Аткаминерлерди айыптагандар мамлекет өзү ишкана кура албай, жеке сектор ачкан «белен объектилерге» автор болуп жатканын айтышууда.
Кызыл тасмалар парады
Сын менен шакабанын жаңы толкунуна Алай районунун Гүлчө айылындагы кире бериш дарбазанын (арка) ачылышына катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кабылды. Арканын өзүнүн курулушуна каршы болуп келгендер анын ачылышына жогорку аткаминер келгенин жактырышкан жок.
Кубатбек Боронов бул жөнүндө «Азаттыкка» комментарий берип, өзүнүн аракетинде башкалар белгилегендей орунсуз иш-аракет жок экенин билдирди:
Эл өзү жапа тырмак киришип, шаңданып жатса анан «мен чоң объект ачам» деп турсак болбой калат го?
- Ал жерде бир эле арка эмес, аллея да ачылды. Арка ошонун чети эле. Жалпы эл чогулуп 290 арча-карагай олтургузуп, бош жаткан жерди иретке келтирди. Жергиликтүү бийликтен бир нече миллион сом бөлүнүп, ишкерлер кол кабыш кылып, 7 миллион сомдой акчага бүтүрүп беришти. Эми мен ары жактагы башка иш-чараларга катышып, анан «бул менин деңгээлим эмес» деп элдин ушундай жакшы иш-чарасына катышпай кетип калганым туура эмес да. Элден эмнебиз артык? Жөнөкөй эл ачып катышса болот, биз катышсак болбойбу? Эл өзү жапа тырмак киришип, шаңданып жатса анан «мен чоң объект ачам» деп турсак болбой калат го? Менимче, биздин катышканыбыз ушул демилгелерди колдоо катары туура эле болот деп ойлойм.
15-октябрда расмий ачылган Алайдагы арканын курулушуна Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демөөрчү болгону расмий кабарланды. Эл өкүлүнүн декларациясын териштирген айрым сайттар курулушка ал кайсы кирешесинен каражат бергенине кызыгышты. Бирок ал өзүнчө сөз, азыр кеп учугун улантып туралы.
Ушул эле окуянын алдында Ош шаарынын жакасында жеке ишкер Бозулан Мамазаиров ачкан «Jannat Resort Osh» мейманканасынын ачылышына аткаминерлер тобу катышканы сынга алынып жаткан. Тагыраагы, иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов чогуу катышкан.
Буга оро-пара премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Бишкектеги фитнес-борбордун бет ачарына келип, кызыл тасмасын кескенин социалдык тармактардын колдонуучулары талкууга алышты.
Өкмөттү сынга алгандар сентябрдын аягында борбордогу «Sheraton» эл аралык мейманканасынын ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков өзү барганын да көз жаздымда калтырышкан жок.
Президенттик аппарат үн катпаганы менен, өкмөттүн аппараты премьер-министр Бишкектеги инвестициялык форумда жүрүп, ошол жердегилердин сунушу менен гана алдын-ала пландалбаган тасма кесүү иш-чарасына катышып калганын жарыялады. Башка аткаминерлер окуяларга комментарий беришкен жок.
Саясат талдоочу Игорь Шестаков жагдайга мындайча баа берди:
- Бул «ачылыштардын» өзүнүн тарыхы бар. Мен билгенден Аскар Акаев биринчи жолу Бишкектин Чүй проспектисинде жайгашкан супермаркеттин ачылышына катышкан. Акаев ачылышка келгени үчүн акча алганы тууралуу да ушактар тараган. Мен ошондо «президент кантип кадимки эле дүкөндүн ачылышына катышсын» деп таң калгам.
Тилекке каршы, бул салт дагы эле сакталып келатат. Менин оюмча, маселе эмнеде? Азыркы өкмөттө ача турган деле башка нерсе жок да. Жаңы ишкана жок болсо эмнени ачат? Балким премьер-министр балким аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн фитнес-борбор ачса, же маданият министри үйсүздөр үчүн баш калка ачса символикалуу болмок. Бул жерде бай адамдар «менин ишканамды премьер-министр ачып берген» деп мактанып, сүрөттөрүн, селфилерин көргөзүп, мактаныш үчүн гана жасалган аракет болуп калды.
«Кесмейди сүннөт тойдо уланталы»
Адатта жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жеке объектилерди ишке берүү аземине катышканы мынчалык чуу жаратчу эмес. Сыягы тасма кесүү иш-чаралары биринин артынан бири кайталанганы нааразылыкка себеп болду окшойт.
Бул темада пикирлерин жарыялап жаткан журналист Семетей Талас уулунун кебине кулак төшөйлү.
- Мамлекет бир нерсе сала албаса, өзүнүн колунан келбесе, анан ишкерлер бирдеме курса эле аткаминерлер барып ачылышына катышып, иштеп аткандай түр көрсөткөнү ушул, - дейт ал. - «Жумуш жүрүп жатат, өнүгүп атабыз» дегендей кылып элди жубатып аткандагысы. Иш кылбаган мамлекетте аткаминерлер ушинтип жеке сектордун иштерине автор болуп, той-аштарга барып жүрө берет. Мына, коңшу Өзбекстанда чоң-чоң объектилерди, килейген кичирайондорду салып, ачылышын жасап жатат. Тажикстанда ГЭСтер баштаган чоң долбоорлор аткарылууда. Казакстанды айтпай эле коёлу. Башка жагдай - биздин аткаминерлердин ушундай «тасма кесмей» оорусу бар. Маанилүү көрүнгүсү келет, костюм-шым кийип элдин алдында кайкалап баскысы келе берет. Бирок эми ошо ишкерлер ачкан фитнес-зал, аркалар түгөнгөндө эмне кылышар экен? Ал түгөнгөндө депрессияга кабылбаш үчүн эми чоңдорубуз сүннөткө отургузганды үйрөнүп алышсын.
Арийне, какшык же күлкүлүүдөй туюлганы менен кезинде айрым чоңдор, тагыраагы Ош шаарынын мурдагы мэрлеринин бири аймактагы маалелерди кыдырып, сүннөт тойлорго чейин катышары айтылып келчү. Муну айрымдар аткаминердин элге жакындыгы менен байланыштырышчу.
Ансыз да жыл сайын дефицит менен чыккан бюджеттеги колго илинген акчаны өкмөт социалдык жайлар менен жол салууга гана жеткирип келет. Өкмөт өзү деле муну мойнуна алгандай. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов соода-сатык заманында завод-фабрикаларды жеке сектор курушу керек экенин айтты:
- Муну түшүнүш үчүн биздин экономикалык саясатыбызды туура түшүнүш керек. 1991-жылы эгемендик алганыбызда биз ушул соода-сатык экономикасын тандап алганбыз да. Биз азыр илгерки СССР эмеспиз, мамлекет баарын ачкыдай. Мамлекет бизнес кылбашы керек, завод-фабрика салбашы керек, бүгүнкү күндөгү Баш мыйзамга, мыйзамдарга ылайык, муну жеке ишкерлер жасашы керек. Мамлекеттин милдети - ошого туура шарт түзүп, бардык мыйзамдуу жактарын камсыз кылып, укуктарын коргоп бериши керек. Жеңилдетилген насыялардан жардам беришибиз керек. Ошонун негизинде жеке ишкер ишкана ачышы керек. Мамлекеттин милдети болсо мектеп, оорукана жана бала бакча менен камсыз кылуу. Мына, мисалы быйыл Кыргызстанда 111 мектеп курулуп бүттү, 42 бала бакча салынса, анын 22си мамлекеттик бюджеттин каржылоосу менен түштү. Айылдарга четинен таза суу чыгарылууда, жолдорду оңдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Президенттин колдоосу менен ар бир райондун борборунда кеминде үч чакырымдан жол түшүп жатат. Мамлекет ишкерлерден салык жыйнап, элди багууга, маяна берүүгө, социалдык төлөмдөрдү, аялуу катмардагы тургундарды турмушун кароого милдеттүү.
Кыргызстандагы мектептердин, бала бакчалардын жана ооруканалардын ачылышына көбүнчө президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков катышат. Бирок ал билим берүү жайлардын баарын эле мамлекет өзү курган эмес. Маселен, Ошто Жээнбеков Казакстан каржылаган мектептин кызыл тасмасын кессе, Жумабеков Өзбекстан куруп берген мектепти ачкан.
Кыргызстанда кээде ишканалар же мамлекеттик объектилер ачылганы менен кийин иштебей калганы жөнүндө маалыматтар да бар. Маселен, мурдагы президент Курманбек Бакиев Жалал-Абадда цемент чыгарган көчмө аппараттарды отургуза коюп, жок эле заводду ачканы, же мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Нарында курулуп бүтө элек каналдын кызыл тасмасын кесип кеткени айтылат. «Цемент заводдун» жабдуулары кийин кайра чыгарылып кетсе, канал эки жылдан кийин гана ишке кирген.
Президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда ачылган объектилерден ичинен азырынча мындай «чампалама объект» салып, элдин көзүн будамайлаганы тууралуу кабар чыга элек.