Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Жапаров эмне үчүн Бакиев тууралуу жазбайт?


“Фабула” гезити Садыр Жапаровдун жазган китебин талдоого алды.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин “Айбат” гезитине курган маеги “Мырзакматов дайыма Бакиевдердин кызматын аткарып келген” деп аталып, Мелис Мырзакматов мамлекеттик кызматта турганда бизнес кылып, Бакиевдердин кызматын жасап, борбордук бийликке каршы саясат жүргүзүп келгенин, бүгүн айрым адамдардан “Биздин чыгаан уулдарыбызды камап атышат” дегенди угуп атканыбызды, бирок ошол “чыгаан уулдар” Бакиевдердин убагында эмнелерди жасаганын эл унута электигин айтты.

“Айбат” гезитинин бүгүнкү санынан Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү Уран Ботобековду сынга алган макалаларды да окуйсуздар.

“Алиби” гезити коомдук ишмер Базарбай Мамбетовдун “жашыруун протоколго кол койгон” деп айтканы боюнча суроолорго жооп берген “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов вице-премьер-министр болуп турган кезинде эл кызыкчылыгына каршы келген протоколго колун койбогонун, ага мурдагы бийликтеги өкмөт мүчөлөрү кол койгонун, маалы келгенде ал баары бир ачыкка чыгарын, ал кандай кызматта иштебесин элден бөлүнүп, жашырынып иш кылбаганын айтты.

Гезиттин бул санына “Бир бол” партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Алтынбек Сулаймановдун “Биз “илбирстин секириги” аталыштагы программа менен чыгабыз” деген көлөмдүү маеги жарыяланды. Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановдун Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алганын куттуктаган досу Бабырбек Жээнбековдун куттук ыры “Акындардын алпысың” деп аталды.

“Фабула” гезити “Жазуучу” Жапаров Бакиевдердин балит ишин неге жазбады?” деген суроону койду жана Тиленбек Азыктын “Өзү тазаланып алып, анан тазалыкка чакырса болмок” деген макаласын сунуш кылды.

Жапаров кезинде Акаевдер менен биргелешип 46 млн. сом салыкты төлөбөй койгонун, “Ысык-Көл инвест” банкын рейдерлик жол менен тартып алганын жана башкаларды айтып келип, Бакиевдердин тапшырмасы менен анын “жазуучулук” шыгы ойгонгонун, саясатта жүргөн 10 жылынын ачуу чындыгын айткысы келсе, Бакиевдердин кыргыз балдарынын канын төккөн канкордугун, Максим Бакиевдин рейдерлик жортуулдарын, кыргыз элин койго теңеп калган көпкөн кезин жазбайт беле, булар тууралуу үн катпаганы, Садырдын калем акысын каржылагандар Бакиевдер болуп жаткансыйт” деп жазды.

Баратбай Аракеевдин “Фабуладагы” “Жүз киши...” баяны уланууда.

“Де-факто” гезити Исках Раззаков тууралуу кино тартылганын кабарлады. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын маеги “Кийинки жылы гүл чыгар бекен деп ошол жерлерди аңдычумун” деп аталды. Назгүл Осмонованын макаласы “Республика-Ата Журт” партиясы: кимисине ишенип, кимисине үмүт артабыз” деген ат менен жарык көрүп, эки партиянын оош-кыйышын, баскан жолун, булардын лидерлеринин жорук-жосунун элдин эсине салды.

“Жаңы агым” гезити “Нааразы эл, начар иштеген өкмөт” аттуу журналист Тынчтык Алтымышевдин макаласына орун берди. Макалада Нарында электр энергиясынын тарифинин кымбаттыгына байланыштуу нааразылык митинги болгонун, бирок теңиртоолуктар бул жолу да сабырдуулугун сактап, ашкере саясатташпаганын көрсөтүп, көк муштум болуп отурса да көчөгө чыкпаганын, бирок бийлик мына ушунусун түшүнүп, көчөгө чыгарбай туруп эле элдин койгон талабын аткарууну ойлонушу керектигин белгиледи.

Автор бул жолу Нарынга улай Талас шаарында да электр энергиясына тарифтин жогорулашы боюнча тынчтык митинг болгонун, митингде тарифтер элдин чөнтөгүнө жараша түзүлбөгөнүн, төө буурчактын баасынын төмөндөп кеткенин, аймактагы баалуу кендерди иштетүүдө жаратылышка зыян келтирбөө маселелери козголгонун, өкмөт эми митингге 10 киши чыгабы же 1000 киши чыгабы, ага карабай маселени тезинен эл тарапка чечүү аракетин көрүүсү керектигин билдирди.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Жазда жогорку Нарын ГЭСтеринин курулушу жанданат” деген макала менен ачты. Коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун “легендарлуу биринчи катчы” деген ат менен Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров тууралуу макаласы басылды.

Жазуучу Кеңеш Жусуповдун энергетик Жамалбек Түлөбердиев жөнүндө макаласы “Өмүр шамын жаккан инсан” деп аталды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Накен Касиев “Ынтымакты көздүн карегиндей, жүрөктүн толтосундай ыйык сактоо керек” деп интервью берди.

XS
SM
MD
LG