“Жаңы агым” гезити бир топтон бери ден соолугуна байланыштуу Улуу Британияда дарыланып жатканын чукул токтотуп, Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер Лондондон бүгүн Бишкекке келип түшкөнүн кабарлады. “Кыргызстанда мыйзам сыйлаган адамдардан, мыйзам бузуп түрмөгө түшкөн кылмышкердин сөзү бийик болуп калган турбайбы, Кудайдын колунан жөө качкан бир шылуундун сөзүнө бүтүндөй бир мамлекеттик машинени иштетип аткан Өмүрбек Бабанов чыныгы мародерлорду табалбай кыйналып атса мен таап берейин, баса Кыргызстандын эң башкы мародеру Максим Бакиевден ага салам ала келдим, Бабановго жанынан орун даярдап коюптур деп жини кайнап келиптир” деп жазды.
Ушул эле гезит Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Кулунду, Максат, Арка–1, Арка–2 сыяктуу айылдарына ар бир 50 метр сайын заправкалар барын, бул жерден май ташуучу машиналар коңшуларга чымын-куюн болуп каттап турганын, кабарчылар Тажикстан тарапка чейин кирип иликтегенин, көрсө биздеги 40 сомдук бензин чек арадан өтөрү менен 57 сомго чыгарын, ошентип биз Орусиядан жалдырап атып сурап келген бензинди эл багар чоңдорубуз түз эле Тажик өлкөсүнө айдап жатканын, жергиликтүү эл бул заправкалардын ээлери Ак үйдө олтурган депутаттардыкы менен министрлердики дегенин, мисалы бир фракция лидеринин 7 заправкасы барын, булардын көбү Бабанов менен Шадиевдики экенин айтышканын жазып чыкты.
“Фабула” гезити окурмандарга “Акыркы коңгуроо же сентябрдагы сенсациялар” деген маалымат тартуулап, мындан эки күн мурда президент Атамбаев Башкы прокурор Аида Салянованы жана Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Шамил Атахановду кабыл алып, бул экөөнүн “өпкөсүн” үзүп туруп айдап чыкканын, анткени “атамекенчилерге” жабышып жаткан мародерлук боюнча маалыматты түрмөлөрдүн мурдагы кожоюну Шейшенбек Байзаков Атамбаевдин атына кызматтык кат аркылуу мындан 6-7 ай мурда эле билдиргенин, президент ал катты “текшергиле” деп Аида айым менен Шамил мырзага жөнөтсө алар ушул күнгө дейре эч нерсе таппаган болуп, ажого отчетторун жөнөтсө, анысы да “узак жол” басып олтуруп Бишкектен Бишкекке же президентке араң 4 айда жеткенин, анан ачуусу келген Атамбаев: “Эгерде бул иштердин бири эле далилденсе арызыңарды жаза бергиле” деп экөөн айдап чыкканын жазды.
“Алиби” гезити журналист Бабырбек Жээнбеков менен саясатчы генерал Мирослав Ниязовдун өткөн санда жарык көргөн “Өмүрбек Текебаев эл душманы катары кылмыш жообуна тартылууга тийиш” деген маегинин уландысын жарыялады.
Генерал Ниязов Курманбек Бакиев тууралуу сөз кылып, Бакиев менен илгери Жалал-Абадда иштеп жүргөндө таанышканын, кызматына байланыштуу Курманбек ага 100 грамм куюп, бөйпөңдөп чуркап турган кездери болгонун, кийин ал президент болгондо Коопсуздук кеңешинин катчылыгына чакырып, чын ниети менен иштеп берейин деп иштегенин, бирок эки жыл ичинде бакиевдердин чыныгы айбан экендиктерин өз көзү менен көргөнүн, Курманбек Бакиевди анын балдары менен туугандары бир тууган же президент эмес, адам катары да санабагандыктарын, анткени Курманбек бир дагы маселени аларсыз өзү чече албагандыгын, азыр эле “макул” деп коюп 5 мүнөттөн кийин айнып кетип, башкача болуп калганын далай жолу көргөнүн, маселен “Манас” аэропорту боюнча сүйлөшүүнү ага тапшырганынан аларды иликтеп атып 60 миллион долларга макул кылса, атайылап америкалык эки дипломатты кармоону уюштуруп, сүйлөшүүлөрдү жокко чыгартып салганын, ошондо Бакиевге кирип: “Ты дурак, Курманбек!” дегенге чейин барып, эшикти тарс жаап чыгып кеткенин кеп кылды.
Ушул эле “Алиби” гезити финансы министри Акылбек Жапаров менен интервью басты. “Кумтөрдөн” алына турган 5 миллиарддан ашуун киреше алынбай калып, анын орду башка булактар аркылуу жабылганын, өлкөдө дефольт коркунучу жоктугун, ал азыр натыйжасыз, дарексиз социалдык чыгымдарды азайтуу маселесин көтөрсө аны жапырт сындап чыгышканын, кеп 58 жана 63жаштан пенсияга чыккандар жөнүндө эмес, 40 жаштан эле пенсияга чыгып алгандар жөнүндө болуп жатканына кенен токтолуп, көптөгөн жүйөөлүү жагдайлар тууралуу баяндады.
“Фабула” гезитинде “Келдибеков миллионер эмес, миллиардер” деген, “Райкан Төлөгөновдун жана Туратбек Мадылбековдун “мародерлугу” же чындык ачылабы?” деген макалалар да бар.
Ушул эле санда 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдөн жөн чыкпай 3 млн. долларды кармай чыгыптыр деп кеп-сөзгө калып келаткан Элмурза Сатыбалдиев ал акчага 18-19 квартира сатып алганын күч органдары таап чыкканын, Башкы прокурор болуп турганда ырчы Гүлнур Сатылгановага алып берген эки тамын андан кайра доолап, “кайтарылып берилбейт” деген жооп уккандан кийин “смс” жазып коркутуп атканын узун кулактар кеп кылып атканын кабарлады.