Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Апта: Кыргызстан Бажы биримдигине кадам таштады


Беларус, Казакстан жана Орусия президенттери Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол койгондон кийин. Астан, 29-май, 2014.
Беларус, Казакстан жана Орусия президенттери Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол койгондон кийин. Астан, 29-май, 2014.

Узап бараткан жумада Астанада Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасы кабыл алынды.

Мындан тышкары "Кыргызалтындын” башчысы кармалышы, камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун жабышы апта ичиндеги урунттуу окуялардан болуп калды.

Кыргызстан Бажы биримдигине кабыл алынды

29-майдагы Астана саммитинде Бажы биримдигинин түзүүчүлөрү Орусия, Казакстан жана Беларус Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү жана шарттары боюнча жол картасын кабыл алышты. Ал жол картасын саммит алдында Кыргызстандын өкмөтү, Жогорку Кеңештин эл аралык комитети жактырып берген.
Астана саммитине келген өлкө башчылары, 29-май, 2014.
Астана саммитине келген өлкө башчылары, 29-май, 2014.


Кыргызстан Бажы биримдигине чечүүчү кадам таштаган күнү Орусия, Казакстан жана Беларус интеграция багытында дагы бир кадам таштап, Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол коюшту. Бул келишимдин күчүнө кириши менен үч өлкөнүн аймагында капиталдын, сооданын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө жол берилет. Ошондуктан Кыргызстан мына ушул уюмга кирген кезде гана кыргыз эмгек мигранттарынын абалы жеңилдеп, укуктары жакшырат. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан 2015-жылга карай Евразия экономикалык биримдигине мүчө болууга даяр болуп калат деп билдирген.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө жардам берүүгө Оруия убада кылды. Эки өлкөнүн экономика министрлери кол койгон келишимге ылайык, Кыргызстанда Өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага Орусия 1 млрд. доллар бөлөт. Орус тарап ошондой эле Кыргызстанга 200 млн. доллар грант бөлүүнү чечти.

Орусия 2009-жылы да Кыргызстанга 300 млн. доллар насыя жана 150 млн. доллар грант бөлгөн. Анын ичинен 100 млн. доллар Камбар-Ата-2 ГЭСине жумшалганы маалым болбосо, калганы кайда кеткени белгисиз. Бирок кыргыз-орус Өнүктүрүү фондунун жетекчилигинде кыргыз өкүлдөрү менен кошо Орусиянын өкүлдөрүнүн да болушу фонддун каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын кайсы бир деңгээлде кепилдейт.

Ал эми фонддун каражатын кандай пайдалануу каралып жатканы тууралуу экономика министри Темир Сариев буларды билдирди:

- Узак мөөнөттүк жеңилдетилген насыялар агроөнөр жайына, жеңил өнөр жайына, кайра иштетүү тармагы жана турак-жай, ипотекалык курулуш багытына жумшалат.

Бирок да, Кыргызстандын эксперттик чөйрөсүндө Орусия убада кылган каражаттын келишине күмөн санагандар дагы бар. Кыргызстандагы жаш ишкерлер бирикмесинин төрагасы Руслан Акматбек мына ошондой күмөн санагандардын бири. Ал Кыргызстанга буга чейин эле ири суммада каражаттар бөлүнүп келгенин, ал эми анын пайдаланылышы натыйжасыз болгонун эске салат:

- Эгерде кирүүдөн мурда биздин ишкерлерге колдоо көрсөтүлбөсө, киргенден кийин кеч болуп калат деп ойлойбуз. Анткени азыркы Бажы уюмуна киребиз деп чечим кабыл алынды, эми ошого жараша багыттарын өзгөртүш керек, ошого жараша алып бараткан иштеринде өзгөртүүлөрдү жасаш керек. Муну алдын-ала даярдоо этабынан өткөрүш керек. Ошол бере турган акча даярдоо этабына жумшалыш керек.

Ошол эле мезгилде Руслан Акматбек 1 млрд. доллар каражаты бар фонд түзүлө турган болсо, анда ал эч нерсе жоктон көрө жогору деп баалады


Көлбаев "көйгөйү"

Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013
Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013
Кыргыз бийлиги криминалдык бир төбөл Азиз Батукаевди “жылуу-жумшак” узатып, экинчи криминалдык төбөл Камчы Көлбаевди боштондукка чыгарар алдында Кошмо Штаттар "жаака чапкандай" кылып, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун кылмыш, байланыш схемалары тууралуу маалыматка 1 млн. доллар төлөй турганын жарыялады.

Кыргызстанда Жеңго аттуу дагы бир криминалдык төбөл 15-январда Ош шаарынын мэрин шайлоо алдында үй камагына чыгарылып, саясий маселени чечүүгө пайдаланылганы оппозиция тарабынан айтылган. Ал эми Максат Абакиров (Водолаз), Эркин Мамбеталиев жана башка криминалга байланышы бар деп соттолгондор бошотулуп, ээн-эркин жүрүшү криминалды “ийинине киргизебиз” деген азыркы бийликтин убадасы канчалык аткарылганынан кабар берет.

Кошмо Штаттардын жарыясын кыргыз бийлигине Камчыбек Көлбаевдин ким экендигин эскертүү жана ал боштондукка чыкса кылмыштуу иштердин кулач жайышына даярдык катары баалоого да болот. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов АКШнын жарыясы Кыргызстанга ишенбөөчүлүк катары кабыл алынып жатканын билдирди.

Кыргызстандын мурунку ички иштер министри Болотбек Ногойбаев Камчыбек Көлбаевдин айланасында өзүбүз эле чуу көтөрүп, аны “баатырга” айлантып жатабыз, Кошмо Штаттарда ал боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо, анда Интерпол аркылуу расмий суроо-талап жибериш керек дейт. Мурдагы министр кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүн саясатчылардын пайдалануусу дүйнөдөгү дээрлик бардык мамлекеттерде мурдатан эле орун алып келгенин да эске салды:

-Жер жүзүндө саясатчылар бандиттерди, кылмышкерлерди пайдаланып, кээ бир жерлерде сөз менен түшүнбөгөндөрдү коркутуу жолу менен түрткүлөйт. Ал деген Акаев кезинде деле болгон, Бакиев кезинде деле болгон. Эми кечээ күнкү Батукаевдин ким аркылуу кеткенин өзүңөр түшүнүп жатасыңар да...

Коопсуздук боюнча мурунку вице премьер-министр Токон Мамытов Кошмо Штаттар Интерпол аркылуу Кыргызстанга Камчыбек Көлбаев боюнча кайрылган эмес дейт:

- Бизге Интерпол аркылуу, же Тышкы иштер министрлигине элчилик аркылуу бериш керек эле. Башка өлкөлөргө да ошондой кайрылыш керек. Маалымат барбы деп кайрылыш керек эле. Ошондо жооп болбосо, анан жанагындай жарыя менен чыкса болмок. Мен иштеп турган мезгилде ошондой расмий кайрылуулар болгон эмес.

Ошондуктан бул жерде саясий бир себептер болуш мүмкүндүгүн Токон Мамытов четке какпайт. Кошмо Штаттардын Камчыбек Көлбаев боюнча кайрылуусу анын абактан чыгарына саналуу күндөр калганда жана Кыргызстан АКШнын эрегишкен атаандашына айланып бараткан Орусия түзгөн Бажы биримдигине кирген күнү чыгып олтурат.


Алайдагы жол тосуу

Жол тоскондор. Алай, 29-май, 2014.
Жол тоскондор. Алай, 29-май, 2014.
Бишкектин Октябрь райондук соту 26-майдагы чечими менен депутат Акматбек Келдибековду абакта кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Өткөн жылы ноябрь айында коррупция боюнча айыпталып кармалган Акматбек Келдибековдун сотунун кечеңдеши, абакта кармоонун мөөнөтүнүн улам узартылышы жана Келдибековдун ден соолугундагы маселелер 27-майда Алайда анын тарапкерлерин кескин кадамдарга барууга түрттү окшойт. Бул күнү Келдибековдун колдоочулары Сопу-Коргондо Ош - Эркеч-Там жолун жабышты. Жүздөгөн автоунаалар өтө албай Кытай менен жүрүп жаткан соода, ишкерлик зыянга учурады. Катардагы жарандарды болсо тосулган жолдун эки жагындагы таксисттер алмаштырып ташып, абалын жеңилдетип жатканы маалым болду.

27-майдан бери жол тоскондор Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабын коюшууда. Алар менен Алай районунун акими барып сүйлөшкөн. Андан бери эч ким кабар алган жок дейт активист Керим Сарбашев:

- Тынч эле болуп атат. Эч ким жок. Эч ким кабар алган жок.

Акматбек Келдибековдун айланасында түзүлгөн абал Жогорку Кеңеште дагы талкууланды. Бир катар депутаттар Келдибековду үй камагына чыгарбоо өлкөдө кырдаалды курчутат деп эскертишти. Маселен, “Ата-Журт” фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошева мындай деди:
- Башкы прокуратура кичине ойлонуш керек. Республикада абал оор. Бир чети электр энергиясын кымбаттатабыз деп элди дүрбөлөңгө салып алышты. Ошто газ жок. “Кыргызгазды” бир долларга сатып ийип, жашасаң жаша, жашабасаң өлүп кал дегендей мамиле кылып атат. Үчүнчүсү, ал аз келгенсип Ош шаарында суу жок. Энергетикага байланыштуу насостор иштебей калды. Минтип бара бере турган болсоңор, эл өзүнүн сөзүн айтат. Азыр Башкы прокуратуранын мыйзамсыз жасаган кадамдары менен дагы бир чоң чатакка алып келип койбогула деп эскертип атам.

Дагы бир депутат Исмаил Исаков кырдаалга төрага Асилбек Жээнбеков аралашуусун жана ал президент менен сүйлөшүп, маселени чечүүсүн сунуштады:

- Эми Батукаевге адвокат болгон прокурор, бүгүн аны (Келдибековду) камап отурганы элдин кыжырын келтирип, нааразычылыктарды күчөтүп жатат. Ошонун айынан эл көчөгө чыгып атат. Муну азыр колго алып, үй камагына чыгарып койбосо, иш оңунан чыкпайт.

Алайдагы жол тосуудан сүрөт баян, 29-май


Прокуратура өз кезегинде Акматбек Келдибековдун сотунун башталбай жатышын ал айыптоо иши менен таанышуудан баш тартуусу менен байланыштырууда.

Узап бараткан жумада коррупцияга байланыштуу дагы бир жаңжал чыкты. “Кыргызалтындын” башчысы Дилгир Жапаровду өкмөттүн макулдугусуз “Центерра голд инкке” дивиденд катары 2013-жылы декабрь айында 200 млн. доллар которуп жиберген деп Башкы прокуратура камакка алды. “Центеррада” эң көп акциясы бар Кыргызстанга болсо ал жылы 13 млн. доллардай дивиденд төлөнгөн. Дегеле башка иштериндегидей эле дивиденд төлөөдө да “Центеррада” ырааттуулук жана айкындуулук байкалбайт. Маселен, 2011-жылы 371 млн. доллар таза киреше алган “Центерра” Кыргызстанга 30 млн. доллар дивиденд төлөсө, 2012-жылы 9 млн. доллар төлөгөн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG