Буга саясатчы Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Соттун абактагы Өмүрбек Текебаевдин талапкер катары катталуусу үчүн мамлекеттик тилден сынак берүүгө шарт түзүү чечимин аткарбаганы негиз болот деп эсептейт.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова болсо кызыкдар тарап ал чечимди бурмалап жатат деп айыптап, сот БШКга маселени кароо жагын гана милдеттендиргенин белгиледи. БШК 10-август күнү Текебаевдин сынак тапшыруусун камсыздоодон баш тарткан чечим кабыл алган болчу.
БШК легитимдүүлүгүн жоготтубу?
Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Өмүрбек Текебаевдин тил сынагына катышуусу камсыздалбай жатканына байланыштуу анын аракеттерин мыйзамсыз деп тааныган Бишкек райондор аралык сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган.
Бирок Жогорку Сот Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ал чечимде президенттикке талапкер Текебаевдин кыргыз тилинен тесттен өтүүсүнө шарт түзбөй жатканы үчүн БШКнын аракетсиздиги мыйзамсыз деп көрсөтүлгөн.
БШК бул маселени 10-августта карап, Текебаевге сынак тапшырууга шарт түзүүдөн баш тарткан.
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШК Жогорку Соттун чечимин четке какты деп эсептеп, анын бейтараптыгы шек жаратканы боюнча билдирүү жасады:
- Жогорку Соттун чечимин Борбордук шайлоо комиссиясы аткарбай коёт деген бул маскарачылык. Демек бизде Конституция дагы жок, Жогорку Сот дагы жок, мыйзам дагы жок деген сөз. БШКнын Жогорку Соттун чечимин четке кагып жатканы бул - "Биз шайлоону каалагандай өткөрүп, каалаган кишибизди жеңүүчү катары тааныйбыз" деген белги. Муну бийлик менен байланышы жок бардык талапкерлеге берилген эскертүү десек болот. Биз, талапкерлер баарыбыз биригип, жыйын өткөрүп бир пикирге келишибиз абзел. Шайлоонун "чү" деп башталганда эле алгачкы кадамы мына ушундай болсо, анда анын аягы дагы арамдык менен бүтөт. Мен расмий түрдө талапкерлерге кайрылам. Эгерде алар эл башкарам, мамлекет башкарам, мыйзамдуулукту орнотобуз десек, анда биз баарыбыз бир кишидей болуп туруп, "мындай шайлоонун бизге кереги жок" деген негизде бул шайлоодон баш тартышыбыз керек.
Саясий эрктин сыноосу
Ошол эле кезде президенттикке талапкерлигин коюп жаткандардын айрымдары Адахан Мадумаровдун бул саясий билдирүүсүн популисттик кадам катары баалашты.
Президенттик жарышка чыгып жаткан укук коргоочу Токтайым Үмөталиева талапкерлер бардыгы биригип туруп, шайлоого катышуудан баш тартып, ага жалпылап бойкот жарыялоого саясий эрки жетпесин белгиледи:
- Бул эми жөн эле популизм. Биринчи мына ошондой дегендер талапкер болуп катталып алсын. Мына ошол талапкерлер катталгандан кийин ошондой доомат коюп, талапкерлик мандаттарын ыргытса бир жөн. Чогуу-чаран биригип алып, андай кадамга бара турган саясатчылар аз. Азыр эми президенттикке талапкер катары катталуу үчүн кол чогулта албай жатабыз. Отуз миң адамдын колун топтоо деген оңой эмес.
Сот чечими эки ача чыктыбы?
Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШК Жогорку Соттун чечимин мыйзам чегинде аткарганын айтып, түшүндүрмө берди. Анын айтымында, Өмүрбек Текебаевдин ыйгарым өкүлү Бишкек райондор аралык сотуна эки маселе боюнча даттанган. Анда биричи маселе боюнча баш тартылып, Текебаевдин талапкерликке катталуу үчүн тест тапшыруу маселеси каралбай жатканы БШКнын аракетсиздиги жана мыйзамсыздык деп табылган.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул жерде соттун чечими бурмаланып жатканын айтып, мыйзам бардыгы үчүн бирдей экенин белгиледи:
- Жогорку Сот райондор аралык соттун чечимин гана күчүндө калтырды. Анда Текебаевдин өкүлү Жолдошбековдун талабын аткаруудан баш тартылган. Анан сот болгону экинчи маселедеги БШКнын бул маселени карап, "оң" же "терс" деп чечим кабыл албаган аракетсиздигин гана мыйзамсыз деп тапкан. Мына ошондуктан биз кечээ бул маселени карап чыгып, Жолдошбековдун арызын аткаруудан баш тарткан чечим кабыл алдык. Бул жерде мыйзамдын жана соттун астында бардыгы бирдей болууга тийиш. Шайлоо мыйзамдары жана кылмыш-процессуалдык укук деген бар. Ал дагы мыйзам. Мына ошол мыйзамдын алкагында кимдир бирөөгө өзгөчө шарт түзүлсө, анда бардыгына мына ошондой эле шарттар түзүлүшү кажет. Бул эми соттордун укугундагы маселе.
Бирдей шарт принциби бузулдубу?
Текебаевдин тилден сынак тапшыруусун камсыздоо маселесин кароодо Борбордук шайлоо комиссиясынын тогуз мүчөсү андан баш тартуу чечимине добуш берди.
БШКнын калган үч мүчөсү муну мыйзамсыздык деп эсептеп, жумушчу топтун чечимине каршы добуш беришти. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов президенттикке талапкерлердин шайлоого катышуусуна бирдей шарттарды түзүүнү караган шайлоо мыйзамынын талаптарын көтөрүп чыкты.
Назарали Арипов эгерде талапкердин конституциялык укугун камсыздоочу мына ошол беренелер иштебей турган болсо, анда аларды мыйзамдан алып салууну сунуштады:
- Биз талапкерлердин бардыгына бирдей, тең шарттарды түзүп берүүбүз керек. Биз аны кандай кылышыбыз керек эле? Мына бул колумдагы документ - бул биздин негизги иш алып бара турган мыйзам. Бул мыйзамдын үчүнчү беренесин эмне кылабыз, чийип салабызбы? Алтынчы беренеде дагы талапкердин укугун камсыздоо талабы турат. Анда үчүнчү жана алтынчы беренелери ашыкча жазылып калган болуп калабы? Бул беренелер Текебаев үчүн иштебейт экен. Анда ал эки берененин экөөнү тең эле бул мыйзамдан алып эле салалы. Борбордук шайлоо комиссиясында алтынчы берененин үчүнчү пункту иштебейт деп жазып коюшубуз керек.
Президенттик жарышка аттанып жаткан Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев сыяктуу талапкерлердин шайлоо штабдарынан БШКнын Жогорку Соттун Текебаев боюнча чечимине байланыштуу бир жактуу позициясын билдирүүгө азырынча шашылбай турганын кабарлашты.
Жогорку Соттун маалымат кызматы болсо аталган сот чечими расмий чечмеленбей турганын белгилеп, аны тактоо даттанган тараптардын кайрылуусуна байланыштуу болорун жарыялады.