Кыргызстанда 10 миң кишиге 24 гана дарыгер туура келерин, жаш медиктер элет жерине барып иштөөдөн жаа бою качарын, Ошто “Ошфильм” киностудиясы ишке киришкенин, коңшу Тажикстанда 56 миң кыргыз жашарын, дүйнөдө эң иштерман калк кытай экенин, кытайлар бир күндө 3 эле саат эс аларын, адам баласы барып жашоого мүмкүн деген дагы бир планета табылганын, ал Жер шарынан 49 жарык жыл аралыктагы алыстыкта турарын, окумуштуулар Глизе деп аталган бул планетада суу бар деп жатканын, инвесторлор Кыргызстанга келүүдөн коркорун, СССРдин Кыргызстан менен Тажикстандан бөлөк дээрлик бардык өлкөлөрү Бүткүл дүйнөлүк банктан насыя акча алуу менен өнүгүп жатканын, тилекке каршы Кыргызстан жакырдыгы боюнча Африка өлкөлөрү менен бир катарда келатканын бүгүн жарык көргөн “Барометр” гезити майда кабарлары аркылуу маалымдады.
Ушул эле гезит медицина илимдеринин доктору Мукаш Бейшембаев менен тамеки тартуунун зыяны туурасында аңгеме курду. Профессор 10 эле жыл чылым чеккен кишинин өпкөсү чылым чекпеген адамдын өпкөсүнө караганда рак оорусуна 25 эсеге көп чалдыгарын айтып берди.
Айтылуу балдар акыны Токтосун Самудинов менен күлкүлүү маекти журналист Жыргалбек Турдукожоев жүргүзсө, журналист Кабыл Макеш ушул жылдын 7-июнунда белгиленгени турган “Азаттык” радиосунун 60 жылдыгына карата “Азаттык” радиосун түптөгөн Азамат Алтай менен Төлөмүш Жакып уулу жөнүндө айтып берген.
“Барометр” ошондой эле окурмандардын суроолоруна жоопторду басты.
“Июнь окуяларына 3 жыл” деген рубриканын алдында Сымбат Максүтованын уландысы кийинки сандарга калтырылган эскерүү баянынын алгачкы бөлүгү тартууланды.
“Алиби” гезити КСДП менен “Ата Мекендин” тиреши жетчү жерине жетип калганын, айрым депутаттар электр жарыгы үчүн акча төлөшпөй турганын депутат Өмүрбек Абдрахманов шардана кылганын кабарлады.
Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстандын жыртык бюджетине АКШ аскердик базасынан 30 млн. доллар түшүп турарын, мындан тышкары АКШ “Манас” аэропортуна 30 млн. долларга учуучу тилкени бекер куруп бергенин, дагы 30 млн. долларга кароол мунарасын бекер куруп берип атканын, Орусия эгер Кыргызстан аскер базасын чыгарып жибере турган болсо, АКШнын учактарын жайгаштыруу үчүн Ульяновск шаарынан аэропортун, казактар Чымкенттин, өзбектер Навои шаарынын, тажиктер дагы бир аэропортун бергенге даяр турса, биз бекер акчадан кол жууп, анан темселеп көрүнгөн мамлекетке барып 10 млн. эле доллар берип турчу деп жалдырап жардам сурап жүргөнүбүздү белгилеп, “базаны кетиребиз деп Путиндин буйругун аткарып жанталашуунун кереги жок болчу” деп айтты.
“Алибинин” кабарчысы Дайырбек Меймановдун макаласы “Казинолор көмүскөгө кетип, криминал, коррупция күчөдү” деген ат менен жарык көрдү. Автор кумар оюндарынын көмүскөгө кетиши коррупцияны ого бетер күчөтүп жибергени аз келгенсип, мамлекеттин капчыгына далай акча түшпөй калганын, эгер Жогорку Кеңештин кароосундагы “Кыргыз Республикасында кумар оюндарынын ишмердиги тууралуу” мыйзам долбоору кайра каралып, кабыл алына турган болсо, Бишкек шаарынын өзүндө эле жергиликтүү бюджетке 1 миллиардга жакын сом түшүп турарын жазып чыкты.
76 жаштагы Насыйкат Акматбекованын чындык издеп, уулунун атынан кайрылган арызы бир жылдан бери кароосуз жатканы, кары киши укук коргоочулардан ылаажы таппай айласы куруганда арыз-муңун “жок дегенде эл уксун” деп гезиттерге кайрылып келатканы журналист Канышай Мамыркулованын макаласында баяндалды.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдыгына карата жазуучу Бергеналы Базарбаевдин “КУУнун 15-ректору” деген сүрөттүү баяны жарык көрүп, аталган окуу жайдын ректору, курсташы Искендер Исамидиновду жана студенттик күндөрүн эскерди.
Ушул эле сандан кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбайдын “Кыргызчылык - кыргыз руху” деген макаласын окууга болот.