Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Эл тентегин жакшы көргөн


Бүгүн жарык көргөн гезиттер Ташиевдин камалышы тууралуу жана башка макалаларга орун берди.

“Пресс.kg” гезити журналист Айзада Абазованын “Ташиевдин ден соолугу Атамбаевге керек” деген макаласын окурмандардын ой элегине салды. “Эмне үчүн Нариман Түлеев же башкалар камалганда Камчыбек Ташиев камалгандагыдай уу-дуу болбойт?” деген суроого өзү жооп берип: “Анткени Ташиевдин бардык кыймыл-аракети сыртында, далайлардан өзүнүн тазалыгы, энөөлүгү менен айырмаланганында. Биздин кыргыз эли да тазалыкты жакшы көргөндүктөн таза саясатчылар үчүн өлүп бергенге даяр. Илгери деле жеп-ичти деп Ишенбай Кадырбековду камаганга караганда генерал Исмаил Исаковду камаганда эл катуу нааразы болгон. Эл галстукка жашынып, зымпыйган арам саясатчыларга караганда Ташиев өңдүү алаңгазар, баатыр, эси жок энөө балдарын жакшы көрүшкөнү да бекеринен эмес. Ошондуктан билимдүү Ширин Айтматовага караганда ойду-тоону сүйлөп койгон Ташиевди көбүрөөк баалап, көбүрөөк жакшы көрүшөт” деп жазуу менен илгерки Акаев камай коём деп улуттук баатырга айлантып жиберген Бекназаровдун мисалын Атамбаевдин эсине дагы бир жолу салып өттү.

“Айат” гезитине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Жусубалиевдин “Кыргыз милициясына!” деген бир жакшы ыры жарыяланды. Ушул ырдан үзүндү оку кетпесек болбой турат. Милиционер акын мындай дейт:

Кайра куруу бүтпөйт окшойт, бүткөн жок,
Калк үмүтүн жакшылыктан үзгөн жок.
Кайсыл жактан чатак чыкса сен болдуң,
Кандай гана мүшкүл сага түшкөн жок.

Кара жалын отто дагы сен болдуң,
Кан төгүлгөн Ошто дагы сен болдуң.
Айбан экен дебесин деп дүйнө эли,
Ак үйдөгү тосмо дагы сен болдуң.

Тартип жагын сактаймын деп далайдын,
Таш да жедиң, муш да жедиң, сабалдың.
Кайсыл гана чууга сени салган жок,
Кайда барсаң көрү кылып Мамайдын.

Кудай таала жерди берсе бейишке,
Жөн жашабай аны салып кейишке.
Ар кай жерге тозок отун жаккандар,
Жумшашты го сени өчүрүп келишке.

Сен болбосоң, калк бөлүнүп сан жикке,
Бир чымындын куну болмок жан бизге.
Түн ичинде заара кылып чыгалбай,
Түндүк-түштүк толуп кетмек бандитке – дейт. Бактыбек Жусубалиевдин бул ырын толугу менен бүгүн жарык көргөн “Айат” гезитинен окуп алсаңыздар болот.

“Де-факто” гезитинин кабарчысы Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Дүкүр айылына барып таң калганынан жакасын карманганын, бул айылдын балдары мектептин жоктугунан 5 жылдан бери кадимки эле вагондо окуп жатканын жазып келген.

Аталган гезитте Келдибек Назировдун Кыргызстанды бөлүп-жарууга кызыкдар күчтөр барып келип эле өз саясатчыларыбыз болуп жатканын, аларга акчанын четин көрсөтүп койсо баарына барарын, буга үч депутаттын камалышына байланыштуу акыркы окуялар себепчи болорун айтса, Чоң-Алай районунун тургундарынан президент Алмазбек Атамбаевге “Жол тоспойбуз, кур кыйкырык салбайбыз, болгону чыгаан жигитибиз Нурлан Сулаймановду куугунтуктаганды токтотуп берсеңиз” деген кайрылуу каты жарыяланды.

Белгилүү публицист Кубан Мамбеталиевдин “Шайтандын айлампасы” деген рубриканын алдында жарыяланган “Кумтөр” алтыны тууралуу кезектеги макаласы окурмандарга “Учур” гезити аркылуу тартууланды. Генерал-лейтенант Элмурза Сатыбалдиевдин маеги: Ташиевдер “хулигандык” эле иш кылды деп аталды.

Ушул эле гезитке депутат Исмаил Исаковдун Ташиевге байланыштуу президент Алмаз Атамбаевге жазган каты жарык көрдү. Исмаил Исаков буга чейинки күч менен басып алынган фактыларды мисалга тартып келип: “Нааразылыктар мамлекеттик маанилүү кызматтарга кээ бир бедели шектүүлөрдүн жана Акаев менен Бакиевдин режиминин күчөшүнө, үй-бүлөлүк башкаруунун орношуна эбегейсиз салым кошкондордун келиши, кымбатчылык, казынанын боштугу жана мамлекеттик органдардын коррупцияланышы менен коштолуп, мунун баары коомчулуктун барган сайын кыжырын келтирип, кээ бир күчтөрдүн жеке пайдасын ишке ашыруусуна шарт түзүп, өлкөнү белгисиз акыбалга алып барууда”. Мамлекет башчысы катары азыркы учурдагы акыбалга кечиктирилгис жөндүү чара көрүүңүздү өтүнөм” деп кайрылды.

“Асман преss” гезити бүгүнкү санын Назаркул Жоошбаевдин Жогорку Кеңештин депутаттарын сынга алган макаласы менен ачты. Автор эл өкүлдөрүнүн кандай иштеп жаткандыгын иликтөөгө алып, Кыргызстандын калган бийликтерине караганда акчаны көп короткон мына ушул парламент экендигин эсептеп чыккан. Абды Боромбаев аттуу автордун макаласы “Талаада калган Талгарбековдун тайкылыгы” деп аталса. Тилек Асамбаев деген автордун макаласы “Бонапартист Адахан” деп аталды.
XS
SM
MD
LG