Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Берилбей калган суроолор


Бүгүн Бишкекте “Дело №...” жумалыгы гана жарык көрдү.

“Террорчунун телефон чалганын Кожоналиев эстей албайт, бирок аны менен тааныш болушу мүмкүн” деген макала баскан “Дело №...” гезити генерал Кожоналиевдин Акаев учурундагы айрым иштерин эске салды. Кубатбек Кожоналиев 1999-жылы Кыргызстандын улуттук коопсуздук министринин орунбасары болуп туруп ушул эле министрликтеги өз коллегалары болгон “Калкан” деп аталган атайын бөлүктүн кызматкерлерине кылмыш ишин козготуп, өзүнүн бир кездеги шефи Феликс Куловду генералдык чининен ажыратуу менен 7 жылга түрмөгө кестиргенин, Кулов 2005-жылдын март революциясынан кийин гана саясый куугунтукка алынган деп боштондукка чыгарылганын баяндады.

Юстициянын генерал-майору Кожоналиев муну менен эле тынып калбай, Феликс Куловду колдоого алгансыңар деп ушул эле “Дело №...” гезитин катуу кысымга алып, журналисттердин үйүнө чейин тинтүүгө алууга санкция берип, редакциянын жетекчилерине кылмыш ишин козготконун кайрадан коомчулуктун эсине салуу менен Кожоналиев бүгүн эми өзүнүн камалышын “саясый заказ”, “саясый куугунтук” деп түшүндүрүп жатканы кимдир бирөөлөргө жакканы менен деги эле Кудайга жага турган иш эместигин ошол эле коомчулуктун эсине дагы бир жолу салып өттү.

Ал эми Кожоналиевдин балким таанышы болушу мүмкүн деген адам кылмыш ишинен террорчулардын лидери катары иликтенип жатканын да кабарлады.

“Дело №...” гезити журналист Артур Исаевдин “Түлеевдин артында дагы 9 аткаминер менен бизнесмендердин куйругу чыкты” деген макаласын тартуулады. Макалада төрт айдан ашып кеткен тергөө иши акыры аягына чыкканын, эми аны сот карай тургандыгын, Башкы прокуратуранын “коррупцияга катышкандыгы” жана кылмыш жолу менен табылган кирешелерин жаап-жашырганы үчүн Түлеев башында турган 9 кишинин алды үй-мүлкү конфискациялануу менен 20 жылга, арты 10 жылга түрмөгө кесилип кетиши мүмкүндүгүн жазып чыкты.

Ушул эле гезит “Психологдор Ташиевге байланышкан жагымсыз нерселерди табышты” деген ат менен Олег Жуктун макаласын окурмандарга сунуш кылды.

Макалада айрым эксперттер камакта жата берип Камчыбек Ташиевдин саламаттыгы начарлап кетиши мүмкүндүгүн, ошондуктан аны үй камагына чыгаруу керек деген жыйынтыкка келишкенин белгилеп, Башкы прокуратура болсо, мейли анда, чыгарса чыгаралы, анын үстүнө терегөө иштери да аяктап калды, биротоло медициналык кароодон да өткөрүп коёлу дегенин, бирок Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “Башкы прокуратура депутат Ташиевди дискредитация кылганы жатат” деп буга макул болбой койгондон кийин мейли анда деп Ташиевди кайра камакка калтырганын, анткени соттук психологиялык-психиатриалык экспертиза жалгыз эле Ташиевге эмес, ушул иш менен күнөөлөнүп жаткандардын бардыгына жасала турган иш экенин жазды.

“Чын эле суроо туулбай койбойт” деп улайт андан ары “Дело №...” жумалыгы аталган макаласында, эгер мурдагы боксер, кийинки депутат Камчыбек Ташиевдин ар дайым эле өзүн өзү көзөмөлдөй албай калган учурларын эл жакшы билип калды. Ушундай адам мамлекеттин бийлик бутагынын бири болгон парламентте иштей берсе болобу? Деги эле мындан ары Кыргызстанда мамлекеттик жооптуу кызматтарга келе турган адамдардын билимин, анын кыргыз тилин билер-билбесин текшерүү менен бирге эле “акыл-эси ордундабы жокпу?” деп текшерип чыгуу практикасын да эмне үчүн киргизүүгө болбосун?” деген суроолорду койду.

“Өлтүргүлө деп буйрук берген эмесмин. Дегеле кулагым жаман укчу...” мына ушундай ат менен 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга байланышкан сот иши тууралуу макала басылып, анда мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин суракка берген жоопторун жарыя кылды.

– 400дөн ашуун кишини ким жарадар кылып, 87 кишини ким өлтүрдү? - деген суроого Калыев:

– Өлтүр деп эч кимге буйрук берген эмесмин, – деген жоопту берди.

Калыевдин айтымында, андагы кандуу окуянын баарын Жаныш Бакиев башкарып турган. Айтор мурдагы коргоо министри Калыев өзүн 7-апрелдеги окуянын күнөөкөрү деп эсептебейт.

2010-жылкы революциядан кийин көп өтпөй эле “АзияУниверсалБанктан” ошондогу коргоо министри Бактыбек Калыевге таандык 6 млн. доллар табылган. Жөнөкөй айлык менен жашаган министр бул акчаны кайдан тапкан? Тергөө убагында Калыев муну адам ишенгидей түшүндүрө алган жок. Кызыгы, бул акчалар кылмыш жолу менен келгенби, жокпу деген суроолор сот жүрүшүндө Калыевге берилген жок.

“Дело №...” гезити дал ушуга окшоп берилбей калган суроолордун айрымдарын маалымдады.
XS
SM
MD
LG