Жээнбеков: Бул Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча мыйзам. Кол тийбестик мыйзамы Атамбаевге каршы мыйзам болсо, мен каршы чыкмакмын. Бул мыйзам 2009-жылдан бери келе жатат. Бул мыйзам мага дагы тиешелүү. Атам "мамлекеттин укугу узун, эртеби-кечпи баары ачыкка чыгат" деп айтчу. Ошондуктан баары мыйзамдын алдында бирдей болушу керек. Президент болгондон кийин анын душмандары көп болот. Өч алабыз дегендер көп болот. Ошондуктан мыйзам так жазылышы керек. Экинчиден жоопко мен тартпайм, мыйзам, тиешелүү органдар тартат.
Сооронбай Жээнбеков: Коррупционерлердин тизмеси узарат
Маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбековго шайлоо маалында "35 коррупционер" тууралуу сөзүн эске салышты. Анда Райымбек Матраимов канчанчы орунда экенин боюнча суроо берилди. Жээнбеков тизме узара турганын айтты. Бул тизмеде Матраимов бар же жок экенин айткан жок.
Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин пара менен кармалганы тууралуу суроого Сооронбай Жээнбеков "Мен анын пара менен кармаларын билген жокмун да, билсем сунуштабайт элем" деп айтты.