Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:37

Энеге атылган ок


“Планета” гезити КСДПнын мүчөсү, депутат Чынара Молдошеваны башка атып кеткен окуяны баяндады.

“Планета” гезити жаңы санын адаттагыдай эле “Оңтойсуз суроолор” менен баштап, Ички иштер министри Абдылда Суранчиевге кайрылып, ушу тапта уюшкан кылмыштуу топтор ич ара жандана баштаганын, алтургай ушундай топтун арасындагы “Дөө Чыңгыз” деп аталган жигиттин тобу Кой-Таш айылынын үстүндө жума сайын бута атып, машыгып атканын көргөндөр барын сөз кылып: “Мына ушундан сиздин кабарыңыз барбы, же уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен тил табышып алдыңыз беле, мындай шалаакылыгыңыз менен кыргыз элинин убалына калбайсызбы?” деген суроону койду.

“Планета” гезити андан ары жайдын ысыгы деп жамбаштап жатып албастан оппозициялык көз караштагы саясатчылар тымызын жолугуп, көк чай ичкенче көп нерселерди пландап атса, бийликтегилер да антиоппозициялык пландарын иштеп атканын, айрым бир маалыматтар боюнча, октябрдын башында коалициялык силкинүү болуп, “Ата Мекен” фракциясы сыртта калып, ордуна “Республика” фракциясы келерин, анткени Өмүрбек Текебаевдин командасынан мародерчулукка тиешеси барлар аныкталып, аларды сот жообуна тартуу башталарын, ошону менен жаңы коалициялык өкмөт түзүлүп, Сатыбалдиевдин ордуна Тайырбек Сарпашев көрсөтүлөрүн, Өмүрбек Бабанов болсо Бишкек шаар башчылыгына барарын, ал эми Иса Өмүркулов өкмөттөгү вицелик кызматтын бирине илээшип калышы ыктымалдыгын, ошону менен бирге эле депутат Карганбек Самаков да өкмөттүн инвестиция тармагына баш көз болорун кулагыбыз чалды деп жазды.

Журналист Тынчтык Алтымышевдин макаласы “Энеге ок атылды, бийлик билмексен...” деп аталып, КСДПнын активдүү мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты, акыйкатчынын Ысык-Көл району боюнча өкүлү, 63 жаштагы Чынара Молдошеваны атып кеткенин, ок мурундан кирип, көк желкеге келип токтоп калганын, бул киши көптөн бери эле жергиликтүү бийликтин деңгээлиндеги коррупциялык иштерге каршы чыгып, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери, пансионаттар, объектилер боюнча чыркыраган чындыкты коомчулукка ачык айтып келгенин, акыркы күндөрү кайрадан баш көтөрө баштаган криминалдар жөнүндө айкын билдирүүлөрдү таратып келгенин баяндоо менен: “Бийлик буга көнүмүш адатынча кайдыгер абалда карап турат, демек бүгүнкү бийликке баары бирби, ушундан улам аргасыздан бир кездери парламент депутаттарын биринен сала экинчисин көчөдөн эле ит аткандай атып кетип турган Бакиевдин бийлиги эске түшөт экен” деп белгиледи.

“Алиби” гезити Кубатбек Айбашовдун “Күттүргөн күз, күтүүсүз жагдайлар” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Автор макаласында дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө басылбай келаткан башаламандыктарды талдоого алды. "Борбордук Азияны саясий чаң-тополоң капташы мүмкүнбү?" деген суроого жооп издеген автор, бул аймакта туруксуз абалдын түзүлүшүнө АКШ менен Батыш өлкөлөрү азырынча кызыкдар эместигин кеп кылды.

“Алиби” гезити Таластан жазган Асылбек Анарбаев аттуу автордун “Соттор адам тагдыры менен ойногонун коюшпайбы?” деген аталыштагы катын жарыялады.
Бишкек шаарынын тургуну Зарида Арапова аттуу аялдын каты дагы эле ошол соттор тууралуу болуп, “Жактоочу катын” менен “Жактоочу братанды” суракка алган сот” деген ат менен тартууланды. Бул санда “Алиби” гезити азыркынын алп акыны Анатай Өмүркановду Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтөт” деген жалпы теманын алдында акындын чыгармачылыгын кыскача баяндаган макалага орун берип, өмүр баянын дагы бир ирет тартуу кылды.

Белгилүү публицист, акын жана тарыхчы Байас Туралдын улут тагдырына жүрөгү ооруган макаласы “Кыргызстандын тагдырын чечүүчү окуяны уктум” деген ат менен жарык көрдү. Макала “СССРдин башына ЦРУ даярдаган адам келген”, “ЦРУда Орто Азия мамлекеттерин талкалоо программасы бар”, “Кыргызстанды кыйратуу үчүн сырткы күчтөр анын 7 кемчилигин пайдаланат” деген подтемалардан турат.

Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, илим доктору Абдыкадыр Садыковдун тууган жерине арналган баяны “Айланайын Ат-Башым” деген ат менен жарыяланды.

Публицист Топчугүл Шайдуллаеванын “Пирим” деген аталыштагы ой толгоосу да ушул санда.
XS
SM
MD
LG