“Добулбас” гезитинин баяндамачысы Үсөн Касыбеков баяндамасын келе жаткан шайлоо өнөктүгүнө арнап, Конституцияны бетке кармап алып, талаш-тартыштан башы арылбай келаткан депутаттарды сынга алуу менен: “Констиутуциялык реформаторлор” Башмыйзамды саясый коньюктурага ылайыкташтырып дембе-дем “оңдоп-түздөй” беришсе өлкөнүн коомдук-саясый туруктуулугуна залака тийгизерин, Бакиевдин режимин калыбына келтирүүчү реваншисттик күчтөр, атап айтканда “Ата-Журт” фракциясы качан болсо бөйрөктөн шыйрак чыгарууга далбас уруп турганын жазды.
Үсөн Касыбеков андан ары президенттин ветосу, анын айланасындагы талаш-тартыш маселелерди кеп кылып келип, өкмөт казынасы какшып турган чакта шайлоого чыгымдалчу 621 миллион сомду табуу оңой иш эместигине, эгер чет өлкөлөрдүн гранттары менен шайлоо өткөрүлүп калса анда өлкө тышкы фактордун таасиринде каларын эч ким эске албай жатканына, алдыда али да толгон-токой кыйынчылыктар турганына кеңири токтолду.
“Добулбас” гезити bчки иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаевдин “Камчы Көлбаевди “Интерпол” аркылуу кармаганга аракет кылуудабыз” деп аталган маегин жарыялады.
Генерал Турганбаев маегинде, республика боюнча канча наркобарон бар экени оперативдик жашыруун сыр экенин, айрым маалыматтар боюнча Ооганстанда өндүрүлгөн героиндин 17-18 проценти Кыргызстан аркылуу өтөрүн, ушу тапта Казакстан да Камчы Көлбаевге издөө салганын, азыр министрлик Камчы Көлбаев, Алмамбет Анапияев баш болгон уюшкан кылмыштуу топтордун 22 мүчөсүн кармап келүү жагдайында иш жүргүзүп жатканын, Кыргызстанда “мыйзамдуу уурулардын” ичинен Көлбаев менен Батукаевдин тобу күчтүү бойдон калып жатканын, экөөнүкү биригип 500-600 кишини түзөрүн айтты жана кабарчынын бүйүр кызыткан башка суроолоруна да жооп берди.
“Фабула” гезити “Сок билек соттор эл байлыгын кимдерге энчиледи?” деген теманын алдында айрым жарандардын сын пикирлерин жарыялады. Алар бир ооздон соттор адилетсиз иш жасап, азабын карапайым калк тартып келатканын, эки революция тең адилетсиздиктен, айрыкча соттордун адилетсиздигинен болгонун баса белгилешти.
Генерал Артур Медетбековдун маалымат коопсуздугун сактоо боюнча ойлору да ушул санда.
“Фабула” андан ары айтылуу журналист Тилектеш Ишемкуловдун залкар драматург Бексултан Жакиевдин чыгармачылыгына арналган “Байсалдуу өмүр, барандуу талант” деген макаласын окурмандарга тартуулады.
Аталган гезит алакандай кабарларында”Бакыт Бешимов аттуу мырзаны Жаныш Бакиев коркутпай эле, өзү Курманбек Бакиевге жолугуп: “Атамбаевди шайлоодо утулууга дуушар кылсам, сиз мага президенттин администрация башчысынын ордун бересиз” деп соодалашкан экен. Ошон үчүн чет өлкөдө жүрүп да, Кыргызстан оор абалда калган күндөрү үн чыгарып койгонго жараган жок” деп,
“Токмок шаарына мэр болуп олтуруп калган “Керимкуловду бийлик кандай мааниде кызматка алып келди? “ деп мээлерин катырып, түшүнө албай жаткандар көп” деп,
“Башпрокурор Аида Салянова мурунку башпрокурорлор калкалап, кылмыш иштерин жаптырып келген кылмыштуу иштерди кайрадан текшертип жаткан кези. Ал иштер төмөндөгүлөр: мурдагы финполициянын төрагасы А. Мийбуллаевдин, “Кыргызгаздын” башдеректири А. Садыковдун, “Кыргыз темир жолдорунун” башдеректири А. Рысмендеевдин, жана ички иштер министрлигинин жооптуу адамдарына, “Скай Мобайл”, “Альфа Телеком”, “Ак Тел” жана “Нур Телеком” ишканаларына, кыскасы кайра жабылган 17 кылмыш изи иликтенип жатат” деп кабар таратты.
“Алиби” гезити баяндамачы Папан Дүйшөнбаевдин “Цейтнот жана мыйзам долбоорундагы опурталдуулуктар” деген макаласын жарыялады. Журналист шайлоону кечиктиргенге Башмыйзам жол бербестигин, мурда шайлоочулардын тизмеси үчүн эч ким жоопкерчилик тартпаса, жаңы мыйзамга ылайык, шайлоочулардын тизмелеринин сапаты үчүн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү укуктук жактан жооп берерин, бирок аталган долбоордо “жарылып кетчү миналар” бар экенин, ал миналар шайлоочулардын катталган жеринен добуш берүү дегенге катылганын, мына ушуну дагы бир ирет тактап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Папан Дүйшөнбаев андан ары шайлоого кетчү чыгым маселесине токтолуп, бир тур менен президент аныкталышы кыйын экенин, серепчилердин айтымында экинчи тур болору божомолдонуп жатканын да кеп кылды.
Ушул эле автордун “Грузиядагы натыйжалуу реформалардын сырлары” аттуу макаласы басылып чыкты. “Кыргызстанда 2004-жылга салыштырганда мамлекеттик башкаруу органдарын кармоого кеткен чыгымдар эки эседей көбөйсө, Грузияда мамчиновниктердин саны 30, ведомстволордун саны 50 процентке кыскартылган. Грузияда “акча саамай” жоюлган. Маселен бул өлкөдө жер участогун сатып алганга 4 күн, ошол эле учурда Россияда бир ай, айдоочунун күбөлүгүн алганга 7 мүнөт, автоунааны каттатканга 15 мүнөт кетет. Азыр Ички иштер министрлигинин жа мамлекеттик башка органдардын кызамткерлеринин 50 долларлык пара алганы аныкталса 10 жылга чейин кесилип кетерин” маалымдады.
“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын президент Роза Отунбаеванын “Министрликтер өздөрү байкоочу кеңештен жардам сурай башташты” деген сөзүн шилтеме кылуу менен ачып, бул боюнча Нарынкүл Назаралиеванын макаласын сунуштады.
Журналист Мырзакат Тыналиев “Кыз боозуп энесин коркутуп жатабы? Же М. Наделдин “ормон опузалары” жана “Ысык-Көл” банкынын айланасында чалынган чалмакейлерге ким жооп берет?” деген макаласында акыркы мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарында Курманбек Бакиевдин диктатурасын кулатууда жана бакиевчилердин реваншисттик аракеттерине каршы турууда негизги ролду ойногон, аны менен өлкөнү кыйроодон сактап калган Убактылуу өкмөттүн дарегине маалыматтык чабуул башталганын, Максимдин табакташтары болгон М. Наделдин, Е. Гуревичтин жана элдин акчасын тоногон эл аралык шылуундарга жардамчы болгон кыргыз жарандарынын кылган кылыктарын кенен баяндап берген.
Журналист жана акын Бактыгүл Чотурованын макаласы “Заман залкары” деп аталып, Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү драматург Бексултан Жакиевдин 75 жылдыгына арналды. Жазуучунун улуттук адабият менен искусстводогу орду, 21 жашында, биринчи эле жазган “Атанын тагдыры” аттуу драмасы менен кыргыз драматургиясынын классигине айланганын жана бул адамдын чыгармачылык байсалдуу жолун, адамдык вазийпасын, коомдогу ордун, “Манаска” кылган эмгегин сөз кылды.
Аталган басылмада ошондой эле, “Мугалим болуу ардактуу” деген баштеманын алдындагы материалда Бишкекте Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун демилгеси менен “Борбор Азияда билим берүү системасын реформалоо” боюнча илимий-практикалык конференция болуп өткөнүн белгилеп, буга байланыштуу белгилүү окумуштуу окутуучулардын, мугалимдердин ой-пикирлерин жарыя кылды.
.