Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:20

Кыргызды өзү гана сактап калат


“Фабула” гезити өкмөт башчысы Темир Сариев 21-сентябрда ишкерлер күнүндөгү жолугушууда Атамбаев менен Сариевдин бир дагы тууганы депутаттыкка талапкерлигин койбогонун эске салуу менен, “Атамбаевдин кызы да, уулу да, иниси да, кудасы да депутаттыкка барбайт. Биздин бир гана кызыкчылыгыбыз бар, ал – Кыргызстандын бир калыпта тынч өнүгүүсүн камсыз кылуу” деп айтканын жазып чыкты.

Ушул эле гезиттеги макаласын Баратбай Аракеев “Европа бизди бузуп баратып, маңкасы агып, шымы шыпырылды” деп атап, бүгүн дүйнө коомчулугу деградацияга учурап турганын, биз да мындан 20 жылдай мурун демократия курабыз деп Батыштын балтилине кирип, бабаларыбыздын баскан жолун унутуп, аталарыбыздын айткандарын укпаганыбызды, Батыш акыры өлкөбүздөгү жылдап жыйган байлыгыбыздын баарын саттырып жок кылып, бир элди бай-кедейге бөлүп таштаганын, деги эле кыргыз дегенди АКШ да, Батыш да, Чыгыш да сактай албастыгын, кыргызды өзү гана, салт-санаасы гана сактап каларын жазды.

“Фабула” ушул эле санында булбул үндүү ырчы Эрмек Мойдунов жана оорунун айынан өмүрдөн эрте кеткен таланттуу акын Барчынбек Бугубаевге арналган эскерүүлөрдү басты.

“Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санындагы маегин Кыргыз Эл баатыры, академик Миталип Мамытов “Бийлик же өкмөт тарабынан аткарылып жаткан иштерди партиялар “Мен кылып жатам” деп мактанып жатканы таптакыр туура эмес” деген аталыш менен атап, эл баары бир Кыргызстандагы ишке ашып жаткан ири долбоорлор же “Датка-Кемин” линиясынын пайдаланууга берилишин, түндүк-түштүк жаңы жолунун курулушун, билим берүү, саламаттык сактоодогу жасалган жана жасалып жаткан иштердин баары президенттин көрсөтөмөсү менен аткарылып жатканын жакшы билерин, мына ушунун баары калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталганын, анан жер-жердеги жолугушууларында “аны жасайбыз, муну жасайбыз” деп кабат-кабат убадаларды берип мактанып жатканы партияларга абийир алып келбей тургандыгын айтты.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин маеги басылды. Министр узундугу 433 километр болгон түндүк-түштүк жолу Балыкчы-Кочкор-Арал-Нарын жана Көкөмерен сууларынын кошулган жери Казарман-Жалал-Абад багыты боюнча салынып жатканын, долбоор үч фазага бөлүнгөнүн, ушул тапта 1 фазанын иши толугу менен жүрүп жатканын, ошондой эле Ысык-Көлдүн айлампа жолунун курулушу боюнча ТЭН даярдалганын, жолдун болжолдуу наркы 550 млн. долларды түзөрүн кенен кеп кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити сентябрдын ичинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд. 892 млн. куб метрге жеткенин, быйыл элибиз кыштан жакшы чыгарын, энергетика министри Кубанчыбек Турдубаев октябрдын бирине чейин суунун көлөмү 13 млрд. кубга жетерин, муну менен кышында жарыкты өчүрбөй жагып чыгарыбызды айтып кубандырды.

Татар элинин жазуучусу жана тарыхчысы Фаузия Бөйрөмованын “Ана” деп аталган китеби улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун энеси Нагима Авдулвалиева Айтматованын 110 жылдыгына карата басылып чыкты. Китеп азырынча татар тилинде.

“Баягы асаба” гезити Эрзат Ботбай уулунун эки беттен турган “Экономиканын төмөндөшүнө карабай бажы төлөмдөрү өстү” деген аталыштагы макаланы жадыбалы менен кошо жарыялады.

XS
SM
MD
LG