Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:45

Саясатчылар коомдун "шишигиби"?


“Көк асаба” гезити адамдардын ыйманы кантип ыдырап баратканын жазуучу Абдымамбет Сариевдин макаласы аркылуу сөз кылды.

Бүгүн жарык көргөн “Планета” гезити жаңы санын “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” деген рубриканын алдында журналист Тынчтык Алтымышевдин “Оштун ээси-эл, опурулбай, эсиңе кел!” деген макаласы менен ачып, ушул кезге дейре Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун ишмердигин журналисттер колдоого алып, түштүк борбордун күн санап оңолуп, жаңыланып баратканын айтып да, жазып да түгөтө албаганын, мэрдин да кайсы бир кокту-колоттун эмес, улуттун ишмери катары өзүнө аброй топтоого кылган аракети байкалып, көптүн көңүлүн агартып келгенин, бирок Ош шаарында өткөн митингде анын саясий көз карашынын али жетиле электиги, турмуштук позициясы дагы эле калыптана электиги, акылын ачуусу ала качып кетери шардан болгонун, Мырзакматов базарды же дүкөндү менчиктеп алгансып “Ош меники!” деп сүйлөп опурулганын сынга алуу менен Кыргызстандын кайсыл шаары болбосун анын ээси мэр эмес, эл экенин анын эсине салып өттү.

“Планета” гезити ошондой эле Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообековго да кылмыш иши козголгонун, ушул жуманын акырына чейин өкмөт мүчөлөрүнүн бир канчасына кылмыш иши козголорун, анын башында энергетика министри Осмонбек Артыкбаев тураары белгилүү болгонун, чындап эле өлкөдө коррупцияга каршы күрөш ала-буласы жок эле башталганын кабарлады.

“Жылдыз апче жылжытты” деген кабарда кечээ журналисттер менен жолуккан учурда депутат Жылдыз Жолдошева Өмүрбек Текебаевдин үстүнө ашаткыны аябай төгүп: “Ал коомдун айыкпаган шишиги” деп жибергенин, айымдын айтымында, коррупция боюнча бийликтин күрөшүнө, “Ата-Журт” партиясындагылардын кезектешип сот жообуна тартылып жатышына дал ушул Текебаев күнөөлүү деп айтканын жазган гезит: “Жылдыздын мунусун угуп биз да коомчулукка кайрылалы деп чечтик. Эл баарына калыс эмеспи. Чын эле Жылдыз Жолдошева менен Өмүрбек Текебаевдин кимиси коомдун шишиги?” деп суроо салды.

Кезинде генерал Исмаил Исаков Кыргызстандын жападан жалгыз мекенчил, акактай таза, элдик уулу катары таанылып, жалпы кыргыз журтунун сүймөнчүлүгүнө айланганын, бирок бүгүн ошол КСДПнын тизмеси менен депутат болгон Исмаил Исаков азыркы бийликтин айыгышкан каршылашына айланып алганын, Исмаил мырза кезинде Бакиевдердин куугунтугуна кабылып, абакта жатканда дал ушул КСДП, Ата Мекен партиялары анын бошотулушун талап кылып, абалын сурап, оор күндөрдө моралдык жактан колдоп турганын бүгүн ал такыр унутканын, бүгүн ал ошондо аны колдомок тургай Бакиевдердин канатында жан багып жүргөн Акматбек Келдибековдун таламын талашып, ага карата кылмыш иши мамлекетке 40 миллионго жакын зыян келтиргендиги үчүн козголуп жатканына карабай күйүп-бышып атканы элди таң калтырып жатканын жазды.

“Көк асаба” гезитиндеги маегинде жазуучу Абдымамбет Сариев кыргыздын кыз-келиндери жылаңачтанып бийлебегенин, Ален Далестин “ЦРУ СССРге каршы” деген китебинде: “Адабият, кино, театр-баары адамдарды жийиркенте турган сезимдерди даңазалап чыгышы керек. Муну менен биз адамдардын жан дүйнөсүнө болуп көрбөгөндөй бузукулуктарды, секс, зордук-зомбулук, садизм, саткынчылыкка табынууну таратып, мээ кайык сүрөткер сөрөйлөрдү ар тараптан колдоп, даңазалап турууга тийишпиз. Элдерди бала кезинен, жаштайынан бузукулукка үндөп жетилтебиз. Биз мурдагы совет адамдарынын урпактарынан бетпак, абийирсиз, ата-энелерине баш бербеген, ыймансыз космополиттерди чыгарабыз” деген сөзү бүгүн КМШ өлкөрүндө, анын ичинен Кыргызстанда кантип иш жүзүнө ашып келатканын кеп кылды.

“Көк асаба” гезити журналист Азизбек Келдибековдун “Жаңы борбор, өнүккөн борбор керек!” деген макаласын окурмандардын ой элегине салды. Борбор шаарды жаңы аймакка көчүрүп салган тажрыйба дүйнөнүн көп жерлеринде кездешерин мисалга тарткан журналист Кыргызстандын борбору - Ош же Талас, Нарын же Көл да боло албастыгын бир катар жүйөлүү далилдер менен бекемдеп келип, борбор шаарга ылайыктуу жер дал ушул Чүйдүн өзүндө барын, ал–Кыргыз Ала Тоосу менен Басбөлтөктүн ортосунан орун алган Байтик өрөөнү экенин, тегерегинде Таш-Дөбө, Чоң-Таш, Арашан, Байтик өңдүү көптөгөн айылдар жайгашканын, дал ушул аймакта жаңы борбор үчүн шаардын генералдык долбоорун түзүп, жалаң көп кабаттуу үй курууну пландаштырса, тез эле гүлдөгөн шаарга айланып кетмегин, ошондуктан бүгүн Бишкектин айланасы менен ичиндеги курулуштарга мораторий жасап, жаңы курулуш объекттерин салабыз дегендердин баарын жаңы борборго багыттоо керектигин, жаңы борбор кыргызды талап-тоноп, ичип-жеп келген, өз кара башынан башканы ойлобогон каракчы саясатчылар үчүн эмес, жаңы муун, жаштар үчүн керектигин белгиледи.

Таланттуу гитарист Темиралы Кунашев ушул “Көк асаба” гезитине “Тагдырымдын үнү мени Абдыкадыровго жетелесе, тили Айтматовго алып барды” деген ат менен интервью берип, Айтматов менен Абдыкадыров кыргыз үчүн чоң маданий мурас калтырып кеткенин кеп кылды.

“Кыргызфильм” киностудиясынын деректири Таалайбек Кулмендеевдин “Кайдан-жайдан “кинону сактоочулар” пайда болгонуна таң калам” деп аталган маеги басылды.
XS
SM
MD
LG