Талкууга “Оппозициянын ишмердиги жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоорун даярдап жаткан депутаттык топтун өкүлү, Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештеги азчылыктын курамындагы “Республика” фракциясынын мүчөсү, депутат Курманбек Дыйканбаев, саясат таануучу Санжар Тажыматов катышты.
“Азаттык”: Албетте, Кыргызстанда оппозиция жок дегенге эч ким ишенбейт. Бирок бир топ эксперттер азыр Кыргызстандын оппозициясы классикалык үлгүгө жооп бербейт, бийликке таарынгандын бардыгы оппозицияга кетип, кайра бийлик алуу үчүн күрөштү баштайт, бирок жаратман, системага салынган оппозиция жок, ал качан пайда болору да белгисиз деп талашып-тартышып жатышат.
Оппозициянын ишмердигине байланыштуу мындай талаш-тартыштын азыркы тапта жанданышына коалициялык көпчүлүктөгү “Ар-намыс” фракциясынын депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам долбоору себеп болууда. Бул мыйзам ишке кирип калса бүгүнкү оппозициянын реалдуу турмушуна өзгөртүү киргизе алабы?
Санжар Тажыматов: Эксперттерге мен кошулам. Эгемен Кыргызстан тарыхында оппозициянын классикалык үлгүсү жокко эсе. Бул эми бизди туңгуюкка алып барып такабайт. Себеби эгемендикке болгону 21 жыл болду. Трагедияга чейин жеткен саясий процесстердин бардыгын өз башыбыздан кечирдик.
Эми парламенттик системага өткөнү жаратман оппозициянын болушу бүгүнкү күндүн талабы болуп турат. Белгилүү деңгээлде ошол мыйзам базасы жакшы иштелип чыкса, оппозициянын иштешине жакшы шарт түзөт. Бирок бүгүнкүгө чейин оппозициянын маданияты, биздин саясий системадагы иш алып баруу ыктары, шыктары бүгүнкү саясатчыларда жетишсиз. Мыйзам чыкса ошол оппозициянын маданиятын калыптоонун бир жакшы кадамы болор эле. Анан оппозициянын ишмердигин чектөөгө бул мыйзам жол бербейт деп ойлойм.
Курманбек Дыйканбаев: Опозициялык мыйзамга бүгүн муктаждык жок. Себеби Баш мыйзамда оппозициянын орду бар. Регламентте да оппозициянын укугу белгиленген. Эгер аймактардагы оппозицияны алсак, андай оппозициянын тамыры жок, ошондуктан, мыйзамга муктаж эмес.
Мыйзамсыз эле оппозицияда туруктуулук жок дегенге кошулам. Мына кечээ эле оппозицияда жүргөн "Ар-намыс", "Ата Мекен" - коалициялык көпчүлүктө. Кечээ бийликте жүргөн "Республика" бүгүн оппозицияда. Жаңы жылдан кийин, мисалы, коалиция кайра түзүлүп, көпчүлүккө кирип калса оппозициялык саясаттан кетишке муктаж болот. Ошон үчүн менимче, системалык оппозиция жок Кыргызстанда.
Турсунбай Бакир уулу: Биринчиден, бул жалгыз мыйзам эч нерсени өзгөртпөйт. Ал башка мыйзамга таянып күчүнө кирет. Экинчиден, бул мыйзам күчүнө кирсе туура эле болот. Бул мыйзам да башкаларга окшоп иштебей калат деп кооптонуп атышат.
Бүгүн оппозиция жөнүндө мыйзам жок. Ошон үчүн оппозиция эмне кылаарын билбей, бир күн өзүн оппозиция жарыялайт, бир күнү башкага биригип кетет. Үчүнчүдөн, бул мыйзамды жазган Феликс Куловдун “Ар-намыс” партиясы 1999-жылы түзүлгөн. Мен төрагалык кылган “ЭрК” партиясы 1990-жылы түзүлгөн. Биз көпчүлүктүн коалициясына киргенибизге карабастан ушу оппозициянын ишмердигин бир нукка салалы деп ушу долбоорду жаздык. Бүгүн иштебесе да, эртең оппозициянын калыптануусуна жардам берет деген ишенич бар.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз