Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Кайдасың, кайрымдуулук?


Бүгүн кыргыз тилдүү коомдук саясий гезиттерден “Алиби” гана жарык көрдү.

Журналист Канышай Мамыркулова “Алиби” гезитиндеги “Кайдасың, кайрымдуулук?” деген макаласында Арча-Бешик жаңы конушунда батирде турган Үмүтай Абдылдаева аттуу келин Ат-Башынын Ак-Муз деген айылынан экендигин, 3 жашар Эламан деген баласын №3 балдар ооруканасында операцияга даярдап жатканын, акчасы жогунан спикер Асылбек Жээнбековго кирип, 1 ай мурда жардам сураганын, Жээнбеков акчадан жардам кыларын айтса, анын Кутман, Темир деген кызматкерлери кайдыгер мамиле кылып акча бербей жатканын, “Кайдыгерлик” деген ыры калың журтка жеткен Шайлообек Дүйшеев чыккан Ат-Башыдан Аскар Салымбеков баш, генерал Мелис Турганбаев төш болгон элге таанымал адамдар чыкканын, бул адамдар ар бир кыргыздын, ар бир атбашылыктын чекесинен сылап каралашканга милдеттүү эместигин, бирок “жакшынын жарыгы элге тиет” дегендей, жалпы кыргыздын кызыкчылыгына кеткен каражаттын бир аз бөлүгү баласынын тагдыры үчүн далбастап, жан айласын таппай аткан акмуздук Үмүтай келиндин муктаждыгына кетсе ашыкча болбостугун сөз кылуу менен: “бул макаланы окуп калышса, аттары аталбай калган намыскөй атбашылык агалар жардамга келет деген ойдобуз” деп жазып чыкты.

“Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков “Менин кабинетимден граната таап чыгышты. Ишти ушундай сабатсыз уюштурушабы?” деп, бул окуя кандай болгонун баштан аяк айтып берди.

Милийсалар анын “7-апрель жана түштүк коогалаңы журналисттин көзү менен” деген китебин барактап, китептердин арасынан гранатанын запалын таап чыгып, “китебиңиз канча нускада чыккан?” деп сурап, анан шаардан эч жакка чыкпоо тууралуу протокол толтуруп тил кат алышканын, ал “мындайда колго кишен салып эле алып кетиш керек эле” десе, “жок, байке, сизге ишенебиз” деп коюшканын, начальниктеринин бирине “уюштурган ишиңерди ушунчалык да сабатсыз жасайсыңарбы?” десе, анысы күлүп койгонун айтып берди.

Ырысбек Өмүрзаковдун айтымында, милийсага Байтик көчөсүндөгү таксофондон кайсы бир аял чалып, эми милийсалар ошол аялды издеп жатышканын, журналист бул ишти жазган китебине байланыштырарын баяндап: “анткени китебимде азыркы бийлик башында отургандардын былыгын чубап чыккам” деди.

КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү, эркин журналист Сабыр Муканбетовдон кабарчы 2010-жылдагы Апрель революциясына катышкан адамдарга “Апрель революциясынын баатыры” деген төш белги тагынгандардын баарына ай сайын миң сомдун тегерегинде жөлөк пул берилерин, ушул туурабы деп сураганда, ал: “акыркы күндө “Апрель революциясына катыштым” деп төш каккандар көбөйүп, бийликте отургандардын эшигин тытмалап, кызмат сурап жүргөндөрдүн аягы суубай калганын кеп кылды.

Сабыр Муканбетов кебин андан ары улап, мына ушундайлардан тажаган бийлик алардын көксөсүн басыш үчүн 3 миңден ашуун адамдын төшүнө калайдан жасалган төш белги жасатып такканын, революция учурунда камалып жаткан лидерлер бийликке келгенден кийин “Апрель революциясынын баатыры” деген медалды адилеттик менен бербей, өздөрүнүн жакындарына, партиялаштарына берип койгон учурлары болгонун, революция түгүл Бишкекке келбеген адамдар жөлөк пул алгандай биздин бюджетте акча сапырылып жатпаганын, жөлөк пул дегенди алты саны аман соо жүргөндөр эмес, революцияда жарадар болгондор, ок тийип каза болгондор, июнь коогалаңында үй-жайынан ажырагандар, майып болгондор алса гана туура болорун, эгер бийлик “революцияга катышкандар чатак чыгарып, дагы митинг кылабы?” деп ойлоп оос басырык катары берип жаткан болсо жаңылышарын, “бирдеме болсо эле “апрелди” ала жыгылып, өкмөткө барып бир нерсе сурап жүргөндү өнөкөткө айлантып алгандар көбөйдү, буларды токтотуш керек” деп айтты Сабыр Муканбетов.

“Андаш майнинг компани” компаниясы жана “Кентор Голд Лтд” филиалы “Алиби” гезитин эмне үчүн сотко бергени Болотбек Таштаналиевдин макаласында сөз болду.

Темирбек Алымбеков макаласын Кыргызстандагы диний билим берүү тармагынын көз жаздымда калганын, бүгүн дүйнөлүк масштабда салттуу исламды ичинен иритүү аракети жүрүп жатканын, мындай шартта мечит имамдарынын тиешелүү диний билимге, болгондо да салттуу исламга таянган билимге ээ болушу Кыргызстанда аба менен суудай керектигин канча жылдан бери какшап айтып келаткан депутат Каныбек Осмоналиевдин сессияда айткандарына таянуу менен баяндады.
XS
SM
MD
LG