Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Саясатта дос болбойт


“Азия ньюс” гезитине депутат Жылдызкан Жодошеванын интервьюсу жарыяланды.

“Асаба” гезити “Жашасын ажобуз Атамбаев!” деген макала менен жаңы санын ачып, президенттин ишмердигин сынга алды.

“Оп майда” рубрикасынын алдында тартууланган кабарларда Бириккен улуттар уюму кумсаларга каршы мыйзамды “адам укугун бузчу мыйзам” деп, Кыргызстанды аны кабыл албоого чакырганын, каттоодон өткөн партиялардын саны 191ге жеткенин, Феликс Кулов парламентке 4 партия гана өтсө туура болот эле деген оюн билдиргенин, “Курманжан датка” тасмасы Кытайдын Сиан шаарында өткөн Улуу Жибек жолундагы өлкөлөрдүн эл аралык фестивалында “Көрүүчүлөрдүн купулуна толду” деген сыйлыкка ээ болгонун маалымдады.

Ушул эле гезитке өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев маек куруп, Казакстан менен Түркмөнстандын электр энергиясы өтө кымбаттыгын, алар өз элине светти 4-5 сомдон сатарын, аларга салыштырмалуу бизде алда канча арзандыгын, ал эми бензин Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө кымбат болуп, айдоочулар талон менен узун кезекке туруп куюп жатканын, бизде андай жоктугун, ар бир нерсени ызы-чуу кылуудан мурда түпкү себептерин түшүнүп кабыл алуу керектигин, бензини көп деген Орусиянын өзүнө күйүүчү май жетпей, кымбат болуп жатканын айтты.

“Асабанын” бул санына журналист, маркум Алым Токтомушевдин 1971-жылы жазган, өз архивиндеги ырлары жарык көрдү.

“Азия ньюс” гезитине маек курган Талантбек Исаев “МАИге иштегенден бери душманым көбөйдү” деп айтып, Кытайга, Түркияга барып тажрыйба, аны менен кошо 7,5 млн. сом жардам алып келгенин, ага ар бири 5 миң доллардан турган 8 радар алышканын, мындан тышкары ошол эле мамлекеттерге 30 кызматкерди жиберип, билимин жогорулатканын, жол эрежесин бузган келинчеги айып пул төлөгөнүн, анткени эреже деген бардыгына бирдей экендигин кеп кылды.

“Азия ньюс” гезитине курган маегин депутат Жылдызкан Жолдошева “Ташиевдин мамилеси “көрпенделик” болду” деп атаган менен партиялаштары Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Ахматбек Келдибековду бир туугандарындай көрөрүн, кандай кырдаал болсо да аларды колдорун, азыр деле Камчыга таарынбаганын, саясат өтө ыплас болуп кеткендиктен кайсы бир саясий күчтөр анын “Ата Журттун” лидерлигинен кетүүнү Камчыбек Ташиев аркылуу талап кылгандыгы чындык экенин, Бабанов менен болгон тандемге пикирин билдирип, "Ата Журт” партиясы эч бир партия менен бирикпеши керек эле, себеби биздин электоратыбыз кандай гана оор кырдаал, кандай гана кысым болбосун бизди саткан эмес. 2010-жылкы шайлоодо 1-орунду ээледик. Биригүүнүн жыйынтыгы, келечеги болобу, аны айтыш кыйын. Себеби саясатта “кас” да, “дос” да болбойт экен. Саясатта бир гана кызыкчылык болот тура... Саясатта кечээги душманың доско айланып, досуң душманга айланып калганын өзүң да байкабай калат экенсиң” деп айтты.

“Айат” гезити бүгүнкү санында аялдардын күрөшү боюнча эл аралык чемпионаттардын чемпиону болуп келген кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова тууралуу баяндап берди.

Кыргыз Эл артисти, Кыргыз улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев маегинде Европанын кээ бир мамлекеттерине барып, автордук концерт берүүнү пландап жатканын, 18 жылдан бери 66 мамлекет катышып келаткан Казакстандын “Шабыт” деп аталган сынагына төрагалык кылып келерин, жакында эле Вьетнам жеринде болуп, 57 мамлекеттин композиторлору катышкан чоң форумда болуп кайтканын, форумдун корутунду концерти Бегалиевдин Чыңгыз Айтматовго арналган чыгармасы менен ачылганын, 100дөн ашуун композитордун тогузу гана Вьетнам элинин алтын медалы менен сыйланганын, анын ичинде өзү да болгонун кубануу менен баяндап берди.

XS
SM
MD
LG