Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда экинчи орус базасы болбойт
Кыргызстандын президенти бул тууралуу жылдык жыйынында билдирди.
"Экинчи база тууралуу Орусия менен Кыргызстандын ортосунда сүйлөшүү болгон жок. Өзгөчө көңүл Канттаргы орус авиабазасын кеңейтүүгө бурулуп турат. Бизге бир эле база жетиштүү", - деди Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков: ЕАЭБдагы бирдиктүү валюта тууралуу сөз болгон жок
"Сом азыр эң бекем валюта. Азырынча ЕАЭБнын бирдиктүү валютасы тууралуу сөз боло элек. Бирок келечекте бул тема талкууланышы мүмкүн. Бирок бул тууралуу маселе көтөрүлгөн жок", - деди Жээнбеков.
Жээнбеков: Кудайдан туура жолдон адаштырба деп суранам. Дин мени арам иштерден сактап турат.
Сооронбай Жээнбековго маалымат жыйында мамлекеттик кызматта жүргөндө пара алып, пара бергени боюнча суроо берилди. Ал бул суроого өмүрүндө бир дагы жолу пара берип, пара албаганын айтты.