Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Топтолгонду тоноткондор


Бишкек шаары
Бишкек шаары

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат” деген рубриканы ачып, эң туура кылган окшойт. Алмазбек Атамбаевге арыз-муңун айтууга мүмкүнчүлүк алгандардын баары кат артынан каттарын жарыялай баштады.

Бүгүнкү санга Аксынын Кызыл-Жар айылынын тургуну Насиба Хожобекованын “Жолдошумду сүзүп өлтүрүп, ишти жаап салышыптыр” деген каты жарык көрдү. Катта жесир калган келиндин маалыматы боюнча күйөөсү Сарпашев Жылдызбекти сүзүп өлтүргөн машинаны Жалал-Абаддагы 7-каналдын башчысы Алтынбек Жумаев айдап баратканын, кийин ордуна башка баланы отургузуп койгонун, ал эми Таш-Көмүр шаарынын тергөөчүсү Сейдакматов алардан сурабастан эле "маркум ичип алып машинага өзү кирип кеткен" деп ишти жаап салганын, мына ушул ишти кайра карап, күнөөлүү адамды сот жообуна тартууга жардам берүү өтүнүчү жазылган.

Буга улай эле болгон окуянын чоо-жайын түшүндүргөн адвокат Чолпонбек Айтбаевдин “Машине кимге таандык экени аныкталган эмес” деген жообу басылды.

“ПолитКлиника” гезитинен сиздер депутат Жылдыз Жолдошева "тактан" кантип кулаганын, Абдыкапаровго дагы бир иш козголгонун, 1993-жылы Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстанды жыргатабыз деп киргизилген ПЕСАК программасы СССРден калган завод-фабрикалардын баарын кантип менчикке чыгартып, кантип талкалаганын, башкасын айтпаганда да чөп таңгактаган “Прессподборщиктерди” Европа тургай Африка өлкөлөрүнө чейин экспорттоп турган Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруучу эң кубаттуу заводду, Ленин атындагы аскердик заводду, 90-жылдары жабдуусун жаңы эле Германиядан алып келген электр моторлорун чыгаруучу заводду, көп сандаган фабрикаларды, бала бакчалар менен башка имараттарды, алтургай от жаккан мештерге чейин талкалап, кирпичтери менен арматураларын саттырып, талап, жок кылышканын, бүгүн бизнес кылып байыдык деп төш кагып жүргөн кыргыз шылуундары Кыргызстанга фашисттерден да жамандык кылганын коомдук ишмерлер Карыпбек Алымкулов менен Базарбай Мамбетов айтып берди. Эң кейиштүүсү ПЕСАК программасын мактап жүргөн Апас Жумагуловдун өкмөтү ишке ашырган.

Буга чейин жума күндөрү чыгып келген “Жаңы агым” гезити мындан ары бүгүн чыкмай болду. Гезит “Кумтөрдү азыркы өкмөт, ал эмес президент да чече албайт” деген баш тема менен ачып, бул боюнча “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун президенти Токон Мамытовдун “Керек болсо “Кумтөрдүн” айынан Атамбаев премьерликтен кеткен” деген маегине орун берди.

Кудрет Тайчабаровдун суроолоруна жооп берген дин илиминин доктору Кадыр Маликовдун маеги “Пайгамбар азыр жашаса, костюм-шым кийип, галстук тагынмак” деп аталды.

Маликов андан ары "Ислам мамлекети" деген атты жамынып алган радикал кыймыл азыр согуш өртүн жайып келатканын, бул эч кандай исламчыл кыймыл эместигин, анын ою боюнча "Ислам мамлекети" деген долбоор экенин, бирок артында кимдер турарын так айталбастыгын, бир көңүл бура турган жагдай, орозо башталган кезде Израил Газа секторунда согуш баштаганын, бирок эң кызыгы ИМ тобу Израилге жооп катары бир дагы ок чыгарбаганы баарын таң калтырганын, дагы бир шилтеме кыла турган нерсе, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөсүнүн парламентинде сүйлөп жатып, ИМ тобу бар экендиги Израилдин кызыкчылыктарына төп келет деп айтканын мисалга тартты.

“Азия ньюс” гезити “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Расул Умбеталиевдин “Азыркы бийликтин каралоосу бизге жукпайт” деп интервью берип, “Күчтүү Кыргызстан” кандай партия болгонун, анын төрайымдыгына Аида Салянованын саясаттагы таза жолун, ишмердүүлүгүн баалаган жаштар, студент кыздар партияга көп келип жатканын, партияга Салянова келип кошулгандан тартып бийликчил маалымат каражаттары жалган жалааларын ала чуркап жаманатты кылганга өткөнүн айтты.

Журналист Жаркын Темирбаева Суран кызынын “Бекмамат Осмонов нукура патриот эле” деген эскерме баяны да бар.

“Асман плюс” гезити негизги макаласын эшек этинин айланасындагы чууга арнап, “Эшек эти адал эмес, эшек сойгон адам эмес” деген ат менен көптөгөн ой-пикирлерге орун берди. Журналист Алтынбек Давлеталиев эшек союп аткан беш өзбек жигит кармалып, алар учурда самсасы боюнча эң популярдуу деген, өздөрүн адал атаган чайканаларга чейин барганын айтса, Юруслан Тойчубеков эшектин 605 териси, 605 челектеги иче-карыны туздалып даяр турганын, калганы аларды алам деген адамдын колунда калганын, балдар Финполиция келгенде милициядан эшек сатып алды деген справкаларын көрсөтүп берип кутулганын, алтургай жаманатты болуп жаткан Такырбашев дегенге сыйлык бериш керектигин айтты.

“Айат” гезити бүгүнкү санын “Макмал” алтынын кочуштап уурдагандар” деген ат менен укук коргоочу Качкын Булатовдун макаласы менен ачты.

Саясатчы Эдил Байсаловдун интервьюсу “Феликске ишенген кыргыз элим үчүн ичим күйөт” деп атап, бийлик Муралиевге окшогондорду алтын кенге дайындап коюп, алар жылына 200-300 миң доллар маяна алганына ыраазы болуп жүрө берип, иш жүзүндө "Центерра" билген намазын окуп, мына кечээ жакында эле "Центерра" Кумтөрдүн эсебинен Канаданын Онтариосунда “Премьер голд” деген компанияны сатып алганын, биздикилердин андан кабары да жоктугун, биз кыймылдагыча акциялардын көбүнө сот арест коюп, баягы Белоконь дегендин колуна өтүп кеткенин, эл миллиарддаган чыгым тартып кала бергенин, кыскасы азыркы өкмөт байлык топтомок тургай, топтолгондорду тонотуп жатканын айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG