл мурун Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына жооп катары ал өлкөлөрдөн келген азык-түлүккө эмбарго киргизген. Европа Биримдиги, АКШ, Канада, Норвегия жана Австралиядан келген эт-сүт азыктарын жана жашылча-жемиштерди Орусияга киргизүүгө тыюу салынган. 29-июлда президент Владимир Путин Орусияда кармалган импорт азык-түлүктү жок кылуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Орусияда 6-августтан бери 500 тоннага жакын тамак-аш жок кылынган. Алардын 480 тоннасы жер-жемиш, 41 тоннасы эт-сүт азыктары.
Казакстан Орусиядан озду
Казакстан ички дүң өнүмү боюнча Орусиядан озуп кеткенин Лента.ру басылмасы белгиледи. 2015-жылы Казакстандын ички дүң өнүмү калктын жан башына 12,4 миң долларды түзсө, Орусияныкы 11,9 миң долларды түзмөкчү. Тарыхта биринчи жолу Орусия ички дүң өндүрүмү боюнча мурунку совет өлкөлөрүнүн бирине жол бошотууда деп айтылат макалада. 2008-жылкы кризистен соң Орусиянын көрсөткүчү төмөндөп, Казакстанга уттура баштаган. Анткен менен, Азия өнүгүү банкы Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүү темпи төмөндөйт деп болжолдойт. Буга Орусиядагы экономикалык каатчылык жана сырьелук товарларга баанын төмөндөшү себепчи болмокчу деп айтылат макалада.
Өзбекстан "Рогунду" жактырбай турат
Чет жактан каржылоосуз Тажикстан Рогун ГЭСин куруп бүтө албай жатканын “Центральноазиатская новостная служба” кабарлады. "2009-жылы Тажикстан Рогун ГЭСин курууга каражат топтоп, курулушту ылдамдатуу үчүн жарандарына ГЭСтин акцияларын сатып алууну сунуштаган. Бирок ага карабастан, чет жактан кошумча каржылоосуз Тажикстан өз алдынча бул гидроэлектростанцияны куруп бүтө албайт" деп белгилейт Борбор Азия боюнча эксперт Брюс Паньер өз маегинде. Тажикстандагы Рогун ГЭСин каржылоого даяр инвесторлор Өзбекстандын курулушка каршы чыгып жатышынан чочулайт. Өзбек тарап жер титирөөлөр көп катталган аймакта чоң суу платинасын куруу бүтүндөй чөлкөм үчүн коркунучтуу экендигин айтып, Рогун ГЭСин курууга башынан каршы. Ошондой эле жаңы курулчу тажик ГЭСиндеги суу сактагычты толтуруу үчүн Аму дарыясындагы суунун көлөмү кыскарып, Өзбекстандын айыл чарбасына терс таасирин тийгизери дагы белгиленет макалада. Баарынан мурда өзбек тарап Дүйшөмбү Рогун ГЭСинде өндүрүлгөн электроэнерегияны Ооганстан, Пакистан жана Индияга экспорттой башташынан кооптонууда деген ой айтылат макалада. Өзбекстан Кыргызстандагы “Камбар-Ата - 1” ГЭСин курууга дагы каршы чыгып келгени белгилүү.
“Жахабанын күбөлөрү” аскерден бошотулду
Акча менен диний ишеним кыргыздарга аскерден баш тартууга жардам берерин "Независимая газета" басылмасы жазды. Макалада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жарандарга диний ишенимдери боюнча аскердик кызматтан баш тартууга жол берген мыйзамга кол койгондугу айтылат. Мыйзамдын кабыл алынышына 2013-жылы “Жахабанын күбөлөрү” диний уюмунун өлкөнүн Конституциялык палатасына кайрылуусу түрткү болгон. Эми аскерде кызмат өтөөгө, курал кармоого диний ишеними жол бербеген жарандарга 18 - 25 миң сом өлчөмүндө акча төлөп, альтернативдүү кызмат өтөөгө уруксат берилет. Бирок “Жахабанын күбөлөрү” аскерден бошотулгандардан топтолгон каражат коопсуздук боюнча мамлекеттик органга берилүүсүнө каршы чыгып, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалышын талап кылышкан. “Аскердик кызматтан баш тарткан жаран расмий түрдө каттоосу бар диний уюмда мүчөлүктө туруп, ал эми уюмдун уставында курал-жарак кармоого уруксат берилбегени жазылышы керектигин” “Кылым шамы” коомдук уюмунун укук коргоочусу Гүлшайыр Абдирасулова билдирген. Эми диний ишенимдерин негиз кылып аскердик кызматтан качкан жарандарды кантип текшерүүгө болот, деген суроо макалада көтөрүлөт.