“Алиби” гезити журналист Дайырбек Меймановдун “Саман өрттөндү десе, “Самарканд” өрттөндү болду” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрагындагы чек ара окуясынын чоо-жайын талдоого алды.
Ушул эле маселеге дагы бир журналист Жазнура Токтоболотова кайрылып саясат таануучу, аскер адиси Токтогул Какчекеевдин оюн ортого салды. Какчекеев Жети-Өгүздөгү Ак-Шыйрак ашуусунан кышында атайын чоң даярдыгы бар, жакшы куралданган адам гана өтпөсө жөн-жай адамдын өтө албастыгын, бирок малчылардын айтымында, кытайлыктар мергенчилик менен же өз кызыкчылыгы үчүн чек арадан өтүп жүрүшкөнүн белгиледи.
Какчекеев Барыкинди мууздап жатып “аллах акбар” деп кыйкырганы алардын диний экстремисттер экендиги шек туудурбастыгын, ушул айдын он бешинде Кытайда террорчулук акт болгонун, адамдар өлгөнүн, демек мына ошол террорчулукка тиешеси бар адамдар кытай бийлигинен качып чыккандар деп айтса болорун билдирди.
Политологдун байкашынча, башты айланткан диний агымдар азыркы учурда Кыргызстанды полигон кылып алганын, мына ушундайлардын айынан мурдагы жылы Стрельникова айылында атыш, спорт ордосунда, "Дордой" менен "Кара-Суу" базараларында жардыруу болгонун, Кудайды жамынып, шариятты беттерине чүмкөп алып, калп эле келме келтиримиш болгон диний агымдын өкүлдөрү Ооганстанда өз иштерин кылып келатканын, ошондуктан ар кандай динден мурда жаралган кыргыз эли өтө кыраакы, сак болбосо кыйын болуп каларын баса белгиледи.
“Фабула” гезити "чек араны жапканга жараша, аба жолдорун да жаап салалы деп депутат Ирина Карамушкина сунуш киргизсе, вице-премьер Токон Мамытов жосунсуз жоругу үчүн тажик тарап кечирим сурамайын сүйлөшүүгө барбай, көгөрүп турган кези" деп кабарлады.
Бишкекте кыргыздын мыкты уулдарынын бири Султан Ибраимовдун атын алып жүргөн чоң көчө барын, ошол азаматыбыздын аты жазылган тактада Султандын жынысы өзгөрүп, “С. Ибраимова атындагы көчө” деп жазылып турганын, муну кыргыз тил маселесине келгенде дегеле эч нерсени байкабаган Бишкек мэриясы байкабаганын, Эсеп палатасын башкарган Элмира Султановна Ибраимова карачечекей атасынын аял болуп калганын байкабаганын кулак какты кылды.
Баса, эркектери ургаачыга айланган дүйнөдөгү жападан жалгыз шаар балким Бишкек болсо керек, болбосо маршруткада келатып “Ахунбаевадан токтоп койчу, же Бөкөнбаевадан түшүрүп койчу, Медеравага келдик” деп тантып сүйлөп калбайт элек го.
Ак-Шыйрактагы окуяга “Фабула” гезити да кайрылып, Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасынын орунбасары, полковник Таалайбек Усубалиевдин маегин тартуулады.
25-январда Караколдогу оорукананын моргуна Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү келип, чек араны бузуп кирген кылмышкерлер уйгур сепаратисттери экендигин аныкташканын, бүгүнкү күндө Ак-Шыйрак тозотунда штат боюнча 25 адам барын, чек араны бузуп өтүүгө мажбур болгон адам, өз өлкөсүнө батпай калган учурда гана ушундай кылмышка барарын, уйгур сепаратисттери Кайчы ашуусу аркылуу өтүшкөнүн, анткени ашууда кар жоктугун, алар так ушул жер менен өтүп келишкенин айтып берди.
Учурда элибизге кайрадан кайрылып келген “Кара Жорго” бийи тууралуу кызыктуу баянды бийдин демөөрчүсү Болотбек Дыйканбаев, бий тобунун жетекчиси Кубанычбек Эсенбаев жана топтун бир катар мүчөлөрү кеп салып берди.