Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Жаңы кыймыл талапкерлерди тандайт


Бишкекте президенттик шайлоону утурлай дагы бир "Элдик талапкер" деген аталыштагы коомдук-саясий кыймыл түзүлдү.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттарынан жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер башында турган кыймыл 5-июлдагы уюштуруу жыйынында президенттик шайлоого бир талапкерди сүрөй турганы маалым болду.

Саясий талдоочулар президенттик шайлоону утурлай өлкөдө ар кандай саясий кыймылдар түзүлүп, кайсы бир талапкерди сүрөөнгө алуу максатын көздөгөн аракеттер күчөгөнүн айтып жатышат.

Жаңы түзүлгөн саясий кыймылдын уюштуруу жыйынына Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Мукар Чолпонбаев, Бөдөш Мамырова, Улукбек Кочкоров, мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев баштаган саясатчылар, жарандык активисттер катышып, негизинен президенттикке аттанган талапкерге коюлган талаптардын тизмесин талкуулашты.

Тактыга талпынгандар көп

Тактыга талпынгандар көп

Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийлик партиясындагы кызыкчылык топторунун ортосунда айыгышкан, тымызын кармаш күч алды.

Кыймылды түзүүчүлөрдүн бири, экс-депутат Улукбек Кочкоров президенттик шайлоодо уюмдун талаптарына төп келген талапкерди колдошорун айтты.

- Элдин келечегин алып кете аламбы, элиме, мамлекетиме кыянатчылык кылбадымбы деген сыяктуу 12-13 суроого жооп бериши керек. Ушуга окшогон талаптарга жооп бергендер гана өлкөнү башкарууга моралдык укугу бар деп ойлойм.

Ал эми уюмдун түзүүчүлөрүнүн дагы бири, мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев жакында "Элдик талапкер" кыймылынын өз талапкери белгилүү болот деди.

- Президенттикке татыктуу талапкерди тандап, "Элдик талапкер" кыймылы жакынкы күндөрү билимдүү, мекенчил жаңы талапкер алып чыгабыз деген оюбуз бар.

Аманбаевдин айтымында, жаңы түзүлүп жаткан кыймыл буга чейин белгилүү болуп калган бир да талапкерди колдобойт.

Уюштуруу жыйынында азыркы бийликтин саясаты сынга алынып, өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү бирдиктүү бир талапкерди алып чыгып, сүрөөнгө алуу чакырыктары да айтылды.

Күчтүү саясий уюмга айлана алабы?

"Элдик талапкер" - аты белгилүү болуп калган саясатчылар тобунун башын кошкон алгачкы саясий кыймыл эмес. Муну талдоочулар президенттик шайлоо алдындагы кадыресе көрүнүш деп, саясий соодалашуунун бир формасы катары баалап жатышат. Мындай көз карашты кармангандардын бири саясат таануучу Марс Сариев:

- Кыргызстанда саясат бизнеске айланбадыбы. Ушундай саясатчылардын топтору түзүлүп электорат, күч топтоп, анан талапкерге сунушташат. Анан ал өтүп калса материалдык жардам же кызмат орун деп соодалашат.

Анткен менен аталган кыймылдын алгачкы жыйына катышып, байкоо салган серепчи Сейтек Качкынбаев саясий уюмдардын көп болушу ачык сын, альтернативалык пикирлерди айтууга аянтча болоорун белгилейт. Бирок ушул сыяктуу кыймылдардын күчтүү саясий топко айланарына ишене бербейт.

- Активисттер, кайсы бир саясий уюмдар чогулуп сүйлөшкөнгө, бириккенге аракет кылып жатканы табигый жана жакшы көрүнүш. Ушул жагынан алып караганда жакшы. Бирок реалдуулугу башка маселе. Мен бул жерден ар кандай пикирдеги кишилерди көрдүм. Алардын биригиши кыйын го?

Кыргызстанда 2011-жылкы президенттик шайлоого 86 киши талапкер катары катталган. Бирок шайлоо датасы жакындаган учурда жарыштан чыгып башка талапкерди колдоп кеткендер болгон. Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бүгүнкү күнгө карата БШК президенттикке ат салышам деген 15 адамдын арызын кабыл алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG