Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

12:10 24.11.2018

Медеткан Шеримкулов: Биздин чоң катабыз мыйзамды сыйлабай ар бир келген президенттин сөзүн мыйзамдан өйдө коюп келе жатабыз. 2020-жылга чейин жаңы Конституция кабыл алышыбыз керек. Президенттикпи же парламенттик башкаруу болобу бийлик бутактарынын милдеттерин бөлүштүрүп албасак, талаш-тартыштар улана берет.

12:08 24.11.2018

Курултайда саясий ишмер Медеткан Шеримкуловго сөз берилди. Ал мамлекеттеги башаламандыкты токтотуу үчүн жаңы Баш мыйзам жазууну сунуштады. "Мыйзам - бул ар бир адамдын тагдыры, келечеги. Ошон үчүн Конституциябызды жөнгө салып, кайра жаңы жазалы", - деди Шеримкулов.

11:59 24.11.2018

Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев улуттук нарк-насилди сактоого чакырды. Кыргызстан мөңгүнүн, таза суунун зонасы катары статус алуу керектигин, быйылкы жылды экология жылы деп атоону колдорун айтты.

11:45 24.11.2018

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан курултайга келген жок.

Бул иш-чарага чакыруу жөнөтүлгөнүн жарандык активист Адил Турдукулов билдирген.Бирок КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева "Бул чогулуш Алмазбек Шаршенович бара турган жыйналыш эмес. Чыныгы коомдун өкүлдөрү болгон демилгечилер четте калып, жеке максаттарын көздөгөн уюштуруучулар басымдуулук кылганы оркоюп эле көрүнүп калды" деп жооп берген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG