“Акаев менен Бакиевди Ала-Тоо аянтында атыш керек”. Мына ушундай баш тема менен жаңы жарык көргөн “Чоң казат” гезити журналист Максат Бутаев аттуу автордун алтын тууралуу макаласын басты.
“Кумтөрдүн алтынынан түшкөн сумма Кыргызстанга дүйнөнүн бардык мамлекеттери жана эл аралык банктары тарабынан келип жаткан экономикалык жардамдардын баарын түгөл кошкондо да ашып түшүп, Кыргызстандын тышкы карызы 2 жарым млрд. долар болсо, бир эле канадалык компания тарабынан казылып алынган кыргыз алтыны 5 млрд. долларга сатылды” деп жазылган макалада “акыйкаттык деген эмне” деген суроо коюлат?
Гезит ага жооп издеп, Кумтөрдөгү алтын казуу ишинин мөөнөтү 2026-жылга дейре узартылганын, бүгүн Кумтөрдө алтындын запасы 500 тоннага чаап барарын, муну тегеректеп алганда 22,5 млрд. АКШ доллары болорун, ал эми кыргыз бийлиги Кыргызстандын бюджети үчүн 21 млн. доллар табалбай кыйналып жатканын белгилеп, кыскасы Кумтөрдөгү алдамчылыкка Акаев менен Бакиев түздөн түз катышканын, булар элдин байлыгын элден жашырып сатып келишкенин, эми качкын эки президенттен калган далай мүлк улутташтырылганы менен Кумтөр ал маселеден сыртта калганын шардана кылды.
Журналист андан ары Убактылуу өкмөттөгүлөр Кумтөрдү өзүлөрүнүн саясий келечеги үчүн коюп койду, ошондуктан компаниядан алынуучу салыкты бир жыл алдыга озуу менен алып алды деп күнөөлөдү.
Автор андан ары сатылган алтындардын эсебин чыгарып, жалпы жонунан Кыргызстандын качып кеткен эки президентинин убагында 4 млрд. 799 миллион АКШ долларына барабар алтын сатылганын, Акаевдин тушунда да, Бакиевдин тушунда да канадалыктар Кыргызстанга салык төлөбөгөнүн, эгер Кумтөрдөн казылган алтындын 70 пайызы элдин пайдасына жумшалганда эч кандай революция дегендер болмок эместигин, адамдар курсагы ток, кайгысы жок жашамагын, өлкө болсо четтен кайыр сурагандан арылмагын, ал эми 20 жылдан бери эл алданып, эл аралык донор өлкөлөргө карызыбыз эки жарым млрд. долларга жеткенин, ал арада канадалыктар казып алган кыргыз алтынын 5 млрд. долларга сатып пайдасын көргөнүн кеп кылды.
Макаласын аяктап баратып, “Чоң казат” гезити канадалыктар менен түзүлгөн келишим 2026-жылга чейин узартылганын, азыр Кумтөр кенинде кошумча аянттагыларын кошкондо 500 тоннадан ашуун алтын барын, анын суммасы бүгүн 22 млрд. АКШ долларына барабар экендигин дагы бир жолу элдин эсине салып: “демек менин балдарым, али төрөлө элек неберелерим өмүрү тойбогон президенттерди, түркүн түс менен кубулган эл жегич чиновниктерди бюджеттин эсебинен бакканын качан токтотоор экен? Качан кыргыз калкы өмүр бою карыз болбогондой жашар экен? Убактылуу өкмөттөн дагы кимиси элден жашырынып келип элин алдаар экен?” деген суроолорду койду.
Бүгүн жарык көргөн “Кереге” гезити “Тыңчыны тыңшайлы” деген рубриканын алдында генерал-майор Аскарбек Мамеевдин “Коалиция баарын бөлүп алып, кудасын, туугандарын коюп атат” деген ат менен маегине жарыялады.
Кабарчынын: - Сиз Жаныш Бакиевди качырыш үчүн Артур Медетбеков 1 млн. доллар алган дегенди эмнелердин негизинде айттыңыз эле? - деген суроосуна,
Мамеев: - Муну “Де-факто” гезитинин Мирлан деген кабарчысы гезитке туура эмес берип коюптур. Менин айтайын деген оюм башкача болучу. Эгер чындап эле ашкере кетсем албетте кечирим сурайм. Бул жөнүндө Артур экөөбүз жолугушуп, бир пикирге келдик,-деп жооп берди.
Генерал Мамеев андан ары түндүк-түштүк маселесине токтолуп, совет доорунда түндүктүн кадрлары түштүккө, түштүктүн кадрлары түндүккө жиберилип, бөлүнүү деген болбогонун, кадрларды ушундай жол менен которуштуруп туруу керектигин, азыркы губернаторлор менен айыл өкмөттөрү элдин алдына чыгып сүйлөй алышпастыгын, анткени коалиция дегени баарын өзүнө бөлүп алып, бири кудасын, бири тууганын коюп, кадыр-барктан кеткенин кеп кылды.
Ушул эле “Кереге” гезити Самара шаарындагы кыргыз диаспора башчысы Акылбек Кудуевдин айтып бергендерин баяндаган макаласын окурмандарга тартуулады. Макаладан Орусиянын Самара шаарында 7500 кыргыз бар экенин, алардын дээрлик баары базарда иштесе, бир азы фабрика менен заводдордо иштээрин, эки кыргыз полковник милицияда эмгектенерин, москвалыктарга караганда самаралыктардын мигранттарга пейили түздүгүн, басынтуу, бөлүү деген жоктугун, көпчүлүк кыргыздар жүздөн ашуун квартираларды сатып алып жашап калышканын, бирок бир дагы кыргыз биротоло Самарада калам деген ой менен жашабаганын, баарынын эле тилеги Кыргызстан батыраак оңолуп кетсе кетет элек деген ойдо жүргөнүн, жогорку бийликтегилер пейилин оңдосо Кыргызстанды 5-10 жылдын ичинде оңдосо болорун окусак болот.
Аталган басылма айрым жарандарга “Турмушуң кандай замандаш?” деп суроо салды.
73 жаштагы Жумадил карыя: - Жаман эмес, байбичем экөөбүз 3500-4000 сом пенсия алабыз,-деп,
22 жаштагы Гүлира: - Студентмин. Окуудан тышкары “Газпром Нефть Азия” компаниясында оператор болуп иштейм. Алган акым айына 15 миң сом. Акчамды контрагыма жумшайм. Турмушум жакшы,-деп,
24 жаштагы Аскар: - Жеке ишкермин. Тапканым үй-бүлөмдү бакканга жетет. Бир гана көйгөйүм - квартирам жок,-деп,
45 жаштагы Али: - Айдоочумун. Бензин кымбат. Төрт баланы багыш оңой эмес. Тапканымды эки баламдын окуусуна жумшап, ошолор кийин кор болуп калбасын деп, күндүр-түндүр тытынып иштеп жүрөм,-деп,
21 жаштагы Гүлбара:- Жашоом жакшы. Жакында көлгө барып эс алып келдим. 31-августта боло турган чоң майрамды чыдамсыздык менен күтүп жатам,-деп,
21 жаштагы Канат: - Мен монтер болуп иштеп жатам. Окууну жаңы бүтүп ишке кириштим. Кесибим аябай жагат. Тапкан маянам өз башыма жетет. Акчанын артынан деле кубалап, байып кетсем деген ой жок. Жогорку окуу жайына сырттан тапшырайын деп жатам, - деп жооп берди.