Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Ош мэри парламентти таратууну сунуштады


Бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити Ош шаарынын башчысы Мелис Мырзакматовдун башкаруу системасын өзгөртүү керек деген ойлорун жарыялады.

“Алиби” гезитинин бүгүнкү 20-ноябрдагы санына Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун “Биз кайрадан президенттик-парламенттик башкарууга кайтышыбыз керек” деген аталыштагы маеги жарык көрдү.

Бир катар суроолорго көз карашын билдирген Мырзакматов бийликке эмес, кыргыз коомчулугуна кайрыларын билдирип: “биринчиден, парламентти тез аранын ичинде таратуу керек. Экинчиси, тез аранын ичинде Конституциялык реформа жүргүзүү зарыл. Мындай башаламандык, азыркы система биздин мамлекеттик түзүмдү талкалап жатат. Президенттик-парламенттик башкарууга кайтышыбыз керек. Депутаттардын санын кескин кыскартып, эки палаталуу парламент түзүү абзел. Мыйзам чыгаруу палатасы 35 депутаттан ашпаш керек. Эл өкүлдөрү можаритардык система менен шайланып келиши керек” деп айтты.

Ушул эле “Алиби” гезити “Алмаз Атамбаевге айтар сөз” деген баштеманын алдында бир катар гезиттердин башкы редакторлорунун ой-пикирлерин жарыялады. Анын баш сөзүндө ушул жылдын 17-ноябрында “Кыргыз журналисттеринин бирикмеси” уюштурулуп, анын төрагалыгына юрист-журналист Бабырбек Жээнбеков, жооптуу катчылыгына “Арена.kg” гезитинин башкы редактору Элнура Кулуева шайланганын кабарлады.

Гезит айрым жарандарга “7-апрелдеги талап-тоноочулукка “Ата Мекен” партиясынын катыштыгы бар деп ойлойсузбу?” деп суроо коюп, алардын берген жоопторун басты.

“Кыргыз туусу” гезити “Калый Молдобасановдун аты консерваторияга татыктуу коюлган” деген теманын алдында маданият ишмерлеринин оюн ортого салды.
Аталган гезит “Улуу кыргыз дөөлөтүн улаган урпактар” деген да макала тартуулап, анда байыркы кыргыз каганаты, кыргыз тарыхынын башаты, маданияты, жашоосу жөнүндө кеп кылды.

Милициянын генерал-майору, ардагер Токтожума Жээналиевдин “Реформаны жалгыз милиция жасабайт” деген макаласы да “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санына жарык көрдү.

Фабула” гезити Кыргыз эл артисти, таланттуу композитор Муратбек Бегалиевге жана анын жубайы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Зенона Слензакка Польша мамлекетинин президентинин “Президенттин чоң ордени” сыйлыгы тапшырылганын, бирок тилекке каршы бул салтанатка чакырылган вице-премьер-министр Камила Талиева басып келбегенин, депутат Жылдызкан Жолдошева келип куттуктап, жылуу сөзүн айтып кеткенин кабарлады.

“Фабула” гезити депутат Курмантай Абдиевдин маегине да окурман көңүлүн бурду. Камакта жаткан коллегалары тууралуу суроолорго жооп берген Абдиев, Ташиевдердин моралдык жактан күнөөсү бар экенине толук кошуларын, бирок юридикалык жактан бир аз башкача баа берилип жатышына кошулбастыгын, Ташиевдин камакта жатышынын өзү эле жаза болорун, Ташиевдин ал күнкү аракетинде бийликти басып алуу эмес, кандайдыр бир чакырык болушу мүмкүндүгүн, демек ал деген 297-беренеге туура келерин, бул деген айып төлөө же бир жылга камоо, ашып кетсе анын эң эле оор жазасы эки жылдан ашпай тургандыгын айтты.
Ушул эле гезитке маек курган Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов быйыл өкмөт Түркиядан алган 106 млн. доллар насыядан мэрияга 30 млн. доллар бөлгөнүн, буюрса ал акчага келерки жылы Түштүк магистраль – Садырбаев көчөлөрүнөн ары карай Арча-Бешик, андан Кривоносова көчөсү менен Батыш Ак-Өргө аркылуу Ак-Ордо жаңы конушунун үстү менен, Ново-Павловкадан чыккан шаарды тегеренме түштүк жаңы жолу салынарын, мындан тышкары Гагарин, Горький, Чапаев, Тимур-Фрунзе сыяктуу 15ке жакын көчөлөр оңдолорун билдирди.

Шаар башчысы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт маселесине да кайрылып, тилекке каршы 1-партия менен алынган кытай автобустары бузулуп, керектен чыгып калганын, транспорт маселесин жакшыртуу үчүн Европа өнүктүрүү Банкы 15 млн. доллар берип жатканын, бул акчага жалпысынан 80 троллейбус сатылып алынарын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG