Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:28

Өлкөсү жакыр, өкмөтү бай


Бүгүн “Көк асаба”, “Кереге” жана “Дело №...” гезиттери жарык көрдү.

Айына бир жолу чыгуучу “Көк асаба” гезити жарык көрдү. Улут дөөлөттөрү тууралуу жазып келаткан гезиттин бул санында кызыктуу макалалар арбын. Республиканын кесиптик-техникалык билим берүү системасын түптөөгө зор эмгегин жумшаган мамлекеттик ишмер Жаманкул Тойгонбаев тирүү болгондо 100гө чыкмак.

Дамир Кадыровдун “Еврейлердеги кыргыз дүйнөсүнүн издери же алар эмнелер тууралуу унчукпай келишет” деген кызыктуу макаласы, улуу комузчу Карамолдо жана карышкыр менен кармашып, терисин тирүүлөй сыйрыган адам жөнүндө баян да ушул “Көк асаба” гезитинде.

“Кереге” гезити журналист Элизат Турсунованын “Коррупция менен күрөшпү же компроматтар согушубу?” деген макаласын тартуу кылды.

Ушул эл санда Ысык-Көлдүн Ак-Суусундагы Эчкили-Таш чек ара тосотундагы кандуу окуя тууралуу сөз болду. Автор макаласын коррупция кыргыз армиясына кирип алып чыкпай жатат деген ой менен жыйынтыктаган.

“Дело №...” гезити эртең президент Владимир Путин башында турган Орусиянын делегациясы Бишкекке 5 учак менен келерин, расмий делегацияны 60ка жакын журналист коштоп келерин, делегациянын ичинде Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Игорь Шувалов, Мамдуманын спикери Сергей Нарышкин, коргоо министри Анатолий Сердюков жана башкалар бар экенин кабарлады.

Гезит бүгүнкү санынан тартып жакыр Кыргызстандын эң бай адамдарын окурмандарга тааныштырууну баштады. Гезиттин маалыматына таянсак финансы министри Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсүнүн байлыгы – 147 млн. 220 миң сом же 3 миллион доллардан ашуун. Акылбек мырзанын 2 млн. 400 миң сомдук квартирасы бар. Жакындары сатып алган квартиралардын жалпы баасы 6 млн. 675 миң сом турат. Мындан тышкары 29 млн. 923 миң сомдук кыймылсыз мүлккө да ээ. З млн. 269 миң сомдук 8 автомашинасы бар.

Мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевдин үй-бүлөсүнүн байлыгы 120 млн. 522 миң сом же эки жарым млн. доллардан ашуун.

Шадиевдин жакындарынын кирешеси өткөн жылы 56 млн. 667 миң сомду түзгөн. Алардын жалпы баасы 18 млн. 512 миң сомдук эки үйү, 1 млн 400 миң сомдук жер тилкеси бар. 920 миң сомдук машинасы жана 42 млн. 468 миң сомдук кыймылдуу мүлкү киреше кийрип туруучу жана башка чарбалары бар.

Жаңы өкмөттүн башчылыгына келген Жантөрө Сатыбалдиевдин жакындары каражатты кандай марттык менен чачса, кайра аны ошондой эле марттык менен жыйнап алмай кудуретке ээ. 2000-жана 2009-жылдары алар жалпы суммасы 428 миң сомдук кыймылдуу мүлккө ээ болушкан. 2004-жылы 955 миң сомго үй, 2008-жылы 770 миң сомго квартира, ошол эле жылы 38 миң сомго гараж, 2006-2009 жылдары 1 млн. 679 миң сомго машина сатып алышкан.

Жыйынтыгында жаңы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин үй-бүлөсүнүн жалпы байлыгы – 5 млн. 140 сом же 100 миң доллардан ашуун каражатты түзөрүн, туугандары анын декларацияда көрсөткөндөрүнөн 7 эсеге көп чыгымдарын жазып чыкты.

“Дело №...” гезитинин маалыматы боюнча Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун үй-бүлөсүнүн байлыгы 32 млн. 52 миң сомду же 982 миң долларды түзөт.

Министр болгонго дейре “Авангард стиль” аттуу курулуш компаниясынын генералдык деректири болуп иштеп болгону 73 миң сом иштеп тапкан менен негизги ишинен тышкары 11 млн. 584 миң сом тапкан.

2 миллион сомдук менчик имараттары жана башка чарбалары бар.

Министрдин жакындары өткөн жылы 211 миң сом иштеп тапкан. Жалпы баасы 8 миллионго жакын 3 квартирасы, 64 миң сомдук гаражы, 3 млн. 796 мин сомдук 3 машинасы бар. Калыкбек Султановдун жакындарына булардан тышкары жалпы баасы 6 млн. 524 мин сомдук 9 имарат жана курулуштар да тиешелүү.

Мыйзамга ылайык кызматкердин жакындары деп анын багуусунда турган жубайы, эгер ата-энеси болсо алар, мектеп жашындагы балдары эсептелет.
Байлыгы жарыяланган байлардын катарында бул ирет маданият министри Ибрагим Жунусов, билим жана илим министри Канатбек Садыков да бар.
XS
SM
MD
LG