“Жаңы агым” гезити “Икрамжан Илмиянов премьер-министр болобу?”, “Өкмөт элдин көзүн будамайлоону улантууда”, “Үйүндө тынч отуралбаган, ОБОНчу эмес энелер” деген баштемалар менен бүгүнкү санын ачып, Американын мурдагы коргоо министри Дональд Рамсфелддин Кыргызстанга жөн эле келе койбогонуна ишенүү кыйындыгын, кызматтан шыпырылмай кезеги Аида Саляновага жеткенин гезиттин ишенимдүү булактары шыбырап жатканын, ал арада Америка элчилиги транзиттик борборду калтыруу максатында барандуу саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү баштап, Өмүрбек Текебаев, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Ахматбек Келдибековду кабыл алып, Текебаев аркылуу президент менен сүйлөшүү жүргүзгөнү калганын, Мелис Мырзакматовдун атын укса эле борбордук бийликтин итиркейи келерин, бирок Ош шаар мэринин жасап аткан иштерин кандай мактасаң да жарашарын, Мелис мугалимдерди салыктын свет, суу, жол кире, таштанды сыяктуу жети түрүнөн бошотконун жазып чыкты.
“Алиби” гезити бир топ бетин абактан иши кыскартылып чыккан депутаттардын айланасындагы кепке арнап, анан бирин “Ташиев, Жапаров, Мамытовдун акталышы чындыктын ишке ашканыбы же бийликтин алсыздыгыбы?” деген теманын алдында айрым жарандардын ойлоруна орун берди. Акын Темирбек Алымбеков адаттагы “Архивийарнография” ырында Камчыбек Ташиевди минтип тамашалап: “Ак үйдү жөөлөп буурадай, Айыртып алаң куурабай... Чырсыз жүрсөң эмине, Чыңгызханды туурабай” деди.
Булардан тышкары журналист Канышай Мамыркулованын “Кара тизмеге түшө турган адамдар Кыргызстандын тагдырын чечүүдө”, “Коррупцияга батып, криминалга чырмалган Кыргызстан” макалаларын, депутат Феликс Куловдун “Үсөн Кудайбергеновду Рысбектин балдары өлтүргөн” деген аталыштагы интервьюсун, журналист Дүйшөн Керимовдун “Аида Саляновага асылгандарга” деген макаласын окууга болот.
24 бет менен жарыккка чыккан “Планета” гезити бул санын бир катар аткаминерлерге “Оңтойсуз суроолорун” берди. “Куш кабар” деген бөлүмдө “Турсунбек Акундун уулу да рейдерби?”, “Камчыбек келечек ажо экенине катуу ишенип алыптыр”, “Мародерлордун маңкасы агабы?”, “Султан Макашовдун иши сотко өттү” деген майда маалыматтар бар.
Депутат Бөдөш Мамырова маегин “Кумтөрдүн абалын көрүп, чайналып атканыбызга кабыргам кайышты” деп атап, жакында Кумтөрдө болуп кайтканын, жергиликтүү эл “Центерра Голддун” жетекчиси Майкл Фишердин так өзүнө “Кенди элдин пайдасына чечкиле, 70 процент акцияга өлкөбүз ээлик кылсын. Макул болбосоңор башыбызды сайдык. Кумтөр үчүн акыр-аягына чейин турабыз. Эже, силер туура маалымат берсеңер” дешкенинен “мен силерди алдабайын, президент мени кабыл албайт. Ал адамдын кабыл ал турган өз депутаттары бар. Эгерде ошондон майнап чыкпаса, Жогорку Кеңештин трибунасынан гана айталам” дегенин, кечээ Кумтөргө барган 4 депутат Данияр Ильичке киргенин, ал президент Түркиядан келери менен болгонун болгондой, төкпөй-чачпай жеткирем” деп убада бергенин айтты.
“Де-факто” гезити бул санын “Жети-Өгүз менен Жалал-Абаддагы окуялар Кумтөр үчүн эмес, абактагы депутаттардын кызыкчылыгы үчүн жасалган беле?” деген баш тема менен ачты. Гезит адам укугун коргоо деген шылтоо менен “Хьюман Райтс Вотч” деп аталган эл аралык уюм 2010-жылдагы июнь окуясынан баштап Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкен ар кандай билдирүүлөрдү таратып келатканын эске салды.
Мурдагы вице-премьер-министрлердин бири, экономист Базарбай Мамбетовдун маеги "Жаңы экономикалык саясатты иштеп чыгып ишке киргизбесек, экономиканы биротоло талкалап алабыз” деп аталды.
“Фабула” гезити жакынкы жумада сенсация болорун, күнү кечээ Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөнов кармалганын, имиш-имишке караганда жанынан Жаныш Бакиевге таандык винчестер чыкканы кеп болуп атканын, депутат Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков кылтакка илиниши мүмкүндүгүн, кокус иш дагы терең кетчү болсо, Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер дагы сурак берип калышы ыктымалдыгын, ушундан улам “атамекенчилер” “бизге каршы чабуул токтобосо, коалициядан чыгабыз” деп коркутуп жатканын, айтор Ак үйдө абал тынч эместигин чакан кабарында маалымдады.
Баратбай Аракеевдин кезектеги макаласы “Төрт жылда наадандар түзгөн наадандык Кыргызстанды жоготпойбу?” деген аталыш менен жарык көрдү.