Мамытов: Мени “наркобарон” да, “шпион” да кылышты
Эгемен Кыргызстанды башкарган үч президенттин тушунда тең коопсуздук иштери боюнча мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген, "Ар-намыс" фракциясынын депутаты да болгон Токон Мамытов акыркы жылы кызматтан кызматка тездик менен көтөрүлгөн жана кызматынан күтүүсүз кеткен кадрлардын бири болду. Өкмөттүн жаңы курамына кирбей калган экс-вице-премьер-министр менен "Азаттык" эркин маек курду.