Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:30

"Келдибековдукундай байлыкты башка салбасын..."


Шейшембиде жарык көргөн кыргыз гезиттерине сереп.

“Кыргыз Туусу” гезити “Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына бир ай калды” деген баштема менен жарык көрүп, ага арналган баянында “Аламан байге, жорго салыш, кунан чабыш, ат чабыш, көк бөрү, кыргыз күрөшү, алыш күрөшү, ордо, тогуз коргол, эр эңиш” боюнча улуттук оюндар өткөрүлгөнү жатканын кабарлады.

“Алиби” гезити Канышай Мамыркулованын “Шалакы президент, шал өкмөт” аттуу макаласын жарыялап, кыргыз бийлигинин бүгүнкү иштерин баштан аяк сынга алды. Буга улай эле депутат Равшан Жээнбеков “Мамлекеттик кызматкерлерди жана чыгашаларды 50 процентке азайткан эл ишениминдеги өкмөт түзүшүбүз керек”, - деп интервью берди. Равшан Жээнбеков маегинде өзү түзгөн Улуттук оппозициялык кыймыл тууралуу сөз кылып, кимде ким авторитаризмге каршы турам десе анын кыймылы менен болорун, кокус бийлик менен иштешем десе кыймылдан чыгарыларын, бүгүнкү күндө Улуттук оппозициялык кыймылдан Камчыбек Ташиев чыгарылганын кеп кылды.

Акыры табаарың оору болсо, байыбай бамыран кал, Келдибековдукундай тагдырды байлыгы менен да, башкасы менен да Кудай адам баласынын башына салбасын...
Бексултан Жакиев

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Мамлекеттүүлүктүн маңызы кайда?” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Анда чоң кылмыш кылды деген Келдибеков бошонгонун, андан кем эмес кылмышы бар деп сотко кеткен Өмүркулов да бошонуп, ого бетер оюн салып турганын, анын ою боюнча Өмүркуловду бошотуу үчүн Келдибеков бошотулганын айтуу менен "Келдибеков демекчи, азыр түрмөдө жүздөгөн адамдар бутту мындай кой, жүрөгүнөн, өпкө, боорунан ооруп жатканын, рак оорусуна чалдыккандар да барын, эмне үчүн ошолор бошонуп, Германияга барып дарыланбайт? Эми ооруса да байлар оорусун, кылмышты жасаса да байлар жасап, түрмөдөн байлар бошонсун”, - деп жаны кашайды.Азимбек Бекназаров “Президент бийликти мен башкарып жатам деген менен реалдуу бийлик Текебаевде” деген ат менен маек куруп, Акматбек Келдибеков, Абдил Сегизбаев, Жоомарт Оторбаев, Адахан Мадумаров тууралуу ойлорун ортого салды.

Баратбай Аракеевдин экинчи макаласы намазга жыгылып, Кудайды эстеп, жакшы тилек кылгандарга акаарат кылбастыгын, бирок намазга жыгылып, эл көзүнө Кудайга жакын көрүнгүсү келип, элдин көзүнө топурак чачкан чоңдор арбыганын, өткөн намазда шаар мэри Кулматов жүргөнүн, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жүргөнүн.., ал арада Орусиядан келаткан цистерналарды казак бийлиги өткөзбөй, күйүүчү майдын баасы асмандап баратканын, жалпыга маалымдоо каражаттары Назарбаев менен Атамбаевдин кофе ичип, сырдашканын далай ирет даңазалаганын, эгер чын эле эки президенттин мамилеси ысык болсо, эмне үчүн казак тарап кайышып, Оруссия берген майды басып алып өткөзбөй жатканын түшүнө албай турганын, муну бир эле Баратбай эмес, жалпы эл түшүнө албай турганын белгилеп, адам намаз менен, орозо менен, ажылык менен ниетин оңдой албасын, адегенде ниетти оңдоп туруп, анан намазыңа да, башкасына да жыгыла берсең болорун жазды.

“Фабуланын” бул санына Кыргыз Респбуликасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө кимдин милдети?” деген макаласынын 2-бөлүгү жарыяланып, автор “дүйнөдө эч кимдин колунан келбеген уникалдуу операцияларды жасап айыктырат” деген атактуу хирургубуз Сабыр Жумабековдун колунан айыкпаган Келдибеков эми чет өлкөдөн дарыланмай болгонун, Жумабековдун дарыгердик бедели түштү деген какшык пикирлер пайда болгонун белгилеп: “акыры табаарың оору болсо, байыбай бамыран кал, Келдибековдукундай тагдырды байлыгы менен да, башкасы менен да Кудай адам баласынын башына салбасын, сыркоосунан сакайып кетсин, ушундай эле дүнүйөкорлук, ач көздүгү араандай ачылган арамдыктан кыргыз элин сактасын, анткени дүнүйөкорлукка азгырылган элде өзүмчүлдүк күч алат, биримдик болбойт, эгер Келдибековдун күнөөсү жок болсо, сот аркылуу башы азаттыкка чыксын. Күнөөсү болсо жигитчилигин көр дүйнөгө кор кылбай, арам мүлкүн мамлекетке өткөрүп баса берсе, эл да кечирет эле го аны! Жакшылыктын үлгүсү катары кадыр-баркы да кайра көтөрүлөт эле го! Көр дүйнөнүн кумарынан баш тартыш кыйын, антиш ар кимдин эле колунан келбейт. Эгер Акматбек батынып, ошондой эрдикке бара алса, мен аны колдон-буттан алып колдоого даярмын”, - деп айтты. Эл жазуучусу Бексултан Жакиев андан ары Кыргызстан деп күйүп-жанган адистерди жашына карабай конкурс аркылуу тандоого өтсөк, 23 жылдан бери келаткан шылуундар четке сүрүлүп, ишке жарактуу кыз-жигиттерге жол ачылмагын билдирди.

“Элим барсыңбы?” деп аталган коомдук фонддун жетекчиси Хабибула Арзыкуловдун “Саясатчылар жардам сурап кайрылгандарга жардам бербей, кайра бизге жөнөтөт” деген интервьюсу да ушул санда.

XS
SM
MD
LG