Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:35

Саясатта оюн, чек арада чыр


Шейшемби күнү жарык көргөн гезиттерге сереп.

“Алиби” гезити Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, “Жин” деген каймана аты бар Алтынбек Арзымбаев деген "азамат" бирөөнү бутка атып салып чуу чыкканын, анан сот болуп, Жин шарттуу түрдө 1 жылга кесилгенин, бирок соттун чечимине макул болбогон депутат: “мен аткан эмесмин, тапанчам өзү эле атылып кетип анын бутуна тийген” деп актанып атат деп жазды.

Гезит "акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан алчубуз дегендерге каршы болуп, 68 адам Кыргызстандын жарандыгынан баш тартканы жаткандыгын, мына ушундайлардын бири Мирлан Ормуков: “Качып кеткен Батукаев биринчи кылмышкер эмес, ага чейин эле качып кеткен Кадыржан Батыров, Акмат Бакиевдерди качыргандар эмне үчүн эмгиче жазаланбайт? Эмне үчүн Турсунбек Акунга асылышат?” деп маселени талуу жеринен кое баштаганын" да жазып, жогор жак депутат Галина Скрипкинаны башкы прокурор кылып, Аида Салянованы Юстиция министрлигине алып барганы жаткан имиш, бирок ал жердеги министр Шыкмаматовдун айласын табалбай жатыптыр” деп маалымат таратты.

Аталган гезиттен булардан тышкары өз кабарчы Кубатбек Айбашовдун “Баткен облусун жоюшабы же коюшабы?” деген, журналист Канышай Мамыркулованын “Көк бычак көтөрүп, көчөдөн коркутуп...” деген макалаларын жана башка материалдарды окууга болот.

“Фабула” гезити журналист Алмазбек Темирбек уулунун “Баткен облусун жоюу менен чек ара көйгөйү чечилбейт” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Гезит: “2010-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаева “Түндүк Сох” жана “Чоң-Гара - Галча” мунай бургулоочу жайларын өзүбүзгө өткөрүп алуу буйругун чыгарганын, бул боюнча Жогорку Кеңеш 2011-жылы токтом кабыл алганын, бирок токтом аткарылбай, мунай чыккан жайлар эмдигиче кайтарыла электигин, газ менен мунайы бар 262 гектар аянт бул аймактын Кыргызстандыкы экенин Өзбекстан деле тааныганын, бирок ар кандай шылтоо менен тиешелүү жер Баткенге кайтарылып берилбей келатканын жазды.

Автор андан ары: “Өлкө жетекчилери Өзбекстандын жетекчилери менен тең ата сүйлөшкөнгө күчү жетип, газ менен мунай чыккан аймактарды Кыргызстанга кайтарып ала турган болсо Баткен облусу эч качан бүгүнкүдөй болуп дотацияда олтурмак эместигин, облустун экономикасы кубаттуу болсо чек ара маселеси да жеңил чечилмегин, айрымдар сунуш кылып аткандай Баткенди жоюп, Лейлек экөөн борборго каратып салуу менен маселе чечилбестигин, минтип арга издегенден көрө бийлик башында тургандар коңшулар менен орой көз чарай сүйлөшүүлөрү керектигин белгиледи.

Депутат Абдыманап Кутушев “Ички иштер министрлигин реформалоо кыйын. Ал өтө булганган” деген ат менен интервью берип, күч түзүмдөрүнүн баары 20 жылдан бери коррупциялашып бүткөнүн, маселен Коопсуздук кызматындагы акча түшө турган контробанда, бизнес жана ушул өңдүү функцияларын башкага алып, УКМК бир гана чалгындоо ишин алып баргандай кылуу сунушун айтты.

“Кыргыз туусу” гезити “Кыргыз саясатчылары кызылдар менен актарга бөлүнгөн оюнду ойноп жатышат” деген баштема менен бүгүнкү санын ачып, журналист Болотбек Таштаналиевдин “Кыргызстан: бир эл, бир өлкө, бир тагдыр” деген макаласын сунуштады.

Макаланын автору: “Биз Манастын эли деп аталууга татыктуу эмеспиз. Манастын эли болуу өтө чоң жоопкерчилик. Ал эми бүгүнкү кыргыз саясатында Манастын тукумуна караганда Абыке-Көбөштүн тукумдары арбын. Манас кыргыздын башын кошуп, кыргыз мамлекетин түптөсө, Абыке менен Көбөш кыргыз мамлекетин талкалаган. Мына трагедиянын өзөгү каякта? Тектүү жерден эл башкарам деп чыккан эл башчы элге адилет, калыс, кайрымдуу болот. Эгер ал кул тукумунан чыкса кайрымсыз келет, өз кызыкчылыгынан башка эч нерсени ойлобойт, кара башын, кара курсагын гана ойлойт, көр дүйнөнүн кулуна айланат” деп айткан “Улутман” саясый партиясынын төрагасы Сазыкбай Турдумалиевдин сөзүн мисалга тартты.

Ушул эле санда журналист Жыпар Исабаеванын элеттик ишкер Эмилбек Сүйүтбековдун жакшы иштерин жар салган баяны, окумуштуулар Макелек Өмүрбай уулунун жана Таалайбек Абдиевдин кызыктуу макалалары басылды.
XS
SM
MD
LG