“Кыргыз туусу” гезити коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин “Мамлекеттин коопсуздугун сактоого кыргыз армиясынын күч-кубаты жетет” деген теманын алдында окурмандардын суроолоруна телефондон берген жоопторун басты.
Ушул эле гезитке жарыяланган: “Эгер Жапаровдордун бир күркө менчиктештиргендигин далилдеп берсе, өмүр бою камакта отурууга даярмын!” деген аталыштагы камактагы депутат Садыр Жапаровдун бир жарым бет кайрылуу каты президент Алмазбек Атамбаевге багышталды.
“Фабула” гезити “Текебаевдин саясаттагы кийинки курмандыгы ким?” деген ат менен журналист Айбек Шамшыкеевдин макаласын тартуулады.
Ички иштер министринин орун басары кызматында турганда берген генерал Мелис Турганбаевдин: “Садыркуловго байланышкан иш муну менен эле бүтүп калбайт, бул биринчи гана кадамы” деген ат менен кабарчынын суроолоруна жообу жарык көрдү.
Ушул эле санга “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Абдырахман Маматалиевдин “Тууну азыр өзгөртпөйбүз, гимндин экинчи куплетин кыскартабыз...” деген ат менен маеги тартууланып, депутат, парламенттик системанын артыкчылыгынын аркасында баары ачык айтылып жаткандыгын, муну “Республика” менен “Ата Мекендин” мисалында айтса болорун, гимн боюнча түзүлгөн комиссия бир пикирге келгенин, ал ырдагы “бейкуттук” жана “дилин берүүгө” деген саптары бар куплет толугу менен алынып салынарын, буга Гимндин сөзүн жазган авторлорунун бири Шабданбек Кулев да макул экендигин билдирди.
“Жаңы агым” гезитине маек курган экс-министр Зарылбек Рысалиев, мародерчулук маселеси боюнча чындыкты жабууга эч кимдин абийири жол бербей тургандыгын, бул ишти Ички иштер министрлиги аягына чыгарарына толук ишенерин айтты.
Башы “Ата Мекен” партиясынын колтугунан көрүнгөн, “Жин” деген каймана аты бар Алтынбек Арзымбаев жөнүндө сөз кылган экс-министр Рысалиев Алтынбек Арзымбаевди мурда эле билерин, аны бир-эки жолу камоого аракет жасаганын, дал ушул кишини пайдаланып кайсы бир утушка жетишем дегендер чоң жаңылышарын, анткени “Жин” криминалдык топтун мүчөсү катары каттоодо турарын, кылмыш дүйнөсүнүн адамдарын саясатка аралаштыруу көйгөй жаратарын, мындайлар менен сүйлөшкөндө министр принципте катуу турушу керектигин, эгер бир аз эле жумшак жерин билгизип койсо криминалдар карышкырларга окшоп дароо ошол жумшак жагын тытып кетүү үчүн чабуулга өтөрүн, эгер министр анча-мынча акчага сатылып кете турган болсо кылмыш дүйнөсүнүн күнү тууй тургандыгын ИИМ чоңдорунун эсине дагы бир ирет салып өттү.
“Де-Факто” гезити “Мамкаттоодогу “Талкан” талаш дале уланууда” деген ат менен Мирлан Дүйшөнбаевдин макаласын басты. Макала “Ар-намыстын” монополиясына айланганбы?”, “Бланктарды кымбаттаткан Алиев”, “Континенттин” жетекчилери неге басмачылык кылышууда?”, “Эми ким жеңет?” деген майда темалдардан турат да: “Эмне үчүн “темир генералды” май талкан жерлер гана өзгөчө күйүндүрөт да, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу маселелер такыр кызыктырбайт?” деген суроону коюу менен паспорт маселесин кеп кылды.
“Алиби” гезити бул санында “атамекенчи” Райкан Төлөгөновдун 7-апрелден кийин таланып-тонолгон объектилерден телефон чалуулары” деген ат менен телефон чалуунун схемаларын шардана кылды.
Ушул эле санга “Алиби” гезитинин эмгек жамаатынын билдирүүсү жарык көрдү. Анда: “Шамил Атаханов Ички иштер министрлигине келгенден 10 күндөн кийин мародерчулук боюнча кылмыш иши кыскартылды. Шашпай турсак дагы бир аз күндөн кийин депутат Нурлан Сулайманов менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге каршы козголгон кылмыш иштери жабылат. Канчалык ачуу болсо да бул иштердин бардыгы президент Атамбаевдин ачыктан-ачык колдоосу менен болуп жаткандыгын зааркануу менен белгилемекчибиз. Биз, “Алиби” гезитинин журналисттери мындан ары бийликтин өз элине каршы жасаган иш-аракеттерин ачык айыптап чыгууга даяр экенибизди, ага каршы ачык оппозицияга чыкканыбызды расмий билдиребиз” деп жазылган.
Аталган гезит Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун “Теңирдин ар бир күнү бизге майрам” аттуу обондуу ырларынын кечеси ушул жылдын 8-декабрында улуттук филармонияда өтөрүн, 3 ыр жыйнагы менен эки кишилик бир билеттин баасы 1000 сом болорун, акындын ыр кечесинин билеттерин “Алиби” гезитинин редакциясынан сатып алса болорун жар салды.