“Эгемен” гезити журналист Аида Касымалиеванын “Качкан президенттер кечирим сурабайт, биз кечирели” деген макаласын тартуулады. Ушунун эле катарына “Кыргызды аракка уулаган Шаки” деген макала басылды. Макалада “Аю” компаниясынын башчысы Шаршенбек Абдыкеримов жөнүндө сөз болот. Аталган гезит “Парламенттеги коррупционер депутаттарды жарыялайбыз” деген рубриканын алдында “Миллиондорду мамлекет казынасынан “буруп” кеткен Исках Пирматовдун депутат болушу туурабы?” деген макала жарыялады. Ушул эле санга саясатчы Бектур Асановдун “Республика-Ата Журт” эч качан оппозиция боло албайт” деген маегине орун берди. Саясатчы маегинде азыркы кырдаалды 2009-жылдын күзү менен салыштырарын, анда Бакиев шайлоону утуп дардаңдап турганын, бул шайлоону ал “кылым аферасы” деп атаарын, “Республика Ата Журт” эч качан оппозиция боло албасын, болгон да эместигин, “Ата Мекен” партиясына эл ишенбей калгандыктан шайлоода аз добуш алганын, Темир Сариев өкмөтү тартып кете албастыгын айтты.
“Азия ньюс” гезити журналист Сабыр Муканбетовдун “Учур талабына Темир Сариев ыңгайлуу болуп турат” деген маеги менен бүгүнкү санын ачты. Ал, өлкө өз алдынча мамлекет болгон 25 жылдык тарыхында биринчи жолу шайлоо ызы-чуусуз тынч өткөнүн, бул деген өлкөдө стабилдүүлүктүн орногонунан, эл тополоңдон, бийликти басып алуудан тажаганынан кабар берерин, анын үстүнө өлкөнүн өнүгүшү үчүн туруктуулук керек экендигин эл да, бийлик да түшүнгөнүн, Жээнбековдун спикер, Сариевдин өкмөт башчысы болуп калышы ушуга байланыштуу болуп жатканын, бизде парламенттик-президенттик система экендигин, Алмазбек Атамбаевдин жеке аракеттери, ишмердүүлүгү, кадыр-баркынын аркасында президенттик институттун кадыр-баркы өсүп жаткандыгын танууга болбой тургандыгын, биз мындан ары барга каниет кылып, жокко кайыл болуп жашашыбыз керектигин кеп кылды.
Ушул эле гезит коомдук ишмер, юрист жана журналист Бабырбек Жээнбековдун “Фарид Ниязов менен мамилем түз, спикердин дараметин билебиз” деген, “Доллардын курсу 100 сомго жетеби?” деген, АКШ “Манаска” кайра келеби?” деген, “Мамлекет чек арачыларга олуттуу көңүл бурууда” деген, ”Кыргызстанга мамиле башкача боло баштагын байкадык” деген макала, маектерди басты.
“ПолитКлиника” гезити Бишкектеги 38-мектеп менен спорт мектебинин ортосундагы окуяга байланыштуу ушу күндө камалып жаткан балдардын ата-энелери Кочкордон Зейне Жакшылыкова, Лира Жапарова, Токтогулдан Зууракан Маматказиева, Бакытбек Керимкулов, Таластан Тахмина Шадыбекованын президент Алмазбек Атамбаевге “Шаарда жашагандардын балдарын кое берип, айылдагылардын балдарын камап коюшту” деген аталыштагы кайрылуу катын басты. Каттын аягы: “Урматтуу президент! Окуяны өз көзөмөлүңүзгө алып, балдарыбызды сотко чейин үй камагына чыгарып, андан кийин кесип же камап жиберип, энелерди сыздатып, көз жашыбызды агызбай, акыйкат чечим кабыл алууга көмөкчү болот деп ишенебиз. Албетте балдарыбыз үчүн кечирим сурайбыз!” деп жазылган.
“Асман плюс “ гезити “Бир ырдын тарыхы” деген рубриканын алдында сөзүн акын Жолдошбек Бузурманкулов, обонун Жекшен Тагаев жазып, ырдаганын Түгөлбай Казаков ырдап чыгып элге тарап кетип, элдин сүйүүсүнө арызган атактуу “Илиястын ырынын” тарыхын жазып чыкты. Жолдошбек Бузурманкулов Түгөлбайдын өтүнүчү менен ушул ырын жазып бергенден 12 жыл өткөндөн кийин телевизордон Түгөлбайдын ырдап чыкканын угуп, ошондон баштап “Ии, бул ырдын обонун Түгөлбай чыгарган турбайбы” деп, сурагандарга “Түгөлбайдын ыры” деп келгенин, кийин Түгөлбайдын өзүнөн сураса ыр деген Жекшен Тагаев деген сүрөтчүнүкү болорун айтканын, бүгүн эми сөзүн жазган өзү 70 жашты көздөй кетип баратса, обонун жазган Жекшен Тагаев 60ка чыгып, ырды жумурай журтка белгилүү кылган Түгөлбай Казаков 64кө чыкканын, ырды жараткан адамдар карыган менен ыр деген эч качан карыбай тургандыгын, атактуу Чыңгыз Айтматовдун махабаттуу баяны боюнча жазылган “Илиястын ыры” кылым карыткан менен өзү эч качан карыбастан мындан ары да жашай берерин жазып чыкты.