Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

Путин Бекназаровду угабы?


Жумабаевдин Үркүн сериясынан
Жумабаевдин Үркүн сериясынан

“Искра” гезити бүгүнкү санына Азимбек Бекназаровдун президенттер Атамбаевге, Путинге, Назарбаевге, Каримовго, Рахмонго 9 жарым бет менен толтура басылган кайрылуу катын жарыялады.

Кайрылууда Үркүн деген ат менен тарыхта калган 1916-жылдагы Орто Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнө кийинки жылы 100 жыл толорун, президент Алмазбек Атамбаев айткандай бул окуя ушул күнгө чейин өзүнүн тарыхый баасын ала электигин белгилеп, элдин кандай себептерден улам көтөрүлүп, кандайча басылганын, кантип кырылганын, падышалык Орусиянын эзүүсүн ошол эле орус, кыргыз, казак, өзбек, тажик, түркмөн элдери бирдей тартканын, бирок Үркүн окуясы кыргыздардын гана башына түшкөн кыямат болгонун, Орус падышачылыгынын Түркстан аймагында жашаган элдерге, айрыкча кыргыздарга жасаган “жырткычтык саясаты” катары бааланышы керектигин белгилеп, каттын аягында Азимбек Бекназаров Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинге кайрылды.

“Сиз Орусиянын №1 патриоту, дүйнөлүк деңгээлдеги улуу саясатчы катары 1916-жылдагы окуянын 100 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чараларга түздөн-түз саясый, моралдык жардам берип, колдоого алып, президент, саясатчы эле эмес, укукчул, мамлекетчил, өз элин, тарыхын сүйгөн патриот катары да укуктук-тарыхый жактан туура, акыйкат тыянак чыгышына жардам берет деп кыргыз эли ишенет. Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгын белгилегендей, 1916-жылдагы окуяны да келерки жылы эл аралык деңгээлде чогуу өткөрүү сунушу менен сиздерге кайрылдым” деп бүтүргөн.

Ушул эле санга “Акыйкат” кыймылынын лидери Анарбаевдин “Бирөөнүн колу менен чок кармап жатышат” деген макаласы жарык көрдү. Анда шайлоого буга дейре эл тажап бүткөндөр башында турган партиялар эле кайрадан депутаттыкка келатканын айтуу менен “Ата Мекен” саясый партиясынын позициясына басым жасады.

“Ата Мекендин” жакында Таласта өткөн партиялык конференциясында Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп жатып, “Акаевдин, Бакиевдин бөлтүрүктөрү карышкыр курагына жетсе дагы бир текеге тиш сала албай жатышат” деп айтканын шилтеме кылган Анарбаев, тиш салалбай жатканынын себеби карышкыр да, теке да бир жайыттын чөбүн жеп, бир жайыттын суусун ичип жан бакканында болуп жатканын белгилеп, элди ар кайсы партиянын куралына айланбоого чакырды.

“Вечерний Бишкек” гезити прокурордун жалган жалаасынын азабы менен түрмөдө жаткан Халида Данакованын тагдырын баяндаган журналист Азамат Касыбековдун макаласын тартуулады. Данакова калыстыкка жете албагандыктан эң акыркы инстанция катары президент Атамбаевге кайрылып жатканын, эгер мында да калыстык болбосо анда башка өлкөлөрдөн баш паанек сураганга аргасыз болорун жазып чыкты.

Аталган гезит “Рубикон” ачык акционердик коому боюнча райондук соттун Рябушкиндерге чыгарган чечимин Бишкек шаардык сотунун коллегиясы күчүндө калтырганын, “Бир дүйнө Кыргызстан” деп аталган укук коргоо уюму, төрайымы Төлөйкан Исмаилова Ош окуясына байланыштуу улуттар аралык жаңжалды тутандыруучулардын бири, милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн киши катары өмүр бою кесилген Азимжан Аскаровду катуу ооруп жатканына байланыштуу түрмөдөн бошотуу талабын коюп чыкканын кабарлады.

“Вечерний Бишкек” гезити ошондой эле Тажикстандын борбору Дүйшөнбү шаарында “Суу жашоо үчүн – 2005-2015” деген аталыш менен эл аралык форум өткөнүн, ага дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн 1 жарым миңге жакын адистер жана саясатчылар катышканын, конференциянын аягында “Дүйшөнбү суу декларациясы” кабыл алынганын, Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Тажикстандын сууларын сугатка пайдаланып келаткандыгы үчүн коңшу өлкөлөр компенсация төлөшү керек деп айтып чыкканын, бирок буга Өзбекстан каршы болгонун, демек мындай талаштуу маселени чечиш үчүн Орусиянын катышуусунда мамлекеттер аралык суу-энергетикалык холдинг түзүү зарылдыгын, ошондо бул мекеме өндүрүлгөн электр энергияны баарынын керектөөсүнө жараша бөлүштүрүп турмагын, суу маселеси да чыр-чатакка айланбай чечилмегин жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG