Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

"Көмүскө премьер" делген Кайсар Абылкасымов ким?


14-февралдагы гезиттердин баш темасы коррупцияга каршы күрөш, "көмүскө премьер" аталган казак жараны Кайсар Абылкасымов тууралуу болду.


“Де-факто”

14-февралда жарык көргөн “Де-факто” гезити “ “Акүй антологиясынан” деген рубрикасында журналист Мирлан Дүйшөнбаевдин “Көмүскө премьер Кайсар Абылкасымов деген ким?” деген макаласын жарыялап, бул инсандын жүзүн ачып берди.

Анда мындай баяндалат: “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламент жыйынында Бакиевдин кезинде “офис” деген түшүнүк калыптанганын, анда Жаныш, Максим Бакиевдердин катышуусунда бир катар мамлекеттик иштер, кадрдык маселелер көмүскө чечилип турганын, андай көрүнүш азыр да уланып атканын, учурда Кайрат деген көпчүлүккө белгисиз бирөө финансылык, кадрдык, тендердик маселелерди чечип атканын билдирген болчу.

Көрсө, Өмүрбек Текебаев жөн жерден айтпаптыр. Ал Кайрат эмес, анын чыныгы аты-жөнү Кайсар Абылкасымов экен. Улуту казак, Казакстандын жараны. 1967-жылы Казакстандын Тараз шаарында туулган. Кыргыз аткаминерлеринин, болгондо да Ак үйдүн 7-кабатындагы бирөөнүн оң колу катары белгилүү. Ити чөп жеген ишкерлердин бири. Жамбыл областында бир катар май куюучу станциялары, ири киреше берген объектилери бар. Ак үйдүн 7-кабатындагы чиновник менен шилекей алышкан дос илгертеден. Биздин чиновник илгери Казакстанга бизнес кылам деп барганда жардам берип, бизнестин ысык-суугунда бирге болушкан экен. Ошентип бутуна турушуна чоң роль ойногондуктан азыр ошол Кайсардын айтканын эки кыла албайт экен.

Гезит ушинтип бул макаласында дал ушул Кайсар Абылкасымов жан досу Акүйдүн 7-кабатына отурары менен Кыргызстандан чыкпай калганын, ал майлуу, сүттүү делген ишканалардын жетекчилерине өз кишилерин коюп жатканын, айрым министрлер башкарып, көмүскө премьер аталганын, “Кыргызтелеком, “Мегаком” ишканаларын да иш жүзүндө дал ушул Кайсар башкарып турганын, бул ачуу чындык экенин шардана кылды.

Атактуу «алкомагнат Шаки» бул жолу да 1 миллион доллар берип кутулуп кетеби? деп “Де-факто” гезитинде кабарчы Семетей Талас уулу суроо коюп, ага жооп издейт. Макалада президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы чоң казат ачканы, өлкөдөгү эң ири 20 ишкананын бири болгон «Мегаком» уюлдук компаниясы жана «Аюу» арак заводу коррупцияга каршы текшерүүгө алынганы баяндалат. «Аюу» компаниясын текшергенде жасалма акциздер табылып, мамлекеттик казынага миллиондогон сомдук зыян алып келгендиги талдоого алынган.

Президент Атамбаев 20 жылдан бери итбекер менчиктештирилген, болбогон тыйынга сатылып кеткен, жасалма банкрот кылынган завод-фабрика, ишканалардын узун тизмесин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына жөнөтүптүр. Жакынкы аралыкта ондогон чиновниктер камалып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары суракка чакырылышы мүмкүн, - деп жазат кабарчы Семетей Талас уулу.

Экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси Болот Отунбаев Германияга элчи болуп кетип атканын “Де-факто” гезити айтып, аны менен маек курду. Анда Болот Отунбаев бул кызматка президент Атамбаев жиберип атканын, эжеси Роза Отунбаеванын эч тиешеси жоктугун билдирген:

- Ушу тапта президентке кызмат сурап келгендердин аягы тыйылган жок. Шайлоодо иштеп бергендин баары эле келип жатат. Өзүмдүн кесибим элчи экенин баарыңар эле билесиңер да. Менде деле иштегенге каалоом бар болчу. Бирок аны бир да жолу ачыкка чыгарып, кызмат сураган эмесмин. Президент өзү сунуштаганда гана макул болдум. Буга чейин Орусияда, Түркияда элчи болуп иштеп келгем, тажрыйбам бар, -дейт Германияга элчи болуп жөнөп жаткан Болот Отунбаев.

- 7 ай бош жүрдүм. 7-апрелден кийин чакырышты эле, коомчулукта ар кандай сөз болбосун деп баш тарттым. Эжем президент кезде мамлекеттик кызматта иштеген жокмун,- деп кошумчалаган Болот Отунбаев.

“Алиби

14-февралдагы “Алиби” гезити “Бүтүн Кыргызстан” партиясы “Ата-Журтка” “турмушка” чыкты деген коллаж менен жүзүн ачты. Анда биригип жаткан эки партиянын ортосунда мурда жарака бар экени, эми лидерликти талашуу башталаары, жазында алар саясий чоң казатка атаанууга бел байлап жатканы баяндалат.

“Алиби” гезити дагы президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы чындап күрөш ачканын, эмки кезекте “Темир жол” ишканасы, “Кыргызтемир” мекемеси, “Дастан” заводу, “Кыргызнефтигаз” ишканасы, “Кант цемент-шифер” комбинаты турганын айтып, учурда айрым чиновниктер санааркап жатканын коңгуроо кагат.

“Фабула”

Журналист Баратбай Аракеевдин “Коррупционер, коркпо, баары бир кармаласың, жатчу жериң даяр” деген макаласына орун берди. “Азыр өкмөттө отургандардын 90 пайызы, Жогорку Кеңеште отургандардын 95 пайызы коррупциянын жолунда, болбосо бир ирет ошол жол менен баскан. Бул аябагандай коркунучтуу процент! Бүтүндөй мамлекетти жок кылып таштачу көрүнүш! Анан дагы коррупционерлер беттерин тултуйтуп, таза иштейли, таза жүрөлү дегенди тажабай айтып жүрүшөт, - деп жазат Баратбай Аракеев.

“Ташиевчил популизм” деген макалада “президент Атамбаев коррупцияга каршы келишпес согуш жарыялаар замат алдым-жуттумдар менен кашык каны калганча кармашаарын көргөзгөн «жалындуу патриоттор» пайда болду. Алардын бири «Ата-Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев деген кайчы пикирлер айтылган.

Ташиев премьер-министр Бабановду кызматтан алып түшүп кайрадан жаңы өкмөт түзүү керек деген талап коюуда. Арийне, өкмөт кабыл алган программаны алмаштыра тургандай альтернатива жок кезде, Бабановду кетирген күндө деле анын ордун ошо премьер-министрден айырмасы жок адам басаарын Ташиев эске алгысы келбей жатканы байкалат. Ошентип Ташиевдин жалындуу «антикоррупциясы» коррупциянын эле так өзү болуп чыгат. Бир сөз менен айтканда анын «антикоррупциялык» бакылдактары алдым-жутумдукка каршы күрөштүн имитациясы гана, түзүлгөн саясый кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып саясый дивиденд таап калуу амалы. Элге атын чыгарып утурумдук болсо да атак-даңкка ээ болуунун аракети, же түзүн айтканда, арзан популизм дегенибиз туура болор, деп жазат журналист Үсөн Касыбеков.

Гезит “Өмүралиев генералдыкты кантип алган?” деп суроо коюп, жооп издейт. Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев генералдык чинин кантип алганын кайсы бир майрамдык кечээде жобурап жибериптир. Башкача айтканда, министр Таалайбек мырза Ак үйдөгү бир чиновникке 15 миң доллар берип эле, генералдык чинди оңой эле алса боло турганын айтып жиберген экен. Генералдын оозунан чыккан сөз жерде калбай, Атамбаевге чейин жеткени айтылууда. Мындан улам, президент аталган ишти териштирүүнү тиешелүү органдарга тапшырганы кеп болууда. Ошентип, сырын айтам деп, чынын айтып алган министр учурда оозунан чыккан сөздүн кулу болуп, эми ээрден оодарылып кетиши мүмкүн болуп турат, деп жазат “Фабула” гезити.

“Кыргыз туусу”

14-февралда жарык көргөн “Кыргыз Туусу” гезити “Кыргыз бутагы” коомдук фондунун жетекчиси Гүлзат Болотованын Памир кыргыздарынын ал-абалы, көйгөйлөрү тууралуу кеңири маегине орун берди. Анда Ооганстандын Памир жергесиндеги кыргыздардын оор турмушу, кайгылуу тагдыры тууралы кеп болот.

Памирдеги кыргыздарда кыздар аз төрөлгөнүн, элүүдөгү адамдар 14-15 жаштагы көчөт кыздарды алганын, былтыр гана башталгыч билим берген мектеп ачылганын, мектепте окуган элүүдөн ашуун өспүрүмдүн төртөө гана кыздар экенин, алар эне тилин сактоого дилгир болгону менен ден-соолуктары начар экенин Гүлзат Болотова айтып берген.
- “Айланайындар, Кыргызстанга көчүрүп кеткилечи”- деп, жалдырашат алар. Ал жакта кубаттуу антена байланышы менен ЭлТР каналы тартат экен. Андан тышкары “Азаттык” радиосунун жыштыгын да кармап, Кыргызстандагы, дүйнөдөгү жаңылыктарды угуп турушат экен. “Апийимди – кара дары” деп колдонуп, ден-соолугунан айрылгандар да арбын экен,- деп памир кыргыздарынын көйгөйлөрүнөн кеп салат Гүлзат Болотова.

“Кыргыз туусу” гезити “ Маданий мурастар - муундан муунга” деген ураан чакырып, “Тарыхка так, архелогияга аяр, “Манаска” маанилүү мамиле керек” деген журналист Нарынкүл Назаралиеванын макаласын жарыялады.
Анда кыргыз өкмөтү Кытай, Монголия жана башка өлкөлөргө атайын экспедиция жиберүү керектигин, Сулайман Кайыпов бир нече жыл Түркиядагы Ван кыргыздарынын фольклорун иликтегени натыйжа бергенин тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин айтып, учурда архелогиялык эстеликтер абдан оор ахвалда экенин эскертет.

Ошондой эле макалада “Манас” эпосу кыргыз элинин гана эмес, жалпы адамзаттын көркөм мурасына айланышы керек экени, бирок “Манас” эпосун иликтөө боюнча илимдин бир гана доктору бардыгы, ал түгүл диссертация орус тилинде Өзбекстанда жакталганы, бул тармакта улуттук кадрлар чабал иштеп жатканы сынга алынган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG