Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Калк тамырынан ажыраса камгак болот


Гезиттер сасый-экономикалык жана маданий турмушту талдоого алган макалаларга, маектерге орун берди.

“Мамлекеттик тууну өзгөртүүнүн зарылдыгы барбы?” Мына ушул суроону койгон “Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санына бул боюнча эки башка көз караштагы макалаларды жарыялады. Аягында: “кемчилик мамлекеттик символдордо эмес, өзүбүздүн башыбызды, тагыраак айтканда дал ошол мамлекеттин ыйык эн белгилерине текебер, сый-урматсыз мамиле жасап келаткан өзүбүздө болуп жүрбөсүн?” деп суроо койду.

Гезит адаттагыдай эле окурмандардын каттарына орун берди. Бишкектик Фарида Ачылова жер сатмай коррупциясынан аябай жапа чеккенин, соттошо берип соттордон да көңүлү үч көчкөн журттай калганын кеп кылса, таластыктардын президент Роза Отунбаева менен премьер-министр Алмазбек Атамбаевге багыштаган катында мурда “Ак жол” партиясына кызмат кылып жүрүп, кийин “Ак шумкар” партиясынын терисин жамынган Тынар Назаралиева деген айым Талас районунун тынчын алып жатканына нааразы болгондордун үнүн угузуп койгулары келген. Чүйлүк окурман Жеңишбек Токтоматов катында катардагы депутат Өмүрбек Текебаев спикер болгон кезинде 800дөн ашуун мыйзам кабыл алдырганы менен бүгүн анын канчасы иштеп аткандыгы тууралуу так маалымат жоктугун, эми болсо какаганга муштаган болуп 90 депутаттын ордуна 120 депутатты шайлап алып тытышып олтурганыбызды, бардыгына баш ийкей берген оомалыгыбызды сөз кылды.

“Кыргыз туусу” булардан тышкары Кыргызстан ишкерлер бирлигинин аткаруучу деректири Нуржигит Кадырбековдун “Кыргызстан элин өз уну менен тойгуза алабы?” деген суроого өзүнүн бир катар ойлорун ортого салды.

“Коррупциянын фактылары чыккан министрликтерди аябагыла, дароо материалдарын журналисттерге бергиле. Эл кимдин кандай иштеп атканын билип алсын” деп айткан президент Роза Отунбаеванын сөзүн шилтеме кылган гезит өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин Нарын жергесине жасаган иш сапарынан кабарлады. Өкмөт башчысы Торугарттан 120 чакырым бери жакка курулмакчы болгон бажы терминалын кайра карап чыгуу керектигин, ал жерге кура турган болсо кайра эле ага чейинки жол кытайдын оор жүк тарткан машиналарынын алдында талкалана берерин, ошондой эле соода борбору Торугарткабы же ага жакыныраак жерге курулабы, андан түшкөн каражат Нарын облусунун казынасына калышы керектигин айтканына көңүл бурду.

“Фабула” гезитине Кыргыз эл артисти, “Кыргыз салттуу музыка” фондунун негиздөөчүсү Роза Аманова маек курду. Маегинде ал кечээ күнү Бишкекте кыргыздын салтуу музыка өнөрүнүн жумалыгы башталганын кенен кеп кылып, ошону менен бирге эле азыр өлкөбүздү да , мээбизди да Батыштын мааниси тайкы, жеңил-желпи масмаданияты жөө тумандай каптап турганын, жалпыга маалымдоо каражаттары болсо элдик музыка өнөрүнүн улуулугун, ыйктыгын сактап, даңазалоонун ордуна жеңил-желпи ырлардын, так ошол масмаданиятты атайылап таратып жүргөн жеңил-желпи ырчыларды коштоп, алардын баскан турганынан тартып кийиген кийимине, ичкен тамак-ашына чейин даңктап, алардын ой-пикирин ээрчип калган деңгээле дейре түшкөнүн, ошондуктан эл бололук десек, журт бололук десек өзүбүздү ушул күнгө чейин өлтүрбөй сактап келаткан өнөрүбүзгө, “Манасыбызга”, комузубузга, обондорубузга жөлөк-таяк болуу зарылдыгын сөз кылды.

“Фабула” басылмасы ошондой эле “Российская газетасынан” которулуп басылган Юрий Йоис аттуу автордун “Мегаком” ызы-чуусунун дагы бир жагдайын талдоого алган макаласын тартуулады. Макалада азыркы экс-башкы прокурор Кубатбек Байболовдун жардамы менен Глеб Огнянников деген орус ишкери “Мегакомдун” активдерин кантип башкарып тургандыгы туурасында баяндалат.

“Алиби” гезити “Эгер жаңы коалиция түзүлсө, Кулов өкмөттүн курамына кирбей тургандыгын билдирди” деп кабарлап, “Ар-Намыс” фракциясы жаңы долбоор сунуштап атканын, ага ылайык, мисалы кайсы бир депутат кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатса, кесиптештери анын кол тийбестигин коргобостон, тескерисинче, объективдүү тергөөнүн жүргүзүлүүсүнө көмөк көрсөтүүсү зарылдыгын, мындан тышкары министрликтердин саны 20дан 15ке чейин азайтылышы керектигин белгилегенин маалымдады.

Автор ошондой эле Феликс Куловдун “жаңы коалиция түзүлсө “Ар-Намыстын” гана экономикалык программасынын негизинде иш алып барышы керек. Демек, өзүбүздүн программабызды иш жүзүнө ашыруу үчүн экономикалык блокторду жетектеген министрликтер “Ар-Намыстын” мүчөсү болуусу шарт” дегенин мисалга тарткан гезит баяндамачысы Папан Дүйшөнбаев: “Ар-Намыстын” лидеринин күздө болуучу президенттик шайлоого өзү катышпай тургандыгы, анын коалициянын ичиндеги күчтөрдүн бири менен тандем түзүп, келечекте премьер-министрлик үчүн күрөшө тургандыгы ачык болуп калды. Куловдун коалицияга кириши менен коалицияда чыныгы жиктешүү эми башталат” деп жазып чыкты.

Гезиттин бул санынан сиздер журналист Болотбек Таштаналиевдин “Алым Токтомушев” аттуу макаласын окуйсуздар. Автор “кыргыз оппозициясы баары биригип, бир Алым Токтомушев жасагандай ишти аткара алган жок. Ал таланттуу акын, калыстыгынан кайтпаган сынчы, курч, чындыктан тайбаган журналист. Акын болом деген жаштар андан акындыкты, сынчы болом дегендер андан сынчылыкты, журналист болом дегендер андан турмушту терең талдап жазганды үйрөнсө болот. Азыр маданиятка эмгек сиңирген ишмерликти ким болсо деле алып жатат. Алым Токтомушев андан жогорку сыйлыкка – Кыргыз эл акындыгына татыктуу акын” деди.

“Кыргыз туусу” гезити белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун маегине орун берди. Бирназаров кыргыз кинотармагынын азыркы жагдайын кеп кылып, Бишкекте “Кыргызвидеокинопрокат” деген мекеме аликүнгө чейин сакталып, мамлекет ага жылына 1, 1,5 млн. сомду жөн эле берип келатканын, ал эми кинотеатрлар болсо көрсөтүүчү фильмдерин прокатттын “кызматысыз” эле өздөрү сатып алып калганын, быйыл мамлекеттен “Кыргызфильм” киностудиясына бөлүнгөн 6 млн. сомдун 5 миллиону да ушул кинопрокатка бөлүнөрүн, жетекчисинен “бул акчалар эмне үчүн, кандай максат үчүн бөлүнөт” деген суроого жооп бере албай койгонун ачык айтты.
XS
SM
MD
LG