Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:24

Матраимов экс-президентке жооп кайтарды


Алмазбек Атамбаев жана Райымбек Матраимов.
Алмазбек Атамбаев жана Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айыптарына жооп кайтарды.

Матраимов атасынын элесине арналган Кара-Сууда өткөн иш-чарага токтолуп, аны "Атамбаевге таандык басылмалар көбүртүп, каралаганын" айтты. Ал спорттук иш-чара мурдатан эле өтүп келгенин, ага Атамбаев өзү да мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов баштаган топту жөнөткөнүн билдирди.

1-майда Кара-Суу районунда Матраимовдор атасынын элесине арналган волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеш өткөргөн. Ага Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, фракция лидерлери Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Батырбеков, депутаттар Жанарбек Акаев, Руслан Казакбаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Канатбек Исаев жана башкалар катышкан.

Иш-чарадан тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга түштү. Интернет колдонуучулар иш-чарага катышкан депутаттардын жана мамлекеттик кызматкерлердин моралдык жоопкерчилигин сынга алышкан.

Матраимов кечээ чыккан кайрылуусунда өзүнүн карьералык өсүшүнө да токтолуп, экс-президенттин тушунда жогорку кызматтарга көтөрүлгөнүн айтып, Атамбаевге кайрылды.

«​Сиздин командаңызга кошулганга чейин жөн гана Райымбек болсом, кийин эле сиз “Райым миллион” атка кондурдуңуз. Алланын колдоосу жана жеке аракетим менен бажы тармагында катардагы инспекторлук кызматтарды басып өтүп, Ош бажысынын башчылыгына чейин жеттим. Кийинчерээк сиздин жеке колдооңузга, ишенимиңизге арзып, жыл сайын мамлекеттик план-тапшырмаларды аткарып, иштеп жүрдүм. Өз кезегинде аткарган ишимди жогору баалап, жеке өзүңүздүн жана жакын кишиңиз, Икрам досумдун колдооңуз аркылуу Бишкекке которулдум. Борбордо да сизди уят кылбай иштедим. Командаңызда эң ишенимдүү адамдардын бири болуп жүрдүм, дегеле 2010-жылдан тарта сизге жана сиз колдогон партияга ар тараптуу көмөгүмдү берип, колдоо көрсөтүп келдим. Аягында айтарым, мага карата каралоону токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбаймын. Сиз менен күрөшүүгө жетиштүү маалыматтарым бар жана күч-кубатым жетишээрлик»,-деди Райымбек Матраимов.

Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаев менен үй-бүлөлүк катышта болгонун, ага карабай “экөөнүн ортосун кара мышык аралаганын” кошумчалады. Матраимов келишпестиктер 2017-жылдын октябрь айында кайнежеси менен Атамбаевдин кызы орун талашып уруша кеткенден кийин башталганын эске салды.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген. Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан.

Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 28-декабрында Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

"Раим миллион" элитаны жыйнады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00

49 жаштагы Райымбек Матраимов өлкөдөгү эң бардар адамдардын бири катары сыпатталып келет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү бийликте турганда бажыдагы жооптуу кызматта иштеп кеткен Матраимовду «бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды түзгөн» деп айыптап, азыркы бийликти «анын мыйзамсыз иштерине көз жуумп келет» деп сындап чыккан.

«Апрель» телеканалына курган маегинде экс-президент Матраимовду президент Сооронбай Жээнбеков менен ачык байланыштырган.

«Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековдун өтүнүп, суранганына карабай, Райымбек Матраимовду кызматтан алган. Мага Сапар 23-ноябрда телефон чалып "Сооронбай Жээнбеков Райымды кызматтан алба деп суранып, жалдырап жатат" деп айткан. Ошондуктан бул Сапар Исаковдон “Райым” үчүн өч алып жатышат. Анын тилин албай койгону үчүн камалды. Кубанычбек Кулматов болсо бажы тармагын Райымдын адамдарынан тазалай баштаганы үчүн камалды. Ал бир эле Райымдын эмес, Жээнбековдун да адамдары болгон. Аларды тазалагандан кийин Ош бажысында бир күндө эле бажы төлөмдөрү 10 эсе көбөйгөнү эсиңиздердеби? Ошондуктан Кулматовду орус паспорту, мектеп үчүн эмес, кайсы бир адамдарды “камсыздап турган” Райым үчүн өч алуу максатында камашты».

Көп өтпөй президент Сооронбай Жээнбеков да Матраимов боюнча пикирин билдирип, "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү Райымбек Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштириле турганын убада кылган. Басма сөз жыйынында Жээнбеков Матраимовдун мүлкү боюнча кеп-сөздөрдүн чын-бышыгын такташ үчүн текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

«​2010-жылдан бери Райымбек Матраимов тууралуу эч ким сөз кылбай, сөз кылса деле көңүл бурбай келбеди беле. Мен кызматка келгенде эле аны "коррупционер, Жээнбековдун жакыны" деп чыгара калышты. Ал мага чейин эле иштеген, мен келгенден кийин иштен алып коюшту. Азыр соттошуп жатат, өткөндө соттон утуп алыптыр, аны да менден көрүштү. Матраимовдор кандай гана шайлоо болбосун, КСДП үчүн жан дили менен иштеп беришкен. Искендер Матраимов КСДПнын мүчөсү, ушул партиядан депутат болду. 2010-жылы иниси Тилек Матраимов аким болуп, ошондон бери КСДПга иштеп келе жатат. Алар сегиз жыл жакшы болушуп, мен кызматка келгенден кийин эле жаман болуп калабы?»

Райымбек Матраимовдун бир туугандары акыркы кезде бир катар жогорку кызматка дайындалганы бир топ сынды күчөткөн. Маселен, мурдагы бажычынын агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болсо, дагы бир агасы Тилек Матраимов - өлкөдөгү эң ири Кара-Суу районунун акими.

Иниси Ислам Матраимов анын мүлкүн текшере турган Финполициянын ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгын жетектейт. Бирок Матраимовдор мындай даражага ак эмгектин арты менен жеткенин айтып жүрүшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG