“Учур” гезитинин алгачкы беттеринин дээрлик баары биздин өзүбүздүн шайлоого ат салышкан партиялардын үгүт макалаларына берилген экен. Аталган гезит “Өздөн чыккан жат жаман” деген рубриканын алдында белгилүү публицист Кубан Мамбеталиевдин “Алтындын “арифметикасы” деген макаласын окурмандарга тартуулады.
Буга дейре да алтынга байланыштуу бир нече олуттуу макалаларды жазып келген автор жакынкы мезгилдерде эл аралык соода тармагында “алтын стандарт” резервалык валюта катары пайдаланыларын жакшы билген акыл-эси бар мамлекеттер кампасын накталай алтынга толтура баштаганын, буга далил кылып алыс кетпей эле казак менен өзбекти мисалга тартса болорун белгилеп, адаттагыдай эле бул иштен дагы эле биз четте калып жатканыбызды билдирди.
Кубан Мамбеталиев түзүлгөн келишимге токтолуп: “Эксперттерибиз болсо мындай дешет: инвестор “Кумтөрдөн” алтынды казып, товар түрүндө чыгаргандан кийин, биздин улуттук банкыбызга “сатып алгыла” деп кайрылат экен. Албетте, биз ошол өз алтыныбызды кайра өзүбүз дүйнөлүк баа менен сатып алышыбыз керек. Банк болсо “акчабыз жок” деп алакан жаят. “Акчаңар жок болсо эмне кылалы” деп тигилер алтынды алып кете беришет. Бизге алтын товар түрүндө түшпөйт. Алар казып кеткени үчүн салык төлөйт жана чыгымдарынан калган “кирешеден” 33 процентти түзгөн акцияларыбызга ылайык “дивиденд” беришет. Биз ушунусуна сүйүнүп тим болуп келебиз. Анан мына ушундай түзүлгөн келишим кимге пайда алып келет?” деген суроону койду.
Мамбеталиев андан ары мисал келтирип: “Ойлогулачы, Азербайжан мунайын британдыктарга чыгартып, анан ошонун баарысын сатып алмак беле? Бул келесоонун иши да. Алар антпейт. Жерден чыккан мунайдын жарымын өздөрүнө калтырат.
Азербайжандар биздин “Кыргызалтын” сыяктуу далдалчыга окшогон акционердик коом түзгөн эмес. Алар мунайдан түшкөн акчага алтын сатып алып кампасын алтынга толтуруп жатат. Алар жер байлыгын бирден “инвесторго” белек кылып турса, жумасына миллион эмес, сокур тыйынга да ээ болбой, ичинде эчтекеси жок бош кампасын кайтарып, бизге окшоп элине “илгери, илгери ушул кампада алтын деген болгон экен” деп жөө жомок айтып отурмак” деп жаны кашайды.
Кубан журналист андан ары Бозчымчык деген кенибиз бар экенин, жакында эми ушундан да ажырайт окшойбуз, 23 тонна алтыны, 93 миң тонна жези бар кенге казак инвесторлору иш баштаганы турганын, эми бизге бир кенедей нерсени ыргытып коюп, мындагы кендерди да толугу менен казып кете берерин, анткени “кол койгучтарды” тартипке сала турган мыйзам жоктугун, 120 депутаттын ичинен бири да кыргызга пайда алып келе турган ушундай мыйзам жаратканга жарабаганын, ал эми кен тармагынын адистери ажонун гана оозун карап турушканын, ооздон кандай буйрук чыкса ошону гана аткарарын, чыкпаса чындык өрттөнүп жатса да каш кагып койгонго жарабасын жазып чыкты.
“Айат” гезити “Өкмөттүн тоң моюндугу, жол тоскон Жумгал эли” деген теманын алдында журналист Мирбек Асаналиевдин сүрөттүү баянын окурмандарга тартуу кылды. Жол тоскон миңкуштуктар бийликке төмөндөгүдөй талаптарды коюшкан:
1. Миң-Куш–Арал жолунда 5-ноябрга чейин капиталдык оңдоо иштери башталсын.
2. Миң-Куштун ичине кирип көмүр казып кетип жаткан ишканалар шаарчанын ичиндеги жолдорду оңдоону колдоруна алсын.
3. Ушул эле көмүр казган ишканалар шаар ичиндеги жашаган ар бир түтүнгө 2 тоннадан бекер, кесек көмүр түшүрүп берсин.
4. Миң-Куш шаарчасынын тургундарына 5 тоннага чейин 1 тонна көмүрдүн баасы 500 сомдон сатылсын.
Мындан тышкары шаарды таштандылардан арылтуу, балдарды мектепке ташуу маселелери коюлганын маалымдады.
“Учур” гезити Камчыбек Ташиевдин камактан чыгышын талап кылып бир топ күн ачкачылыкта олтуруп тараган баатыр энелердин бешөөнүн ойлоруна орун берди.
Буга улай эле “Жапаровго боштондук!” деген аталыш менен Көлдүн алты тургунунун айткандары да басылып чыкты.
Аталган гезитке Ысык-Көлдүн Бостери айылынан бир уулу өлүп, бир уулу түрмөдө отурган Рахима Мамарасулованын арманы Торгой Бекмуратова аттуу автордун жазгандарында баяндалды.