Жээнбеков: Системалык коррупция менен системалуу түрдө күрөшөбүз. Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчаны борбор калаада мектеп курууга жумшайбыз. Ички миграция күчөп, азыр бир класста 60 баладан окуп жатат. Биз мектеп, бала бакча курушубуз керек.
"Бабановдун иши туура эмес" козголгонун айтып жатышат. Биз укуктук мамлекетпиз. Бизде мыйзам, система иштеши керек, эч ким мыйзамдын чегинен чыкпашы керек. Ошондо гана мамлекет оңдолот. Иш козголгондон кийин аягына чыгышы керек", -деди Жээнбеков.
Жээнбеков: Мени саткын атка кондурушту. Мен бир топтун, бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп убада берген эмесмин, элдин кызыкчылыгын коргойм деп убада бергем. Эки революцияны көрдүм. Мен андайга барбайм. Кудайым элимди саткандан сактасын.
Жээнбеков: Бабанов боюнча сүйлөшүү болгон эмес. Бабановду КТРКдагы дебатта гана көргөм, андан бери жолуга элекмин. Атамбаев менен эмне деп сүйлөшкөнү тууралуу маалыматым жок. Мен шайлоого катышып жатканда келечек боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес, мен элдин арасынан чыккам деп айткам. Мен элдик президент болом деп убада бергем, ошол программамыды аткарып жатам.