Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Жыйындан кийинки ой


“Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу эң эле узакка созулган жана эң эле бүйүр кызыткан маалымат жыйынын президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда өткөрүп, мамлекет башчысы журналисттердин 60тай суроосуна жооп берди” деп белгилеген “Дело №...” гезити айрым суроо-жооптордун өзгөчө олуттуу деп санагандарына түшүндүрмө берди.

Президент газ, свет тууралуу айтып келип, чынында эле 2015-жылдын жайына чейин бүтө турган “Датка-Кемин” электр өткөөлүнүн курулушу ишке кирмейин энергетика тармагындагы азыркыдай проблемалар боло берерин билдирди.

Президент коррупция жөнүндөгү сөзүндө анын кызматынын аяктарына дагы 4 жыл 11 ай калганын, мына ушул убактын ичинде өлкө жакшы жагына өзгөрөрүн билдирүү менен: “Мен эч качан ажыдаарга айланбайм. Мага бийлик зарыл эмес. Менин көз алдымда ар дайым 2010-жылдагы аянтта канын төккөн кырчындай балдардын элеси турат. Президенттик кызматтын азырынча эч кандай жакшы жагын көрө элекмин, алтургай жакында таптакыр тууган-туушкансыз калышым мүмкүн” деп, кыргыздын: “Тууганчыл бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” деген макалын журналисттердин эсине дагы бир жолу салып өттү.

Президент Атамбаев кыргыздардын эң башкы душманы кыргыздын өзү экенин, өлкөнү өздөрүн кыргыздын туткасы санаган ачыма патриоттор курутарын, кээ бир гезиттер Кыргызстанды бөлүп-жаргыч ушактарды жазганга өтүп алышканын, прокуратура так ушулар менен күрөшүшү керектигин, мындай чымындар барып конгон жерин чиритерин, улуттук араздашууну козгогондорду түрмөгө отурганга чейин жазалаш зарылдыгын белгиледи.

“Дело №...” гезити андан кийинки көңүлдү өлкөдөгү газ жана свет маселесине буруп, бул боюнча эки макала жарыялады.

Гезит журналист Вадим Ночевкиндин саясат талдоочу Марс Сариев менен маегин тартуулады. Ал Жакыныкы Чыгыштагы “араб жазында” көчөгө элдин ортоңку катмары каптап чыкканын, араб революциясынын кыймылдаткыч күчү микрокредит берип келген уюмдар болгонун, мындай майда кредиттер күйөөлөрү үйүндө иши жок отурган аялдарга 500 доллардан берилгенин, анан мөөнөттөрү өтө берип, төлөөгө келгенде проценти миңдеген долларга өсүп кетип, аялдар айласын табалбай калганда дал ошол кредит берген уюмдар: “эгер күйөөңөрдү аянтка чыгарсаңар карызыңардан кечебиз” убада бергенин, анан Тунис менен Египеттин, Сириянын аянттарын ишсиз отурган сакалчан эркектер каптап кеткенин белгилеген саясат талдоочу, Кыргызстанда да ушул сценарий иштеп жатабы деп чочуп турганын, анткени октябрдагы Ташиев жана анын жактоочулары парламентти басып алуу чабуулун койгондо арасында так ошол микрокредиттерин төлөй албай калган аялдар болгонун, микрокредиттик уюмдар Батыштын жардамы менен түзүлгөнүн, бирок эмне себептен бул уюмдар акчаларын оңду-солду чача бергенин, болгондо да төлөй албай турганын билип туруп так ошондой адамдарга карыз бергенин тиешелүү органдар дыкаттык менен текшерип чыгуу керектигине көңүлдөрдү бурду.

Азркы бийлик, ордунда калууну кааласа, өздөрүн элитамын деп эсептегендер менен тез арада иш жүргүзүүсү керек. Маселен, алардын чет өлкөлөрдүн банкындагы эсептерин иликтөөгө алуу зарыл. Биздин саясый элитанын көбү, Кыргызстанды жөн эле чөбү бышкан маалда “оттоп” кете турган жайытка айлантып алышкан. Алардын Ата Мекени эчактан бери эле Кыргызстан болбой калган. Муну качкын эки президенттин үй-бүлөсү менен балдары көзүбүзгө сайып көрсөттү. Экс-министр Балкыбеков деген Ирландиядан үй эмес, арал сатып алды. Президент Атамбаев башкаруу табын тазалап чыгышы керек.

Бүгүн “Совет бийлиги коркунучта эмес, свет бийлиги коркунучта. Энергетика тармагындагы жылдан жылга кайталанып келаткан системалуу кризис күчөй берип, ага бийликке жутунган саясый күчтөр кошулса, байыртан келаткан салттуу исламдын ордун радикалдуу ислам алмаштырышы ажеп эмес. Мындай башаламандык учурда ак-карасы, жаман-жакшысы билинбей каларын айтты.

Ушул эле “Дело №...” гезитинин бүгүнкү санынан сиздер “Бийлик жана үй-бүлө” деген макаланы да окуйсуздар.

Ошондой эле тележурналист Назира Айтбекованы обу жок тамаша кылган “Супер-инфо” гезитинин шоусун уюштургандар Бишкектеги СИЗО-1ге барып түшкөнүн баяндаган макала да бар.

“Көк асаба” гезити үч муундун өкүлдөрүнүн Кыргыз мамлекетинин тагдыры тууралуу айткандарын, оймочу Бурул Жакееванын кыргыз тили боюнча ойлорун, Кеңеш Бакир уулунун айтылуу төкмө Ашыралы Айталиевдин “Нарындан жазган салам кат” аттуу ырынын тарыхы жөнүндө акындын өз оозунан угуп калган баянын окуйсуздар. Спорт журналисти Табылды Асыгалиевдин “Арстанбектин карышкыр менен кармашы” деген икаясы да ушул гезитте.
XS
SM
MD
LG