Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Баекова пенсиясын бөлүшөбү?


“Фабула” гезити пенсия маселесине дагы бир жолу кайрылды.

“Фабула” гезити Алмамбет Анапияевдин мууздалып өлтүрүлгөн себебин Батукаевдин же чечен криминалдарынын, ошол эле Батукаев тарабындагы “Карышкыр”, “Сакал” деген каймана аттары бар кылмыш лидерлеринин колу болушу мүмкүн деген версияны да айтып, жазып атышканын, маркум Анапияевдин сөөгү Ошко алынып келерин маалымдады.

Ушунун эле алдына Акматбек Келдибеков жөнүндө макала тартуулаган “Фабула” гезити Келдибеков өзүнө тагылган айыптарды бул ирет да четке какканын, атургай: “Керек болсо менин колумда “Келдибековдун иши кыскартылсын” деген токтом турат” дегени, баарыдан дагы: “Мени мамлекеттин акчасын жеди деген күбөлөрдү да көргөн жокмун” дегени жакаңды кармаганга аргасыз кыларын, Келдибековдун логикасына таянсак, ал мамлекеттин казынасына суук колун салып жаткан кезде күбө болуп турган жан болбогонун айтканын, кайсы акмак ууру кылып жатканда, “мен уурдап алганча сен күбө болуп карап тур!” деп маңдайына күбөнү коюп алып ууру кылчу эле?” деп жазуу менен “ Эгер Башкы прокурор Индира Жолдубаева ушуларды көрүп-билип туруп, Аида Салянова баштаган ишти аягына чыгара албаса, так ушул чуулгандуу иш анын бетине чиркөө болуп, карьерасына чекит коюлат” деп белгиледи. Ушул эле гезитке Баратбай Аракеев “Усубалиев 100 миң сом, Отунбаева 80 миң сом, Баекова 70 миң сом алат... Орусум, кыргызча билбесең чоң болбойсуң” деген макаласын басып, бүгүн кыргыздын жүздөгөн айылдарында он миңдеген пенсионерлердин көбү 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин пенсия аларын, мисалы, өмүр бою ыймандан кетпей, китептей саргарып жүрүп бала окутуп, акыры өмүрү да китептин барагындай эскирип, айрылып, тытылып олтуруп эс алууга кеткен, арыган, карыган мугалим пенсияга миң сом менен гана чыгарын, анан ушул момун кыргыздын бири дагы өкмөткө акаарат айтпастан андан аркы өмүрүн уларын жазып, мисалы 60 000 сом алгандардын 20 миңин өздөрүнө калтырып, калган 40 миңин эмне үчүн аз пенсия алгандарга чачууга болбосун, биздин кенедей мамлекет “абийри жок мыйзамдарга” толуп кетти деп жазды. Кыргыздын белгилүү балбаны Руслан Абасовдун кайнатасы Таалайбек Алисопиевдин “Күйөө баламды өлтүрүп, жерин тартып алып коюшту” деген аталыштагы маеги да ушул “Фабулага” жарык көрдү. Таланттуу акын Барчынбек Бугубаев “Аракты таштаганыма жарым жыл болду, азыр бөтөлкөнү көрсөм башым айланат” деп интервью берди. Таланттуу кыл кыякчы кыздарыбыздын бири Айнура Бердигулованын сахнадагы жана үйдөгү турмушу тууралуу кызыктуу маеги да ушул санда.

“Алиби” гезити “Борбор Азия шайлоолор босогосунда: “Хансарай төңкөрүштөрү” да күтүлүүдө” деген макаласында президенттик тактыдан түшпөй келаткан Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев тууралуу кеп кылып келип, Кыргызстанга, анын ичинен президентке жана анын айланасындагыларга токтолду. “Эсти оодарган доллар” деген рубрика алдындагы ой-пикирлердин топтому “Куну түшкөн сом, карайлаган калк” деген ат менен жарыяланды. Султанбек Аманбек уулунун макаласы “Старый толчокко” бардыңыз беле, Кубанычбек Кеңешович?” деп аталып, Бишкек мэри Кулматовго кайрылып, тытылган жолдун абалын сүрөттөп келип, “Урматтуу мэр, жылуу-жумшак кабинетиңизден чыкпай отура бербей, шаар аралап, андагы көйгөйлөрдү чечсеңиз боло?” деди. Кыргыз Билим берүү академиясынын вице-президенти, айтылуу окумуштуу Советбек Байгазиевдин “Кыргыздын руханий цивилизациясы же ак калпак журттун рухий адептик маданиятынын асыл дөөлөттөрү жалпы адамзаттык кенч” деп аталган эмгеги сандан санга жарыялана баштады. Окумуштуунун биринчи макаласы: “Кыргыздын табият этикасы” деп аталды. Ушуга улай эле журналист Дайырбек Мейманов макаласын “Илим бүткөн жерден Кудай башталат же “Информациялык доордун мыйзамдарын” жазган адамга улут зар болуп жаткан кез” деп атап, бүгүн кыргыз менен казакка аттын кашкасындай таанымал, “Информациялык доордун мыйзамдары” аттуу китебин чыгарган, компьютердин мээсин колуна кармалап, ичегисине кан куйган өтө билимдүү кыргыз жигити бүгүн жок жерден күнөөлөнүп, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жер төлөсүндө абакта саргарып жатканына 3 жылдын жүзү болгонун, мындай жигиттерди өнүккөн өлкөлөр таппай, таап алса өзүнүкү кылып алып жатса, биз абакка тыгып салганыбызды, эми ушундай жигиттин абакта жатканын кантип билбей калсын деп президент Алмазбек Атамбаевге кулак кагыш кылды.

XS
SM
MD
LG