Аталган гезиттеги “Жантөрө Сатыбалдиевдин ордуна Марат Султанов же Ахматбек Келдибеков келеби?” деген бир макалада автор Курмушу Боронбаев саясат иликтөөчү Кирилл Степанюктун маалыматтык-аналитикалык порталына макала жарыяланганын, анын айтуусу боюнча, Сатыбалдиевдин өкмөтү отставкага кетип, анын ордуна өкмөттүн башына вице-премьер Тайырбек Сарпашев келери тууралуу сөз болгонун мисалга тартат. Бирок анын келиши оппозицияны соорото албастыгын, ошондуктан бийлик каршылаштарын соорото турган фигуралар Марат Султанов менен Ахматбек Келдибеков болушу мүмкүндүгү тууралуу сөз болот.
Гезит “Медалдын экинчи бети” деген рубриканын алдында Бостери айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Замир Үчкурткаев менен интервью басты. Ал “Чындыкты издеген Чынара Молдошеванын ыплас жоруктары” деген ат менен жарыяланып, өткөн аптада жергиликтүү активист Чынара Молдошеваны башка атып кеткен окуяны, буга байланыштуу ар кандай версиялар айтылып, анын ичинде Бостери айлы өкмөтүнүн мурдагы башчысы Замир Үчкурткаевге да шектенүү болуп аткандыгын кабарлоо менен анын өзүнүн айтып бергендерин тартуулады. Маекте ок жаңылган Чынар Молдошеванын ким экенин эл-журт жакшы билерин, ал эми Замир Үчкурткаевден шектенип жаткандардын баары жалган жалаа экендигин айтып берген.
Аталган гезит өкмөт башчысынын орун басарлары Тайырбек Сарпашев менен Камила Талиева тууралуу айрым адамдардын ойлоруна да орун берди.
Бекбол Айдаров аттуу автордун макаласы “Каркыра” элдик кыймылынын балдары Жумалиевге катуу нааразы” деген ат менен жарык көрүп, анда Акаевдин тушунда катардагы лаборанттыктан өкмөт башчылыгына чейин жеткен Кубанчыбек Жумалиевдин буга чейин ызы-чуу боло баштаган окуясы жөнүндө кепти кайрадан улантты.
Гезитке милициянын подполковниги Афтандил Кадыркуловдун “Бажы биримдиги – кыргызга диверсиялык согуш!” деген макаласы да жарыяланды. Автор макаласын баштаганда эле: “Эгер Орусия бизге чын дилинен адамгерчиликтүү мамиле кылса, анда эмне үчүн мамлекетти талап-тоноп, сызга олтургузуп кеткен 1-президентибизди катып жатат? Эгер ошол эле Бажы союзундагы Белоруссия бизге адамгерчиликтүү мамиле кылса, Ала-Тоо аянтына бейкүнөө балдардын канын төгүп туруп баса берген көркоо президентибизди эмне үчүн миллиондогон долларлык виллага жашатып, бербей келет? Эгер Казак туугандар адамгерчиликтүү болгондо бизди уурдап-тоногон күйөө балдарды, шылуундарды бизге бербей, катып олтурбайт эле го? Ушундайларынан улам мен бул мамлекеттердин Кыргызстан үчүн чын дилинен күйүп жардам кыларына такыр ишенбейм”, - деп жазып чыкты.
Бул гезитте Ош шаарынын тургуну Тажикан Өмүрзакова аттуу автордун “Оомат” деген макаласы да жарык көрүп, макалада Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун ишмердиги, ал келгени Ош шаарына да оомат келгени, шаар шаар болуп кадимкидей оңолгонуна токтолду. Адегенде эле жөө жолдордогу иретсиз салынган майда кафелер алынып, тартипке салынганын, балдардын ойногонуна аянттар жасалып, шарт түзүлгөнүн, ага дейре каралбай жаткан парктар тазаланып, түнкүсүн күйүп турган шамдар орнотулуп, кишилер эс алып, олтура турган орундуктар коюлганын, Сулайман тоосунун этегине Алымбек датканын комплекси жасалып, жанына тарыхый-этнографиялык музей койкоюп, шаардын жашоочулары менен меймандар тынбай каттаган жайга айланганын, айтор шаар башчысы Мелис Мырзакматов Ошту кайрадан калыбына келтирип, жаңырган шаар кылыш үчүн зор эмгек жумшап иштеп жатканын кенен кеп кылды.
Журналист Сурат Жылкычиевдин фото сүрөттөр менен коштолгон баяны “Кызыл Туу айылына, “Кийиз дүйнө” фестивалына келгиле?” деп аталды. Анда “Кийиз дүйнө” деп аталган фестивал ушул айдын 22си менен 23үндө Тоң районунун Кызыл-Туу айылында өтөрүн, алыскы Америка, Австралия, Жапония өлкөлөрүнөн да меймандар келатканын, максат кыргыздын байыртан берки турмуш-тиричилигинде колдонулуп келаткан салттуу кол өнөрчүлүгү болгон кийиз ишетүүнү даңазалоо болуп саналары баяндалды.