Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:24

Келдибековго буйруган түштөгү токоч


Гезиттер бирин-бирин күнөөлөгөн, бири экинчисин танган саясатчылардын айткан-дегендерин жарыялашууда.

“ПолитКлиника” гезити Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп жүрүп, “колго түшпөс №1 киллер” атка конгон Айбек Нарматовдун аты коюлган такта көчөгө илинип, бул ишти Кара-Суу райондук прокуратурасы иликтей баштаганын, Жаза аткаруу башкармасынын төрагасы Зарылбек Рысалиев депутаттар Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековду мародер катары депутаттыгынан ажыратып берүүнү суранса, тигилер Рысалиевдин кайрылуусундагы 10 пункттун бири дагы далилденбегенин айтып чыкканын жазды.

Гезиттин бул санында Туратбек Мадылбеков “Рысалиевди сотко берем” десе, Райкан Төлөгөнов “Батукаев чечен кызга үйлөнүп, Рысалиев ага өкүл ата болуптур” деген ат менен маек курушту. Ушуга улай эле Зарылбек Рысалиев: “Мени өкүл ата коюптурбу? Анда барып колдоруна алтын шакек тагып келейин. Мадылбеков менен Төлөгөновду кошуп ээрчитип алып барайын” деп жооп кайтарды.

“Азия ньюс” гезити өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин “Бүгүнкү оппозицияга эл ишенбейт” деген маегин тартуулады. Ошону менен бирге эле Курманбек Бакиев катуу ооруга чалдыгып, күндөн күнгө ыраңы өчүп, арыктап баратканын, Жалал-Абад милициясы кайрымдуулук иштерди жасаганын кабарлады. Азирети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин “Ажылыкка атүгүл “каралар” да өз кишилерин кошууга далалат кылышты” деген аталыштагы маегин тартуулады.

“Айат” гезити Кыргыз метеорологиялык институттун деректири Зарылбек Итибаевдин билдирүүсүнө таянуу менен быйылкы кыш Кыргызстан үчүн оор болбостугун, кыш Орусия менен Европада кыйын болушу мүмкүндүгүн маалымдады.

Гезит ошондой эле Мухтарбек Өмүракунов атындагы “Жыл мыктылары” сыйлыгы сынак жарыялаганын, 6 номинация боюнча интернет добуш берүү башталганын жар салды. Ушул эле гезитке саясатчы Бегалы Наргозуевдин “Бүгүн бийлик Кыргызстанды күч структураларына жана криминалга таянып башкарам деп жатат” деген ат менен маек курду.

“Асаба” гезити бул санын “Атамбаевдин "Кумтөрдө" “долясы” барбы?” деген макала менен ачты. Депутат Равшан Жээнбеков “Бийлик саруулуктарга криминалды колдонуп, элдин кыжырын кайнатып жатат” деп айтса, Саруу айылдык кеңешинин депутаты Улукбек Үсөналиев “Жапаровдун кишилерин жумуртка менен кууду” деп, айыл тургуну Өмүрбек Абдыкеримов “Өкмөт Кумтөрдү чече албаса кетсин. Элдин эки эле талабы бар. Биринчиси - экологиялык катастрофаны токтотсун. Экинчиси - "Кумтөрдүн" 67-70 проценттен кем эмес үлүшү Кыргызстанга берилсин!” деп айтты.

“Асаба” гезитиндеги маегин Акылбек Жапаров “Экономикалык өсүштөрдүн баары кагаз жүзүндө эле калууда” деп атаса, депутат Өмүрбек Текебаев “Мародерчулукту “Кумтөр” менен жаап коём дегидей көзү ачык эмесмин да” деп атады.

“Асман press” гезити саясий аренада “Күчтүү кыймыл”, “Кыргыз биригүү кыймылы”, “Каршылык көрсөтүү кыймылы” деген кыймылдар пайда болгонун, булардын башында Кубатбек Байболов, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Суваналиев жана башкалар турганын эске салып, айрым адамдардын бул боюнча оюн укту.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев: "Кыймылды түзгөндөрдүн саясий таржымалын эл-журт жакшы билет. Убагында мурдагы бардык бийлик менен иштеп чеке жылытарлык иш кылышкан эмес. Биздин өлкөдө оппозиция болуш кыйынчылыкка турбай калды",-деп;

“Эркин эл” партиясынын мүчөсү Максатбек Казакбаев: "Азыркы кезде бул чоң саясатчылардын башынын биригип жатышын эң туура деп эсептеш керек",-деп;

Коомдук ишмер Акылбек Жапаров: "Күчтүү оппозиция болуш үчүн өкмөттүн же президенттин программаларына каршы күчтүү программалары болуш керек. Кайсы кыймыл бийликке келсе да, келбесе да жакшы-жаман жагы болот. Тилекке каршы бийликке жетип алып, эмне кыларын билбей калган заман болуп жатат",-деп жооп берди.

“Арена KG” гезитине маек курган вице-премьер министр Токон Мамытов “Кумтөр” маселеси боюнча кеп салып, Турсунбек Чыңгышев, Насирдин Исанов, алтын боюнча 1-комиссиянын башычысы Турдакун Усубалиев жана башкалар тууралуу айтып чыкты.

Депутат Жылдыз Жолдошева маегин “Түшүмдө Курманжан энем Бакиевдин колундагы токочту алып Келдибековго берген” деп атады.

“Учур” гезити “Батукаевдин кандай жол менен кеткендигин жана ага кимдер өбөк-жөлөк болгондугун билем. Атахановдун тиешеси бар экенин ачык эле айтылды. Бирок менин бул ишке эч кандай тиешем жок” деген ат менен генерал Мелис Турганбаевдин маегине орун берди.

Ушул эле санга өкмөттүн Ысык-Көл обулусу боюнча өкүлү Эмил Каптагаевдин “Балдар мени мууздап өрттөп салууга даяр болчу” деген аталыштагы интервьюсу басылды.
XS
SM
MD
LG