Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:43

Чатак иштин чуусу ырбады


“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санына “Коркмазов Нарымбаевди ала жыгылабы?” деген макала жарыялап, мындай чоң суммадагы парага Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин да катыштыгы бар экен дегенди укканда кыргызстандыктар ого бетер оозун ачканын, атүгүл кубанганын жашыра албаган бирөө акыры көп жойлогон түлкү капканга түшпөй койбостугун, бирок баары бир Нарымбаев Коркмазовду сала берип, суудан кургак бойдон чыгып кетерин социалдык түйүндөрдүн бирине жар салганга үлгүргөнүн айтты.

Автор башка мамлекеттердин чоң чиновниги, болгондо да Президенттик аппараттын башчысы ушундай чатак ишке катышпай эле бир аз шеги билинери менен эл алдында кечирим сурап, иштен дароо кетип каларын, кокус мындай окуя Кытайда же Түндүк Кореяда болсо суракка албай туруп эле атып салмагын, ал эми “менин тийешем жок” деп танып чыга бермей оору биздин өлкөдө кадимки көрүнүшкө айланып калганын жазды.

Гезит макаласын аяктап жатып, Данияр Коркмазов Нарымбаевди СИЗОго президент Атамбаевден “фас!” деген буйрук болмоюн өзү менен кошо сүйрөп кете албастыгын белгилеп, “Түлеевдин кызы менен Нарымбаевдин эки жолу жолугушуунун кандай зарылдыгы бар эле? “ деген суроону койду.

Журналист Нарын Айып “Шек саноонун өзү эле кара так” деген макаласында Акаевдин тушунда 7-кабатка чейин жеткен коррупция акыры Президенттик аппаратка чейин жеткен күнүн да көрөр күн келгенин кенен баяндады.

“Де-факто” гезити “Бейне сүртүм” деп аталган рубриканын алдында белгилүү коомдук ишмер Аскар Салымбековдун кантип таман акы маңдай тери менен бизнеске келип, бүгүн эми жүз он миңден ашуун адам “Дордой” менен байланышкан тармактар аркылуу жан сактаса, дагы 50 миң киши түздөн түз “Дордой” базары менен жанын багып жатканын, Аскардын спортко, көк-бөрүгө, маданиятка, адабиятка, оорукчан адамдарга жасап келаткан тоодой жардамдарын баяндаган макала тартуулады.

Аталган гезит “Жигит өлбөс болсочу...” деген теманын алдында маркум Мухтарбек Өмүракунов тууралуу Бөдөш Мамырованын, Жылдыз Жолдошеванын, Жаныбек Турсуновдун ойлорун ортого салды.

“Фабула” гезити Алмаз Темирбек уулунун “Ата Мекен” мүйүздүү болом деп кулагынан ажырап жатабы?” деген макаласын тартуулады. Автор Өмүрбек Текебаев менен Мелис Мырзакматовдун бириккенин талдоого алды.

Бул санда Муктар Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекееванын “Балдарым атасынын ишин улантат” деген аталыштагы маеги бар.

“Айбат” гезити бүгүнкү санын “АКШ Аскаровго сыйлык берип Кыргызстанга түкүрдүбү?” деген, “Азимжан Аскаров кылмыш кылган, ал мыйзам чегинде жооп бериши керек” деген, “Равшан Жээнбеков анткризистик комитет түзүп, жаңжалды ырбаткысы келеби?” деген макалалар менен ачты.

Ушул эле санга коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун “Эгер Ботобеков интервьюда айткандарына ишенсе далилдеп берсин. Эгер далилдей албаса кечирим сурасын, элди кыйнай бербеш керек” деген аталыш менен маеги басылды.

Айтылуу куудул Жаныбек Алыкуловдун жубайы Азиза Алыкулованын жолдошу жөнүндө маеги да ушул “Айбат” гезитинде.

“Кыргыз туусу” гезитине “Орозо айт ар бирибизге жакшылык, тынчтык жана ынтымак берсин!” деген аталыш менен президент Алмазбек Атамбаевдин кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктоосу басылды.

“Аянтта ооз ачыруу эмне үчүн болбой калды?” деген суроого жооп берген Чубак ажы Жалилов: Анткени күндүн ушундай ысыгында көчөдө тамак берүү оңой эмес. Ал үчүн кол жууй турганга да шарт түзүш керек. Ысыкта тамак-аш да бузулушу мүмкүн. Мындан саясат издегендин кереги жок,-деп,

Жазуучу Меңди Мамазаирова: Мэрия туура иш кылып жатат. Анткени орозо кармаганы да, кармабаганы да барып нааразы болгондор чыкмак,-деп,

Алып баруучу Нурдөөлөт Копоев: Менимче мэрия таштанды тазалагандан коркту го,-деп,

Акын Атантай Акбаров: Ооз ачыруу сооп иш. Менимче ал жерде эч кандай деле террорчулук аракеттер болбосо керек. Балким күндүн ысыгына байланыштуу токтоткон чыгар,-деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG