Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

Ташиев: Күчтүү саясатчыларды тартабыз


Оппозициялык маанайдагы “Бүтүн Кыргызстан” менен “Ата Журт” партиялары биргелешип иштөө чечимине келишти.

Биригүү максаты, мындан кийинки кадамдар туурасында “Ата-Журт” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев кеп салат.

Маекти толугу менен ушул жерден угуңуз




"Азаттык":
Камчыбек мырза, ошентип эки партия биригүү чечимине келди. Эми мындан кийинки кадамдар кандай болот?

Камчыбек Ташиев: Эң негизги маселе - биригүү чечимин кабыл алдык. Мындан ары бир партияга биригебизби, же жаңы партия түзөбүзбү, аны сүйлөшүүлөрдүн негизинде жакынкы күндөрдө чечебиз. Ал эми биригүүнүн негизги максаты – акыркы 4-5 жылдан бери иштеп жаткан мамлекетти бөлүп-жаруу идеясын токтотуу. Ар ким өзүнчө саясатчы, өзүнчө башкаруучу, өзүнчө жетекчи, өзүнчө кыйын болуп атат. Биз ушул процессти токтотушубуз керек. Азыр биригүү, партияларды ирилештирүү процессине өтүшүбүз керек. Күчтүү-күчтүү саясатчылар биригип, бир идея менен кайсыл бир деңгээлде мамлекетти башкаруунун жаңы формаларын сунуш кылыш керек деп деп ойлойбуз.

“Азаттык”: Бул партия лидерлеринин гана бирүүгүсүбү, же жалпы партиянынбы?

Камчыбек Ташиев: Бул партия лидерлеринин кабыл алган чечимдери. Жакынкы күндөрү эки партиянын тең саясий кеңешинин өзүнчө чоң жыйындары болот. Ошол жерде бул чечимдерди дагы бир жолу тастыктайбыз. Андан соң “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата-Журт” партияларынын биргелешкен чоң курултайы болот. Ошол жерде биз мындан ары кантип биригерибиз тууралуу чечим кабыл алынат. Партия “Бүтүн Кыргызстан” же “Ата-Журт” деп аталып калабы, же башка жаңы партия түзөбүзбү, ошондо белгилүү болот. Биз оппозициялык маанайдагы партияларды жана жеке адамдарды бириктирүү процесси менен кетебиз.

“Азаттык: Жаңы партия түзүлүп калышы да мүмкүн экенин айтып атасыз. Сиздер “Ата-Журт” партиясынан депутат болуп келдиңиздер. Бул жагы кандай болот?

Камчыбек Ташиев: Ушул маселелердин бардыгы мындан ары талкуунун негизинде гана жүргүзүлөт. Балким жаңы партия түзүлбөй калаар, мүмкүн биз эки партиянын бирине биригип каларбыз.

“Азаттык”: “Бүтүн Кыргызстан” дагы, “Ата-Журт” дагы салыштырмалуу өлкө түштүгүндө көбүрөөк колдоо тапкан партиялардан. Бул аймактык бөлүнүү, түндүк-түшүк маселесин курчутпайбы?

Камчыбек Ташиев: Бул эч кандай түштүк-түндүк маселесин курчутпайт. Биз түндүк жергебизден дагы көптөгөн күчтүү саясатчыларды өзүбүзгө тартканга аракет кылабыз. Ар дайым эле түндүк-түштүк деп бөлүнө бергендин пайдасы жок. Сөзсүз түрдө биз мамлекетти бүтүн, бирдиктүү кармаганга жана бөлүп-жарбаганга аракет жасайбыз. Тескерисинче, бүгүнкү күндө бийликтегилер ушул маселени жасап жатат.

XS
SM
MD
LG