Жээнбеков: Бул Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча мыйзам. Кол тийбестик мыйзамы Атамбаевге каршы мыйзам болсо, мен каршы чыкмакмын. Бул мыйзам 2009-жылдан бери келе жатат. Бул мыйзам мага дагы тиешелүү. Атам "мамлекеттин укугу узун, эртеби-кечпи баары ачыкка чыгат" деп айтчу. Ошондуктан баары мыйзамдын алдында бирдей болушу керек. Президент болгондон кийин анын душмандары көп болот. Өч алабыз дегендер көп болот. Ошондуктан мыйзам так жазылышы керек. Экинчиден жоопко мен тартпайм, мыйзам, тиешелүү органдар тартат.
Жээнбеков: Үй-бүлөмдү ойлоого убактым жок. Жакшылык-жамандыкка көп каттачу элем, азыр ага деле убакыт жок.