Парламентте негизги талкуу отчетко баа берүү маселеси тууралуу болду. 2017-жылы азыркы президент Сооронбай Жээнбеков, андан кийин Сапар Исаков премьер-министр болгон. Мухаммедкалый Абылгазиев өзү болсо биринчи вице-премьер-министр кызматында сегиз ай иштеген.
Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2017-жылдагы ишине баа берүү кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Маселен, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев эгер премьер-министрдин ишине "канааттандырарлык" деп баа берилсе, кийин укуктук маселе чыгышы ыктымал экенин эскертти:
- Эгер "канааттандырарлык" деп тапсак, анда биз Сапар Исаковду кайра жумушка алып келишибиз керек. Бул ушуга негиз берет. Эгер биз "канааттандырарлык эмес" деп баа берсек, бул Мухаммедкалый Абылгазиевге таасир этпейт. Бирок биздин аброюбуз эл алдында ачык болот. Биз Сапар Исаковду кызматтан ишиндеги кемчилик үчүн кетиргенбиз. Эгер "канааттандырарлык эмес" десек, анда Мухаммедкалый Абылгазиевге да жеңил болмок, таза барактан иштеп кетмек. Эгерде андай кылбай койсок - ишенгиле, күзүндө маселе чыгат.
КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров буга каршы болду. Ал 2017-жылы премьер-министр болуп иштеген азыркы президент Сооронбай Жээнбековго да сөз тийип калат дегендей пикирин кыйытты:
- Эгер жалпы көрсөткүчтөрдү салыштырып көрсөк, анда 2017-жылы мурдагыга караганда жакшыраак болгон. Бир канча фракция, коалициялык көпчүлүктө "канааттандырарлык" деп кабыл алганбыз. Бул Сапар Исаковго баа берүү эмес. Эгер муну премьер-министрдин жеке отчету дей турган болсок, анда азыркы президентибиздин отчету болуп калат. Ал ошол жылы премьер-министр болуп көбүрөөк иштеп жатпайбы.
Узакка созулган талкуу добуш берүү менен чечилди жана "канааттандырарлык" деп баа берүүгө көпчүлүк депутаттар макул болду.
Мухаммедкалый Абылгазиев жыйында чоң-чоң убадаларды берди. Ал Кумтөр боюнча соңку келишим тууралуу сунуш даярдап, аны Жогорку Кеңешке алып келерин белгиледи. Күзүндө премьер-министр өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу боюнча сунуш менен келе турган болду.
Депутат Сайдулла Нышанов премьердин Коргоо комитетин кайрадан министрлик кылып түзүү боюнча оюна кызыкты. Абылгазиев сөзсүз каралып чыгарын маалымдады:
- Мен жакында Беларуска президент менен барганда ал жерде Сергей Шойгу (Орусиянын коргоо министри - ред.) жана башка коргоо министрлери, генералдар турду. Биздики Башкы штаб деп бир барат экен, Коргоо комитети деп дагы өзүнчө барат экен. Ошол жерден биздин деңгээл менен тигилердин деңгээлин, бизге кылган мамилесин өз көзүм менен көрдүм. Мындай терс мамиле бар экен. Мен муну, байкаганымды президентибизге да айттым. "Бул жерде туура эмес болгон" деп Мыктыбек Юсупович да айтып жатат. Муну карап, сиздерге алып келели.
Абылгазиевге "Улуттук энергохолдинг" компаниясы тууралуу да суроо берилди. Өкмөт башчы "бул мекеме коомчулукту энергетикалык маселелерден алаксытуу максатында гана түзүлгөн, татыксыз, ишин билбеген жетекчилер дайындалган, кайра каралат" деген оюн айтты.
Премьер-министр мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, оптималдаштыруу иштери улантыларын кошумчалады. Ал кадр саясатындагы тандоо критерийлери, жол-жобосу иштелип чыгаарын билдирип, "оптималдаштыруудан бюджеттин чыгымдары 4 миллиард сомго чейин азаят" деп түшүндүрдү.
"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" өңдүү мамлекеттик компанияларда чоң суммадагы айлык акы коюп алган жетекчилерге чара көрүүнү сунуш кылды:
- "Мегакомдо" 1,5 миң киши иштейт экен. Алардын орточо айлыгы 66 миң сом экен. Он киши топ-менеджер экен. Алардын айлыгы жалпы айлык акы каражатынын он пайызын түзөт экен. Жетекчилер 20 миң долларга чейин алат экен. "Мегакомдо" жыл сайын бюджет бөлүгүндө 1,5 миллиард сом түшпөй калат. Бул компаниянын бир жылдык демөөрчүлүк жардамы 40 миллион сомго жакын экен. Ал маалыматты алсам, бул акчаны өзүнүн айылына, туугандарына, жердештерине берет экен. Ушул маселени өз көзөмөлүңүзгө алып, депутаттык комиссияга маалымат берип койсоңуз.
Премьер-министр бул маселе ушул тушта иликтенип жатканын айтып, эмки айда чечим кабыл алууга убада берди:
- Бул боюнча эки чоң чогулуш өттү. Сиз айтып жаткан көрүнүштөр бар. Мен алардан: "Кайсы критерий менен ушундай айлык коюлуп жатат?" деп сурап жатам. Аны биздин Мамлекеттик мүлк фонду башкарат. Анан фонддун жетекчиси кандай сунуш чыкса ошондой айлык коюп берип жатат. Биз болсо "мамлекеттик ишканада иштей турган болсоң - экономикага жараша, шартына жараша айлык коюп берели" деп жатабыз. Чет өлкөлүк компанияга салыштырып айлык коюп алганына мен өзүм да каршымын. Июль айында ушунун баарын чечебиз.
Андан сырткары премьер-министр жеке ишкерлерди текшерүүгө эки-үч жыл мораторий киргизүүгө, каржы институттары менен тыгыз иштешип, иннвестициялардын отчеттуулугун ачык-айкын кылууга убада берди. Ал экспорт менен алектенген ишканаларга каражаттан колдоо көрсөтүлөөрүн, аткезчилик менен аёосуз күрөш жүргүзүлөөрүн, экономика көмүскөдөн чыгарылаарын айтты. Абылгазиев ошондой эле аймактардагы сугат, таза суу долбоорун ишке ашыруу, жол салуу, мектептердин баарын Интернет менен камсыз кылуу, бала бакчалардын санын көбөйтүү пландалып жатканын белгиледи.
Өкмөт башчы мамлекеттик мекеме-министрликтерде, жергиликтүү бийлик органдарында аялдарга жана майып адамдарга берилген квота сакталаарын билдирди. Ал ишти өзүнүн аппаратынан баштай турганын айтып, анда "кеминде беш пайызы майып адамдар иштеши керек" деген жобо аткарылаарын кеп кылды.
Анткен менен депутат Жанар Акаев ири экономикалык долбоорлордун жоктугуна, инвестициялык климаттын начардыгына көңүл бурду:
- Азыр көп кытай инвесторлору Өзбекстанга кетип жатат. Кытайдан инвесторлор Кыргызстанга келиши үчүн виза алайын десе, акча сураган органдар бар экен. Сизге өзүңүзгө бул боюнча да маалыматтарды берем. Эгерде ал Кыргызстанга келе электе эле биз акча сурап жатсак - бул жакшы мамиле эмес. Коррупция боюнча бир топ мыйзамсыз иштеген, тендерлерди мыйзамсыз өткөргөн, көп катачылыктарга жол берген жетекчилерди биз сизге айтып бердик, чара көрөсүз деп ойлойм. Коррупция менен күрөшүп жатабыз, бул деле эки-үч айдан кийин эле бүтөт. Экономикалык чоң секирик, чоң дымак жок. Чоң ишканалардын пайдубалы курулбай жатат.
Мухаммедкалый Абылгазиевге чейинки премьер-министр Сапар Исаков 19-апрелде кызматтан кеткен. Ага Жогорку Кеңеш ишеним көрсөтпөй койгон. Мурдагы өкмөт башчыга негизинен Кумтөр, Тогуз-Тородогу соңку жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, Бишкек ЖЭБдеги кырсык, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жана башка маселелер боюнча дооматтар коюлган.