"Вечерний Бишкек" басылмасы ушуга улай эле Социалдык фонддун сурануусу боюнча персоналдык пенсионерлердин пенсияларынан тышкары судьяларга ай сайын төлөнүүчү айлыктар тууралуу да талкуу болуп, Жогорку Кеңештин комитетинде каралганын, бирок добуш берүүгө кезек келгенде депутаттар иш жүзүндө судьялардын жеңилдигин жоюш керек, деп канча ирет айтып чыгышканы менен, иш жүзүндө алардын жеңилдиктерин жоюуга эрки жетпегенин, азыркы күндө эң көп пенсияны судьялар алышарын, ага кошумча 15 жыл иштесе пенсиясы бир жарым эсеге, 25 жыл иштесе 2 жарым эсеге көбөйтүлүп турарын, Социалдык фондон судьялар үчүн ай сайын оңбогондой акча кетерин жазып чыкты. Эми бул маселеге жаңы шайланган депутаттар да кайрылып көрмөкчү.
Элвира Темирдин “КСДП качан союздаштарын чакырат?” деген макаласында Борбордук шайлоо комиссиясы 20-октябрда парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарганы турганын, андан кийин депутаттык значоктор тапшырылары менен жаңы парламент ишин баштарын жазды. Автор бул ирет аз мандат алган партиялар көп мандаттууларга көз каранды болорун, эң көп мандаты бар жана чачылып кетпей турган биримдиктүү фракция КСДП экендигин, көпчүлүк коалицияга киргиси келген башка фракциялар ушул фракциянын каалоосуна жараша иш кыларын белгиледи.
“Көк асаба” гезити экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин “Пара бербеген адамды да, пара берген адамды да келесоодой кабыл алышат” деген аталыштагы көлөмдүү маегине орун берди. Профессор “эл эмнеден уттуруп жатат?” деген суроого кыргыз элинин башы бирикпей жатканын, аймак-аймак, уруу-уруу болуп бөлүнүп турганыбызды, дагы бир жагдайы жардылык болуп жатканын айтты. Бирок бөлүнүп-жарылуу бара-бара жоголорун белгиледи.
“Окутуучу катары жаштарды тарбиялоодо кандай акыл-насааттарды колдоносуз?” деген суроого Айылчы Сарыбаев, Экономика институтуна директор болуп келгенде студенттердин жүрүш-турушуна, сүйлөгөндөрүнө, тарбиясына таң калганын, караса эркеги деле, кызы деле сөгүнүп-сагынып, түкүрүнүп, түртүшүп, тамеки тартышып, жулмалашып, даараткананы булгап, айтор бир укмуш көрүнүшкө туш болгонун, анан орунбасарларын чакыртып: “Ким сөгүнсө, жаман сүйлөсө, тегеректи булгаса, анын энеси сойку, атасы аракеч” деп жазып койгула деп буйрук бергенин, “кантип жазабыз?” деп кетенчиктешкенинен “Кадимкидей эле жазып койгула” дегенин, анан жазуу илинип, илингенден кийин көрүп ал анан, сөгүнмөк турсун корпустун ичи таптаза, тамекинин калдыгын таштаган, даараткананы булгаган, сөгүнүп-сагынган бир да студент болбогонун, азыр да ошол бойдон экендигин, кээде ушундай ыкма да тарбияга шерик болорун кеп кылды.
“Көк асабанын” бул санында “Алыкул Осмоновдун жолдошу, Искак Раззаковдун шакирти–Баяман Аламанов” деген ат менен журналист Мундузбек Тентимишовдун макаласы жарыяланды.
“Искра” гезити да жарыкка чыгып, Адилет Айтикеевдин “Текебаевдин көчө оппозициясын парламентке киргизүү кыялы ишке ашпай калды” деген, “Трансформаторун кайра чечип кеткен КСДП талапкери” деген макалаларын тартуулады. Айтикеев бул шайлоонун эң чоң жаңылыгы биометрика болгонун, эгер биз ушул жолду өздөштүрүп алсак келечекте таза шайлоо өткөрүүгө жол ачыларын, айрым бир жерлерде добуш сатып алмайлар болгону менен, негизинен Кыргызстан боюнча жалпы элге, шайлоочуларга өз добушун каалаган партияга бергенге шарт түзүлүп берилгенин, эч ким участокко кирип кимге добуш бергенин телефонго, камерага тартпаганын, эч ким бюллетендерди топ-тобу менен урнага салбаганын, ага мына ушул биометрика жакканын жазып чыкты.
“Искранын” бул санында “Сузактын тургуну жанкечтиликке барган уулун тааныды” деген макала басылды. Аталган гезит адаттагыдай эле Акматбек Келдибековдун стенограммасын басууну улантты.