Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:29
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

11:21 24.11.2018

Равшан Жээнбеков: Каалайбызбы же каалабайбызбы Медеткан Шеримкуловдун убагында күчтүү парламент болгон. "Ата-Журт" партиясын Акматбек Келдибеков жетектеп турганда бийликке күчтүү оппозиция болгон. Ошондой парламент болушу керек. Өткөн президенттер менен күрөшүү жеңил. Биз бийликти бир колго топтоого жол бербешибиз керек. Кыргызстанда 27 жылдан бери бийлик бутактарындагы тең салмактуулук сакталган эмес. Азыркы бийликтин тушунда да сакталбай жатат. Эгер азыркы бийлик муну жөнгө салбаса, Атамбаевдин тагдыры, Бакиевдин тагдыры учурдагы бийликти да күтүп турат.

11:18 24.11.2018

Равшан Жээнбеков: Биз эркин мамлекет курушубуз керек. Бир дагы президентке, бир дагы партияга бийликти монополияга айлантып, бир колго жол бербейли. Түштүк Кореяда былтыр парламент президентке импичмент жарыялады. Түштүк Корея президенттик мамлекет, парламенттик эмес. Бизде ошондой парламент барбы? Ошол парламентти колдогон күч органдары барбы? Албетте жок.

11:15 24.11.2018

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков бийлик бутактарынын тең салмактуулугу, өлкөнүн келечеги, экономикалык маселер боюнча доклад жасап жатат. Ал курултайды өткөрүүгө бийлик менен диалогго барганын айтты.

Ал бул жолку курултай башкача өтүп жатканын, буга чейинки иш-чараларда бут тосуулар, провакациялар болуп келсе бул жолу андай терс көрүнүштөр жок экенин белгиледи.

11:02 24.11.2018

Азимбек Бекназаров саясий туткундар боюнча маселе көтөрдү. "Атамбаевдин убагында саясий туткун болгондордун иши кайра каралышы керек", -деди ал.

Бекназаров 2010-жылы бийлик алмашканда бир катар саясатчылардын иши кайрадан каралганын айтып, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG