Бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити “Коомчулукта Ахматбек Келдибековдун, Марат Султановдун, Нариман Түлеевдин, Өмүрбек Бабановдун премьер-министрлик кызматка ат салышып жаткандыгы айтылууда. Деги өкмөт башчысына кимдер татыктуу деп ойлойсуз?” деген суроо менен кайрылды.
Коомдук ишмер Накен Касиев: Мурда чогуу иштегендиктен Марат Султановду жакшы билем, түндүк, түштүккө бөлбөй калыс иштемек. Нариман Түлеев деле иштеп кете алат. Эсенгул Өмүралиев деген жакшы адам бар. Элчи болуп жүргөн Жусупбек Шарипов деген да жигит бар. Эч бир партияга мүчө эмес, ушулар жарамак.
Коммунист Клара Ажибекова: Нариман Түлеев иштерман.
Ишкер Табылды Эгембердиев: Камчыбек Ташиевдин өндүрүштө тажырыйбасы бар, Бабанов деле жаман иштеген жок. Марат Султанов да мамлекеттик көп иштерде иштеди. Кеп булардын татыктуу же татыксыздыгында эмес, кимисине берсе деле жүктү тартып кете алат. Бирок булардын иштете турган күчтүү оппозиция керек.
Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов: Нариман Түлеев, Марат Султанов же Акылбек Жапаровду премьер-министр кылса иштей алат. Мындан сырткары премьерликке татый турган Темир Сариев деген жигит бар. Спикерликке Феликс Кулов жарамак, мыкты юрист, - деп жооп беришти.
“Де-факто” гезити биринчи бетине Өмүрбек Текебаев менен Ахматбек Келдибековдун бири-бири менен “кайым айтышын” басты жана ал боюнча айрым жарандардын ойлорун ортого салды.
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев: Келдибеков Жогорку Кеңештин акчасын оңду-олду чачып, өзүнчө эле “монстр” болуп алыптыр. Мен “Ата Мекен” фракциясынын чечимин колдойм.
Журналист Кабай Карабеков: Келдибеков бай-манаптык, хандык мүнөз күтүп алды, өзүн бүтүндөй өлкөнүн кожоюну катары сезип алган. Бакиевден айырмасы болгон жок. Келдибековдун орду Бакиев жашап аткан Минскиде деп ойлойм.
Коомдук ишмер Турсунбек Чыңгышев: Келдибековдун бир катар чектен тыш жоруктары, ысырапкорчулугу боюнча бир катар айыптар коюлууда. Анын канчалык чындыгы бардыгын айтыш кыйын. Эгер коюлган айыптар чын чыкса Келдибековдун мындан ары спикер болууга моралдык акысы калбай калат.
Жогорку Кеңештин дептутаты Кожобек Рыспаев: Азырынча “Ата Мекендикин” туура көрүп, же Келдибековду да актай албайм.
Саясат иликтөөчү Карыбек Байбосунов: “Ата Мекен” кайра “бутуна” туруу үчүн ушундай аракеттерди кылып атат. Азыр Ахматбек Келдибековго тийишпей эле коюш керек болчу.
Саясат иликтөөчү Марат Казакбаев: “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдики туура эмес. Бул саясый этикага жатпайт. Эгер бул маселени талкуулагысы келсе атайын регламентке киргизип алып талкууласа болмок.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: Мен Келдибеков менен Текебаевдин нааразылыктарын ийне-жибине чейин билбейм. Мен муну алдыдагы саясый бурулуштарга карата жасалып аткан оюн катары көрөм. Чынын айтсам, мен Акаев доорунан бери эле парламенттин ишине нааразымын. Ал жерде көбүнчө билимсиз, орой адамдар олтурат, - деп жооп беришти.
“Учур” гезит баяндамачысы Сабыр Муканбетовдун “Устукан” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Шайлоодон Алмазбек Атамбаевге ишеним арткан коомчулук ушу тапта анын убадаларынын аткарылышын чыдамсыздык менен күтүп, дымып турганын, айтып койгон оңой болгону менен аны аткаруу эми толгон-токой кыйынчылык менен коштолорун, бирок анткен менен өлкөдө айкындуулук, саясый атаандаштык күнүмдүк көрүнүшкө айланганын, мурдагыдай жеке басарлыкка жол берилбей, “Жаныш менен Максимге жаман көрүнбөсөм болду, калганын урдум” деген түшүнүктөр жоголгонун, саясатчылардын табияты да өзгөрүп, коомдук пикирден сүрдөп калгандыгы байкала баштаганын, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун акыркы маегине караганда, Алмазбек Атамбаев жана анын партиясы башкаруучу коалицияны куруп, тазалануу, элдин кызыкчылыгы деген критерийлерге басым жасачудай өңдөнүп калгандыгын белгиледи.
“Асман преss” гезити саясат иликтөөчү Табылды Акеровдун маегин жарыя кылды. Акеров мырза фракциялардын учурдагы аракеттерине байкоо салуу менен эгер спикерлик орун “Ата Мекен” партиясына берилген күндө дагы Текебаев эмес, башка бирөө болуп калышы мүмкүндүгүн, ошону менен бирге эле спикерликке “Республика” фракциясы Бакыт Төрөбаевди көрсөтө тургандыгын айтып чыкканын, “Ар-Намыс” Талиеваны көрсөтүшү ыктымалдыгын, бирок бир принципиалдуу маселе барын, ага ылайык КСДП фракциясы премьер-министрлик кызматты өзүнө калтырууга аракет кыларын, ошондуктан бул партия спикерликти талашпастыгын, ал эми “Ата-Журт” фракциясында башы көрүнгөн депутаттардын баары акчалуу, бай, коомдо лидер катары таанылган инсандар экендигин, “Ата-Журттун” ичиндеги бөлүнүү келерки шайлоолорду көздөгөн максат болуп жаткандыгын кеп кылды.
“Пресс. Kg” гезити журналист Жумаш Назаровдун “Коалиция - мамлекеттин тагдырын эмес, чиновниктердин тагдырын чечет...” деген макласы менен бүгүнкү санын ачты.
Автор бүгүн “Республика”, “Ар-Намыс” жана КСДП фракциялары өз ара макулдашуу менен кеңейтилген коалиция түзүүгө даяр экендиктерин айтып чыгышканын, бирок бул маселеден четтеп турган эки фракция – “Ата-Журт” менен “Ата Мекен” болуп тургандыгын, анткени булардын ою боюнча, оппозициясыз бийлик эч убакта өнүгүү жолуна түшө албастыгын, аткаруу органдарынын ишин сындап, кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтүп турган бир бутак болмоюн коом өнүгө албастыгын жана мурдагыдай эле ар ким өз билген намазын окуй баштаарын сөз кылды.
Баяндамачы андан ары бул жолку коалициялык макулдашуунун келечеги ар бир саясый фигуралар үчүн мааниси зор экенин, анткени парламентке түсү ийги спикердин келиши келечектеги президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө шарт түзүп берет деген пикирлер барын, ал үчүн Россия башынан каршылыгын билгизип жүргөн Өмүрбек Текебаевдин спикер болушуна КСДП, “Республика”, “Ар-Намыс” фракцияларынын депутаттары добушун бере алары күмөн ойлорду жаратып жатканын, ал эми ич ара ыркы келишпей жаткан “атажуртчулар” үчүн эң маанилүүсү премьерлик орун экендигин, анткени бул партия парламенттик шайлоодо көп добуш алгандыктан майлуу-сүттүү орундардын баарында ушул партиянын мүчөлөрү олтурганын, “Ата-Журттун кайгысы да, тилеги да ошол орундарды тарттырып жибербей сактап калуу болуп жаткандыгын жазып чыкты.