Жээнбеков: Өмүрбек Текебаев боюнча бардык соттук инстанция бүткөн. Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да.
Жээнбеков: Үч бийликтеги, жогорку эшалондогу коррупция менен күрөшөсүңөр деп тапшырма берип жатам. Реформа жүргүзүү оңой эмес, коррупция менен күрөшүү оңой эмес.
Жээнбеков "Азаттыктын" президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиев тууралуу суроосуна жооп берди. "Кыңыр ишке барбайт. Ал өсө турган жигит", - деди. Анын Алай районуна аким болгон таекеси Замир Молдокуловду тажрыйбалуу кадр деп сыпаттады.
Сооронбай Жээнбеков "Апрель" каналынын журналисти Канат Каниметовду суроо бергенден кийин "эптеп ойлоп таапсыңар" деп тамашалады.
"Асылбек жашыруун офис ачып, кадр маселесин чечмек тургай коркуп, үйдөн чыкпай отурат. Райым Матраимов сага суроо бер деген кишинин тушунда иштебеди беле? Эгер силер айткандай болсо, анда текшеребиз", - деди Жээнбеков.